“Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев: “Мегакомдон” чыгарылып кеткен 2 миллион доллар Германиядагы фирманын эсептерине которулган. Алар Роза Отунбаева менен Азамат Мурзалиевдин уулдарына тиешелүү экен”,- деп чыкты.
Ал эми экс-президенттин уулу Атай Садыбакасов Азамат Мурзалиевдин уулу менен тааныш эмес экендигин, атүгүл анын баласы бар экенин да билбесин жарыялады. “Кайдагы 2 миллион доллар жөнүндө сөз жүрүп жатат? Мен түшүнбөй турам. Мен Камчыбек Ташиев менен да тааныш эмесмин жана ага эмнеге тоскоол кылып жатканымды да билбейм”,- деди Атай Садыбакасов.