Кыздарды күч колдонуп ала качкан жарандарга жазаны күчөтүп, аларды 10 жылга эркинен ажыратуу демилгеси Жогорку Кеңеште көтөрүлүп жатат. Депутат Айнуру Алтыбаева: “Мурда турмушка чыгууга мажбурлоо анча оор эмес кылмыш болуп саналса, жаңы мыйзам долбоору боюнча, адамды уурдоо катары оор кылмыштын түрүнө кирип калат”,- дейт. Депутат көпчүлүк ала качуу жолу менен турмушка чыккан кыздар сотко кайрылышпай турганын, мисалы, 2007-2009-жылдар аралыгында сотко 71 гана кылмыш иши келгенин кошумчалады.
Эл өкүлү Курмантай Абдиев ала качкандарды 10 эмес, 7 жылга соттоо туура болорун айтты. Бул мыйзамдын терс жагын айтып чыккан депутат Надира Нарматова болду. “Эгер бул мыйзамды кабыл алсак, айрым жигиттер күнөөсүз эле жоопко тартылып калышы мүмкүн. Турмуш курууну көздөгөн жаштардын келечегине коркунуч жаратышыбыз да ыктымал. Ошондой эле кызы көп үй-бүлөлөргө зыян алып келип коёбуз”,- деди эл өкүлү.