«Тамашоучу» Жеңиш Майрамбек уулу: «РЕВОЛЮЦИОНЕРМИН, УРУШ МЕНИН АЙЫМДАН ЧЫГАТ»

“Тамашоунун” 4-сезонунун вице-чемпиону “Моника Беллуччи” командасынын "фишкасы" – сөз жок Жеңиш. Ал – сахнада ар кандай окуяларга кабылып, чалынып-чулунуп эле жүргөн жүдөө, мажүрөө адамдын образын жаратканы менен, жашоодо тамашакөй жана жөнөкөй,тың бала.

Аты-жөнү – Майрамбек уулу Жеңиш
Туулган жылы – 1990-жыл, 10-май
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын ортончусу
Ойногон командасы – “Моника Беллуччи”
Лакап аты – Сквозняк (турган жерден жок болуп кетет)
Салмагы – Айтпайт! Уялат!
Бою – Эки жарым Мирлан Баеков
Хоббиси – Арыктоо, диета кармоо
Фобиясы – Рентген (таластык болгондуктан)
Кошумча өнөрү – Ишендирип тамашалай алганы
Өзүнө жаккан тамаша – “Чачтарач” – ал шедевр да!"

– Жеңиш, адатта маектешти чакырып алып көпкө күтөбүз. Сен чакырылган саатта кирип келдиң, дайыма таксыңбы?
– Негизи, мен кечигип эле басып жүрөм. Бирок “Супер-Инфо” чакырып калгандан кийин аябай даярданып, эрте келгенге аракет кылдым. Ойлойм, жөнөкөй кишилер гезитке чыга бербейт деп.

– Футболду жакшы ойнойт экенсиң. “Супер-Инфонун” кубогун алууга жакшы эле аракет кылдыңар...
– Аябай даярданып келдик эле, окшошпой калды.

– Эмнеси окшошпой калды?
– Никита окшошпой калды. Баары кыргыз болуп, Никита эле орус болуп калбадыбы. Анан дагы семиз дарбазачы дүйнөлүк стандартка жатпайт.

– Жеңилип калганыңарда кандай абалда болдуңар?
– Чынын айтсам, ыйлагыбыз келди. Негедир май айында көп ирет ыйлагым келип жүрдү. Футболдон жеңилип калып, “Тамашоунун” финалынан 0,1 балл менен утулуп калып ыйлагым келди. 10-майда туулган күнүмдөн кийин ичип алып ыйлагым келди.

– “Тамашоудо” өзүңөргө катуу ишенип алып эле жакшы даярданбай койдуңар окшойт, ээ?
– Биз “стемге” гана жакшы даярданбай калдык. Калганы жакшы болгон. Бирок калыстарга эч кандай дообуз жок. Болгону, чемпион болгон команда жеке концерт коймок да. Бирок биз баары бир өзүбүзгө чемпионбуз.

– Элге таанылып, өзүнчө күйөрмандарга ээ болуп калган мезгилде команданын тарашына эмне себеп болду?
– Бирөө "ойнобойм" десе, экинчиси кошулуп эле "ойнобойбуз" деп чыкканбыз. Бирок мен ичимден кайра эле ойнойм го деп ойлоп тургам. Акыркы оюнда элдин көпкө кол чапканын көрүп, алардын алдында калпычы болуп кайра чыгып алууну туура эмес көрдүм. Ушул бойдон тарыхта экинчи орун болуп калдык. Бирок башка оригиналдуу команда түзүп, аларга жардам берүү оюбузда бар.

– Сахна менен анын артындагы жашоо такыр башка да. Сахна артындагы Жеңиш менен таанышып албайлыбы?
– Мейли. Сахнага чыкканда кадимкидей кумарланып тамашалайм. Башка жактардан өзүмдү карманам. Үйдө иниме өзүмчө эле тарбия берип, байкемин. Кичинекей кезимде өтө шок болчумун. Бир жолу 3 жашымда атамдын чеккен тамекисинин калдыгын алдым да, мончонун артына барып аябай “блатной” болуп чегип отурсам, апам көрүп калып, ооздон ары чапкан. Ыйлаган бойдон бойтоңдоп алып качкам. Тентек болгонум үчүн көп таяк жечүмүн. Азыр токтоомун. Жөнөкөй болууга аракет кылам. Өзүмө өтө жулунбагандыгым жакпайт. Кээде жулунуп койсом, мындан башкача болмок деп ойлоп калам. Физикалык жактан ачка болсом да, жан дүйнөм ток, баары өз нугу менен деп коюп жүрө берем.

– Мектепке барган кезиң эсиңдеби?
– Мектепке үйдөгүлөр 6 жашымда эле берип салышкан. “Кошунанын балдары барып жатса, сен эмнеге барбайсың?” деп. А мен кеч төрөлүп калсам, эмне, күнөөлүүмүнбү? Ошентип, тентек болуп жүрүп окууну да аяктадым. Өзүм түшүнбөй эле “тигинин баласы Юридикалык академияга тапшырыптыр” деп туруп, мен да окуп алгам. Былтыр аяктадым, кесибим бажы кызматкери. Учурда "Бош" компаниясынын мүдүрүнүн жардамчысымын.

– Анан сени качан бажы кызматкери катары көрүп калабыз?
– Окуп көргөндөн кийин кесибимдин эмне экенин түшүндүм. Контрабанданын кандай экенин, героин, кокаиндин жыты кандай экенин билгенден кийин “кой, бажы кызматкери болушум керек” дедим. Буюрса, болом.

– “Тамашоуго” кайтсак. Сахнада “лох” баланын образын ушунчалык келиштирип аткарасың. Жашоодо да ошондойсуңбу?
– Негизи, мааниси жок бир нерсени сүйлөп салсаң, күлкүлүү болот жана элге жагат. Менин ичимде өзүмө окшобогон кызыктай экинчи киши жашайт. Ал экстремалдуу учурларда ойгонуп кетет. Жашоодо болсо, көпчүлүк жерде ачуулуумун. Уруштун баарын мен баштайм, түшүнбөстүктөр менин артымдан чыгат, революционермин. Артымдан балдарды чогултуп алып, “Бакыт кетсин, Бакыт кетсин!” дейм. Анан Бакыт (Осмонканов, "Моника Беллуччинин" капитаны) мени жаман көрүп эле, командада түшүнбөстүктөр болуп кетет. Бирок чын-чынына келгенде “лох” эмесмин, “нопнормальный” эле баламын.

– Сени көпчүлүк “баягы арык Жеңишчи” деп тааныйт...
– Фигурасы 30-15-30 деп койбойсуңбу. Көпчүлүк кыздардын параметрлери меникинен чоңураак. Үй-бүлөдө физикалык “авторитеттери” чоңдор жок. Апамдын фигурасы 90-60-90. Илгери модель болчу, Моника Беллуччинин досу. Демек, породадан эле го.

– Кыздар чалып тийишкен учурларда кутулуу жолуң кандай?
– Жок деп айта албай, азабын тартып калган адамдардын категориясына кирем. Ошондуктан таанышып коём. Андан ашкан сунуштар түшө баштаса, “менин торпогум бар эле, ал жаман көрүп калат” деп айтам.

– Торпогуң ким эле?
– Сүйлөшкөн кызымды айтам да. Аны ушинтип эркелетем. Аты Нурайым. Сүйлөшкө­нүбүзгө 3 жыл болуп калды. Университеттен таанышканбыз. Азыр баары жакшы.

– Ар кандай сюрприздерди уюштурган романтик балдардын катарындасыңбы?
– Башында баарыбыз эле романтик болобуз да. Анткени кыздарга ошол жагат. “Сеткаңа” илинип калгандан кийин каяктагы романтика?

– Маегиңе рахмат! Дайыма ушундай позитивде жүрө бер!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жеңиш Майрамбек уулу: "Революционермин, уруш менин айымдан чыгат"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
n73
2012-06-11 11:54:45
тааныбайт экем
0
GUMU
2012-06-11 12:36:47
ийгилик, аябай жакшы аткарат! Азамат!
0
gulnura09
2012-06-11 15:44:36

vaaai azamat!!!
0
Nurbek88
2012-06-11 16:02:07
тааныбай экеми
0
Aigewa
2012-06-11 20:16:58
Azamatsyn! Daiyma elderge kulku arnap anan ozun da kulup juro ber demekchimin! Negizi maga baardyk Tamawouchular jagat!
0
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан