Акыркы кездери улут кадырын тепсеген тасмалар жаралып жатканы өкүнүчтүү. Европанын темирден жасалган сыйлыгы менен жашыл кагазы үчүн кыргызды дүйнөгө маскара кылгандарга жол болсун дегиң келет. Кыргыздардын терс жактарын тартып, “реалдуу жашоо” деп актанган, анча-мынча болсо да жакшы, жетишкен жагын көргүсү же көрсөткүсү келбеген бир топ режиссёрлордун тасмаларын баамдап, сындан өткөрмөкчүбүз.
ТӨӨ ЧЕЧМЕЙ ОЮНУН АЗЫРКЫ ЗАМАНДЫН ЖАҢЫЛЫГЫ КЫЛГАН “СВЕТ АКЕ”
Элди “Маймыл”, “Бешкемпир” тасмалары менен таң калтырган айтылуу Актан Арым Кубаттын “Свет аке” тасмасына сын айткандар аз эмес. Фильмден эскилиги жеткен электр өткөргүчтөрдү бири-бирине туташтырып, жылаңач зымды эптештирип, электр эсептегичти артка айлантып, жупуну жашаган үй-бүлөлөргө свет уурдап берген Свет аке аттуу каарманды кезиктиребиз. Ал – айылдарда азыр сейрек кездешип бараткан, жан дүйнөсү баладай таза, башкаларга эт-бетинен кетип жардам берген карапайым киши. Бирок көбү анын дүйнөсүн түшүнбөй, Апенди катары кабыл алышат. Свет аке – электр жарыгын алып келген гана эмес, философиялык маанисинде да жарык алып келген киши. Анын “элге бекер жарык алып келсем...” деген максаты бар. Шамал менен электр энергиясын иштеп чыккан станцияны жасамакчы болуп жүрүп, аягында күйүп калат...
Бир телеканал "батыш талкууга алган" деп жарнама кылып жатып көрсөткөн “Свет акени” көргөн баткендик туугандардын нааразылык катын гезит бетибизге жарыялаганбыз. Бул тасмага жалаң эле баткендиктер эмес, бир топ кыргыздар капа. Чынында эле кытайлык инвесторлорго кыргыздын кыз куумай же көк бөрү эмес, унутулуп калган төө чечмей оюнун көрсөтүп жагынып, акчасы жок байкуш кемпирдин небересин жылаңачтаган айыл өкмөттүн кылыгын кандай түшүнсө болот?! Акча алуу үчүн айылдык карындашын энеден туума кылып кытайлык ишкер "аңгиге" салып берип, кыргыздарды өз кыздарын коргобогон намыссыз, акчанын кулу катары көрсөткөнүнө жиниң келет. Ооба, жашообузда мындай көрүнүштөр бар. Бирок аны лентага тартып алып желбиретип, батышка "мактанбай эле" койсок болмок.
Свет акени аялы дагарага салып, жан жерин сылагылап киринтип жатканы жана мас болуп алып досунан "жүрү, менин төрт кызым бар, аялымды эркек төрөтүп бер" деп суранышы такыр чектен чыгып кеткен. Шамалдан электр жарыгын алууну ойлоп тапкан Свет акенин оюна кантип эле душ жасап коюу келбесин?! Керек болсо азыр элеттиктер деле цивилизациянын андай жетишкендигин пайдаланып калышкан. Ушундай жапайычылыктарды тартпаса, сыйлык албай калышат сыягы...
КЫРГЫЗДАРДЫН БИРИМСИЗДИГИН АШКЕРЕЛЕГЕН “БЕЛГИСИЗ МАРШРУТ”
Бүтүндөй Кыргызстанды "бир автобуска батырган" Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут” тасмасы орустардын “Ника” киносыйлыгына көрсөтүлүп, бир канча чет элдик сыйлыктарга татыган. Фильмде түрдүү коомдук турмуштагы көрүнүштөр калдыраган автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр аркылуу көрсөтүлөт. Туман аралаган автобус – мамлекет, ал эми ичинде коомдун бардык мүчөсү – соодагер, чөнтөкчү, милиция кызматкери, молдо, баптист, коммунист, демократ, интеллигент, алкаш, сойку, рэпер, айтор, баары бар. Эч кимиси башкы ролдун каарманы эмес, баары бүгүнкү күндүн каармандары. Тасмадагы адамдардан ар бир жаран өзүн көрөт.
Рулдагы айдоочу мурунку жана кийинки бийлик башындагылардай болуп тумандуу жолдо адашып калып, нааразы болгон элдин жемесине чыдабай аларды талаага таштап качып кетет. Жүргүнчүлөр – бир пикирге келе албаган коммунист, демократ, молдо, баптист, бири-бири менен чукушуп жатып чыр ырбайт. Автобус ичиндеги жаңжалдар мурдагыдан курчуп, жүргүнчүлөр кудум азыркы саясий тополоңчулардай бири-биринин “быкыйын” чубап, абийирлерин айрандай төгүшөт. Ынтымагы ыдыраган жүргүнчүлөр ызылдашып жатканда автобус жарга барып такалат.
Тасма соңунда жарга такалган автобусту жүргүнчүлөрдүн акыркы үмүтү болгон Үмүт аттуу жигит куткарып, баары чогулуп автобусту түртүп чыгарышып, Келечек айылын көздөй сапар улашат.
Режиссёрдун кыргызды үмүттөндүргөнү жакшы, бирок ага чейинки тасманын жүрүшүндөгү окуяларда улутту алкаш, ууру, сойку,баптист же орустарды пир туткан коммунист кылып көрсөткөнү улуттун бетине көө сүйкөгөндөй болуп калбайбы? “Ансыз да элдин ынтымагы кетип, кокту-колот болуп бөлүнүп жаткан убакта бул тасма абалдан чыгууга салым кошо алабы?” деген суроо туулат. Балким, чет элдиктерге кыргыздардын дал ушундай жоруктары жагып, тасма алардын сыйлыгына татып жаткан болуп жүрбөсүн? Бул жерде кино улуттун идеологиясына кызмат кылбай эле, кыргызды мокочо көрсөткүсү келгендерге кызмат кылып жаткандай.
КЫРГЫЗ МЫРЗАЛАРЫН АРАКЕЧ КЫЛЫП КӨРСӨТКӨН “АЙЫЛ ӨКМӨТҮ”
Кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү” аттуу көркөм фильми Марокконун Марракеш шаарында өткөн 5-эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алган. Фильмде биз уялып намыстанчу көрүнүштөр түзүк эле. Тасманын затына эмес, сырттан келген наамына гана сүйүнүп, "сыйлык алып, бизди бүт дүйнөгө таанытып жатат!” деп төш каккандарын көрүп башыңды аргасыз чайкайсың.
Буга чейинки Актан Арым Кубаттын “Бешкемпиринде” ылайдан кыз жасап, анын үстүнө өпөңдөгөн бала же жогорудагы “Айыл өкмөтү” комедиясында кайненесинин сөзүн укпаган келинди баса жыгылган милиционердин жоруктары кандай максат менен тартылат деги? Бир бөтөлкө арак үчүн үйүндөгү казанын уурдап сатып, көрүнгөн күркөдөн карызга "жинди суу" сурап, алкымын тыя албаган аракечтер аркылуу режиссёр кыргыздын түркөйлүгүн, түгөнүп баратканын көзгө сайып көрсөткөн. Жаманды жаман дей берсең, ого бетер жаман болот. Кичине жакшыга жетелебейлиби, калкты?
Кошулабыз, ошондой болуп баратканбыз, чын эле. Бирок мактанчу, сыймыктанчу жайыбыз да бар. Ошолорду да тартып, башка элдерге көрсөтүүгө эмне үчүн болбосун?
МАКСАТЫ ЖОК “ЭЭНСИРЕГЕН ҮЙ”
Европада жаңы идея, жаңы табылга калбай, азыр биздин режиссёрлорго көз кычыштырган каражатты сунуп коюп, бизге окшогон улуттарды эле аңдып тургандай. Эмне кылмак эле анан, аларда көрө турган нерсе түгөндү, а биздеги кызыктардын чети оюла элек болсо. Жакында эле чыккан Нурбек Эгендин “Ээнсиреген үйү” Орусиянын атынан “Кинотавр” фестивалында көрсөтүлдү.
Тасма 19 жаштагы Асел аттуу кыздын аянычтуу жашоосун баяндайт. Кыскача айтканда, Асел энесиз өскөн, арактан көзү ачылбаган кишинин кызы. Эртеңи тууралуу ою жок, көкүрөгүндө кармап калар, байлап калар ыйык нерсеси жок, азыркынын тили менен аягы суюк кыз десе да жарашат. Айылда жигитинен боозуп, Султан деген наркобаронго турмушка чыгып, анын акчасын уурдап Москвага качып кеткен Асел ал жакта да жөн жүрбөй, көрүнгөн эркектин астында калат.
Эротикалык эпизоддор фильмде ачык эле көрсөтүлөт. Мындай эпизоддорду ачык-айкын көрсөтүүгө буга чейин бир да кыргыз режиссёру даабай келсе, Эген мырза бул жаатта төңкөрүш жасады. Мисалы, атасы эшиктин алдында сүрөт тартып отурса, Асел ошол эле жерде жыйылган чөптө жигити менен энеден туума болуп, онтогон кумарлуу үндөрү атасынын кулагына чейин угулуп турат. Аялуу жерин эптей албаган, билимге, жакшы жашоого умтула бербеген кызга кадимкидей ачууланасың, аяйсың.
Режиссёр кыргыздын турмуштан жолу болбогон айрым жеңил ойлуу кыздарынын образын Асел аркылуу кинодо чагылдырып берди, бирок бүт кыргыз элин жер каратты. Ошончолук эле чет өлкөдө жүргөн мигранттарга күйүп жатсак, жашоодон жаңылган жаштарга жол көрсөтүп, үлгү бере турган кино тартсак болбойбу? Учурда кинотеатрларда тынымсыз коюлуп жаткан бул киного жаштар дал ошол ачык тартылган эротикалык эпизоддор үчүн кызыгып барып жатышат. Кыскасы, Эгендин 600 миң еврого тарткан бул киносу кыргызга аброй алып келбеди.
"Бүткөн ишке сынчы көп" деген кеп бар. Алгылыктуу бир жумуш жасабай эле отуруп алып сындай бергендер көп. Бирок бул козголгон тема алардын катарына сыйбайт. Урматтуу кино жаратуучулар, оор турмуш, адамды жийиркенткен көрүнүштөр, аракечтик Кореяда жок дейсиздерби? Азыр жаштар түштүк кореялык кинолорду эмнеге баса калып көрүп жатышат? Балким, алар өз өлкөсүндөгү былыктарды, аракечтикти, сойкулукту эмес, ыйманды, улуу-кичүүнү сыйлоону, сүйүүнү, достукту туу тутууну айтып, тартып, көрсөтүп жатышканынан уламдыр?
Толик сынчы
star@super.kg