КЫРГЫЗ ХОККЕЙИ: ЖОМОКПУ ЖЕ ЧЫНДЫКПЫ?

Хоккей оюну көп мезгилдер бою кыргыздар үчүн экзотика болуп келгендиги маалым. Бирок соңку мезгилде өлкөбүздө хоккейдик беттештердин өтүп келаткандыгы жаңылык эмес болуп калды. Андыктан бүгүн жаңыдан бутуна туруп келаткан кыргыз хоккейи тууралуу кеп кылмакчыбыз.

Жумгал –кыргыз хоккейинин мекени...

Бүгүнкү күндө кыргыз хоккейи Жумгалдан башталгандыгын эч ким тана албайт. “Ааламга кетчү жол айылдан башталат” дегендей, кыргыз хоккейи да чаектиктердин эрмеги болчу. Баары кадимки жаштардын көчө оюнунан башталган. Ал мезгилде (ХХ кылымдын 70-жылдарынын ортосу) биз хоккейдик держава – СССРдин курамында элек. Ошондо советтик бардык республикалардын жашоочуларындай эле чаектиктер сыналгыдан хоккей боюнча Дүйнө жана Европа биринчиликтерин үзбөй көрүшүп, эл арасында хоккей аябай популярдуу болчу. Айылдык жаштар теледен көргөн кумирлеринин ар бир кыймылын кайталап, алардай болууга аракеттенишчү. Бирок алардын кийими атактуу хоккей жылдыздарынын экипировкаларынан түп тамырынан айырмаланган. Клюшкаларды тал-теректин ийилген бутактарынан жасашып, шайба ура турган жагына алакандай фанерадан кошумча кошулчу. Шайбанын ордуна резина менен оролуп бекитилген талдын жоон бутагынын тегерек кесиги колдонулган. Бутка болсо орустун калың кийиз чокоюна “снегурочка” конькиси кайыш менен бекем таңылып, ал сууга 5-10 мүнөткө чейин кармалганда суу ичине кирбестен тоңуп калчу да, жазга чейин жетчү. Эл агартуунун отличниги, байзактык Жаныбек Абдыразаковдун айтымында, оюнчу-уста Кайрат Макеев алгачкы темир дарбазаны тор менен жасаган. Ал эми мугалим-машыктыруучу Каныбек Кулманбетов бетке кийген бет капты зымдан токуп, калың бышык кийизден талуу жерлерге, тизеге, чыканактарга калканчтарды ойлоп тапкан. Хоккейге ылайыктуу кош миздүү бийик конькилер алынып келинип, хоккейчилердин толук спорттук формасынын алгачкы түрү пайда болду. Албетте, бул хоккейдин эң жөнөкөй түрү болчу. Бирок убакыт тастыктап тургандай, ал кыргыз хоккейинин башаты болуп калды. Мына ушинтип айылдык энтузиасттар хоккей ойноону муундан муунга улап келишкен. Клюшка мурас катары атадан балага, улуу агасынан кичүүсүнө өтүп, хоккей оюну калыптана баштаган.

...Шортон – алтын бешиги

Айта кетчү нерсе, кыргыз хоккейинин жаралышына чоң таасирин тийгизген дагы бир маанилүү фактор бар. Ал Чаектен бир нече чакырым аралыкта тоо боорунда жайгашкан Шортон көлү болуп саналат. Кышында 2 метрге чейин тоңгон табигый муз аянтчасы кыргыз хоккейинин бактысына жаралган десек жаңылышпайбыз.

Өкүндүргөнү, кыргыз хоккейинин мындай улуу жолу көз карандысыз Кыргыз мамлекетинин түзүлүшү менен токтоп калган. Анткени Союздун ыдырашы менен көптөгөн мамлекеттик ишканалар жабылгандыктан, жумушсуз калган айылдыктар күнүмдүк оокат менен алек болушуп, хоккейди ойлогонго жана ойногонго чамасы жок болчу.

Кайра жаралуу

Мындан бир нече жыл мурда “Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүү” деген идея орунсуз айтылган кептей сезилсе да, анын негиздүү экендигин убакыт көргөздү. Эгемендүүлүккө жетишкенден 7 жылдан кийин унутта калган кыргыз хоккейине көңүл бурула баштады. Бул максатта профессор Эркинбек Матыевдин фондунун алдында активисттердин “Фети-Грет” (дүйнөлүк хоккейдин легендалары орусиялык Вячеслав Фетисов жана канадалык Уэйн Гретцкинин атынан) спорттук клубу түзүлгөн. Натыйжада, атайын изилдөөлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары жумгалдык хоккей чеберлеринин колдоосуна ээ болгон. Ошентип, кыргыз хоккейинин кайра жаралуусу башталат. 2000-жылы Жумгал районунун спорттук комитети жогоруда аталган фондунун колдоосу астында хоккейдик мелдеш өткөрүү демилгесин көтөргөн. Бул эксперименталдык турнир жакшы таасир калтырып, «ата мекендик хоккей жашап кете алат» деген тарыхый чечим чыгарылган.

Өнүгүү жолунда

2007-жылы КРнын Хоккей федерациясынын түзүлүшү ата мекендик хоккейибиздин тарыхында маанилүү окуялардан болду. Аталган федерациянын ардактуу президенти хоккейдин өнүгүшүнө салымын кошуп келген коомдук ишмер Нурланбек Матыев болуп калган. 1 жылдан кийин жаш федерация расмий түрдө каттоодон өтүп, президенттигине ИИМдин полковниги Муратбек Жакыпов бекиди. Азырынча өлкөбүздө ХФнын каттоосунан өтүүгө 12 команда даяр турат. Ошондой эле “кийинки жылдан баштап Алайдан да команда түзүлгөнү жатат” деген маалыматтар бар. Өткөн жылдын декабрында ата мекендик хоккейибиздин өкүлдөрү Вячеслав Фетисовдун чакыруусу боюнча Москвага “Биринчи каналдын” кубогуна барып келишти. Аталган иш сапар жемиштүү болду десек жаңылышпайбыз. Анткени Орусиянын хоккей федерациясы гана эмес, Швеция, Финляндия, Чехия тараптар менен кызматташуу боюнча келишимдер түзүлдү. Учурда ХФнын күн тартибинде турган башкы маселе – Бүткүл дүйнөлүк хоккей федерациясына мүчө болуу. Учурда бул маселе чечилип, тиешелүү иш кагаздары даярдалууда. Ошондой эле болочоктогу пландарга борбор калаабызда эл аралык стандарттарга жооп бере турган муз ордосун ишке киргизүү бар. Азырынча КРнын ХФсынын мындай аянты жок. Болгону, долбоору гана бар.

Хоккей кийими канча турат?

Хоккейчинин жабдыгына коньки, клюшка, шлем менен визор, тизе жана чыканак коргогуч, кол кап, капа, чолок шым, жука чурайды жана моюнду коргогуч, свитер жана гамаш кирет. Хоккейде дарбазачылардын кийими оюнчулардыкынан айырмаланат. Тактап айтканда, кошумча дарбазачыга гана тиешелүү жабдыктары бар. Андыктан баалары да окшобойт. Алсак, КРнын ХФсынын маалыматы боюнча, Кытайда чыгарылган оюнчунун кийими орто эсеп менен 900, ал эми дарбазачынын кийими 1500 доллар турат. Айта кетчү нерсе, өлкөбүздөгү командалардын дээрлик баарында аталган профессионалдык хоккейдик экипировкалар жок. Болгону, бишкектик командаларда гана бар, ал дагы толук эмес.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kgjigit
2009-08-07 19:05:26
Чаектеги болуп откон турнирлер жонундо да жазып койсонуздар болмок экен
0
kgjigit
2009-08-07 19:06:29
"Шортон" командасы жонундо да жаза кетсениздер Сураныч....
0
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан