1-августтан тарта айдоочулар жанында үч документти ала жүрүшү керек болот. Алар: айдоочулук күбөлүк, автоунаанын техникалык паспорту жана салыкты төлөгөндүгү тууралуу квитанция. “Милдеттүү керектүү документтердин ичинен транспорттук каражатты башкарууга болгон ишеним кагазы жоюлат”,- деди Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү Эдил Исраилов.
Өкмөттүк аппараттын өкүлү Егор Скобеевдин айтымында, эгерде машина жол кырсыгына кабылса, аны ким башкарганына карабастан, жоопкерчилик унаанын кожоюнуна жүктөлөт. “Азыр көпчүлүгүнүн кыймылдуу мүлккө карата укугу жок, анткени унааны каттоо үчүн салык жогору болчу. Эми каттоонун баасын беш эсеге төмөндөтүп, ал орточо 1000 сомдун тегерегин түзүп калат”,- деди ал.