БАЛАНЫН НИКЕСИЗ БОЙГО БҮТҮШҮНӨ КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?

Турмушка чыга элек кыздардын боюна бүтүп калган учурларды угуп-көрүп эле келебиз. Анан ал кыз «атасы жок төрөп койсом эл эмне дейт? Алдыртсам экинчи төрөбөй калсамчы?» деген ойлор менен алпурушуп кыйналары талашсыз. Дегеле бул көрүнүшкө ким күнөөлүү? Мындай суроолорго жооп табуу аракети менен бүгүн редакцияга бир нече адамды чогулттук.

– Алгачкы суроону акушер-гинекологго берсем. Айгүл, айтсаңыз, турмушка чыга электе боюнда болуп калган кыздар сиздерге кайрылышабы? Кайрылышса, алардын саны бир айда канчаны түзөт?

– Учурда айрым кыздарыбыз жигиттердин азгырыгына кирип, турмушка чыга электе бойлоруна бүтүрүп алып жатышат. Бизге көз жашын көлдөтүп, “билбей калдым, ата-энем билсе өлтүрөт” деп кайрылган кыздар көп. Мындай учурда биз өзүнө кошуп жигитин да чакырып алып кеңештерибизди айтып, бала төрөлгөнчө үйлөнткөнгө аракет кылабыз.

– Мындай кырдаалга көбүнчө кандай кыздар кабылышы мүмкүн?

Айгүл Кадырова: – Ачыгын айтсам, буга көбүнчө айылдан келген кыздар көп кабылышат. Анткени аларда бойго бүтүрбөө, сактануу жөнүндө маалыматтар жок эсе.

– “Шаардык кыздарга караганда айылдык кыздарда ыйман бар. Туура эмес жолго аз барышат” деген да кептер эл арасында көп айтылат. “Турмушка чыга электе боюнда болуп калгандардын көбү айылдыктар” деген Айгүл эженин сөзүнө, Айбек, сиз кошуласызбы?

Айбек Карымов: – Бул нерсеге кошулам деп да, кошулбайм деп да айта албайм. Боюнда болуп калган айылдыкпы, шаардыкпы, кыскасы, мен буга кыздардын өздөрүн күнөөлөйм. Эл ичинде “кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт” деген макал бар эмеспи. Адатта кыздар жигиттерге өздөрү биринчи тийишишет. “Кыз өзү мага ушундай мамиле кылып жатканда, анан мен унчукпай койсом болбос” деп жигиттердин жигиттик намысы ойгонот да.

Азамат Болгонбаев: – Айбек байкенин айткандарына кошулбайм. Мен жигитмин. Жигит болсом эле жигиттердин таламын талаша бербейм. Менин оюмча, бул жерде күнөө кызда эмес, жигитте. Анткени чын эле кыздардын жүрөгү назик. Алар табиятынан ишенчээк. Кыздар “жактырып калдым, сени алам” деген жигитке ишенип алышы мүмкүн. Ошондуктан жигит кыз менен болордун алдында жоопкерчиликти өзү моюнга алып, арканды узун таштап ойлонушу керек. Ар бир эле эркектин эжеси же карындашы бар да. Ушуну эстей жүрүшсө жакшы болмок.

Айбек Карымов: – Азамат, сен кызыксың. Бала жөнүндө атага караганда эне көбүрөөк ойлонушу шарт эмеспи. Кызды деген болочоктогу эне деп коёт. Эгер ал кызда анча-мынча акыл болсо, “атасы жок төрөп койсом эмне болот? Элдин бетин кантип карайм?” деп ойлонушу керек да.

– Бул жерде шарият жолун жакшы билген Ниматулла отурат. Айтсаңыз, биз кеп кылып жаткан көрүнүш шариятта кандай каралган?

Ниматулла Рыскулов: – Шариятта кыз менен жигит никеге турмайынча бири-бирине жакын жолоого таптакыр жол жок. Исламдан маалымат аз болгондуктан, ушундай иштер жаштар арасында көп болуп жатат. Эгер мен өзүмдүн жеке көз карашымды билдире турган болсом, эки алакан менен чаап көрсөңүз «тарс» деген үн чыгат, туурабы? Эгер бир алакан менен чапсаңыз үн чыкпайт, ошонун сыңары, никеге тура электе кыздардын боюнда болуусуна кызды да, жигитти да күнөөлөйт элем.

Айгүл Кадырова: – Ооба, эки адамда тең күнөө бар. Бирок жакшылап байкап көрсөңүз, үйбүлөнүн, баланын жоопкерчилиги кызга караганда жигитте көбүрөөк. Макул, кыз жаштык шаңына азгырылып ошондой ишке барды, бирок жигит да кичине сарсанаа болушу керек да. Башы менен кылганды моюну менен тартып дегендей. Азыркы жигиттерде эркектик намыс деген болбой калды окшойт. Ар кай жерге никесиз төрөлгөн балдарын таштап кете берүүсү бул – жигиттин кызды эмес, өзүн сыйлабагандыгы.

Азамат Болгонбаев: – Жаштар арасында мындай иштердин көбөйүшүнө 14-февраль – Сүйүү күнү дагы себеп болуп жатат. Ансыз деле кыргыздар майрамды жакшы көргөн калкпыз. Эми ушул сүйүү күнүнүн эмне кереги бар эле дейм да. Бул күнү кайсы мейманканага барба, бардыгы толтура, бир орун жок. Анан кантип кыздарыбыздын боюна бүтпөсүн?

– “Кайсы мейманканага барба, бир орун таппайсың” деп жатасыз. Орун таппай кыйналган учурга туш болдуңуз беле?

Азамат Болгонбаев: – Мен өзүм туш болбосом да, тааныш балдардан угуп, көрүп эле жүрөм. Дагы бир нерсени кошумчалай кетейин. Жогоруда жигиттер күнөөлүү деп жатпаймынбы. Андан сырткары, 14-февраль – Сүйүү күнүн кабыл алган сыяктуу заман, коом да күнөөлүү. “Заман алмашты” деп эле чет өлкөнүн кинолорунда болуп жаткан көрүнүштөрдү, алардын биздин менталитетке туура келбеген жапайы үрп-адаттарын сиңирип алып жатабыз.

– Ниматулла, шариятта никесиз жыныстык катнашка барууга жол жогу ырас. Ошентсе да ушундай иш капысынан болуп кетип, кыздын боюнда болуп калды дейли. Шарият боюнча күнөө кызда көбүрөөкпү же жигиттеби?

Ниматулла Рыскулов: – Пайгамбарыбызга бир адам келген. Ал адам: “Бардык сүннөттөрдү аткарайын, бирок менин эң жакшы көргөн ишиме жол бериңиз”,- деген. Пайгамбарыбыз (САВ) “кайсы ишке?” деп сураганда, тигил жигит “ойноштук” деп жооп берген. Ошондо пайгамбарыбыз (САВ): “Сен жакшы көргөн ойноштукту апаңа, эжеңе же карындашыңа каалайт белең?”- деп сураган. Жигит: «Албетте, жок. Сизге келгенге чейин ойноштукту баарынан жакшы көрсөм, эми ал менин эң жаман көргөн ишим болуп калды»,- деп жооп берген. Шарият боюнча айта турган болсом, бул жерде күнөө жигитте. Кыздын боюнда болуусуна да, никесиз баланын төрөлүшүнө да жигит күнөөлүү. Эгер эркек адам кызды бузуп, анан таштап кетсе, күнөөгө батат.

– Бул боюнча жаштар сизге түрдүү суроолор менен көп кайрылышса керек...

– “Дин жолунда жүргөн адамсыз го, эгер тигил өзү каалап жатса, анан мен андай ишке барып койсом күнөө болбойбу?” деген сыяктуу суроолор менен көп эле кайрылышат. “Апаңдын же эжеңдин ушундай ишке барышын каалайт белең?” деп кайра өзүнө суроо берип коём. Менин суроомдон кийин баштарын шылкыйтып басып кетишет.

– Айбек, жогоруда бир нече көз караштар айтылды. Ошондон кийин, балким, сиздин кыздарды күнөөлөгөн оюңуз өзгөргөн чыгар?

Айбек Карымов: – Эмнеге өзгөрмөк эле? Өзгөргөн жок. Телефон номурумду кайдан алышат билбейм. Мага “байке сиз мага жагасыз, жолукпайлыбы” деп бир күндө жок дегенде бир кыз чалат. Анан кантип кыздарды күнөөлөбөй койбойсуң.

Айгүл Кадырова: – Сизди деген ырчы, эл көзүндө жүргөн адам деп коёт. Кыздар, балким, сиз менен жолугуп, кол тамга алгысы келип же таланттуу болсо, “ырчылыкка кантип бет алам?” деп сурагысы келип жатышкандыр. Дароо эле жаман ойлоонун эмне кереги бар?!

Айбек Карымов: Эгер жакшы ою болсо, «байке сиз мага жагасыз» деп айтмак беле?!

– Убактыбыз соңуна чыгып калды окшойт, маек соңунда кандай ой пайда болду? Ар бириңиздерге эркин сөз.

Азамат Болгонбаев: – Кыздын боюна болгонго чейин кыз да, жигит да жети өлчөп бир кессе деп ойлойм. Боюна бүткөндөн кийин сөзсүз бир үйбүлө болуу керек. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен буугандан кийин жигиттердин көздөн кайым болуусу уят иш.

Ниматулла Рыскулов: – Бул нерсе тарбиядан да көз каранды. Ошондуктан ата-эне уул-кызына туура тарбия берип, балдарынын чектен ашкан иштерине көз салса деп айтар элем.

– Айбек, сизге акыркы суроо. Андай болбой эле койсун, ошентсе да уулуңуз бир кызды боюнда кылып койду дейли. Кыздын ата-энеси балаңызды “үйлөн” деп кыйнап жатат. Ошондо сиздин аракет кандай болот? “Күнөө кызда” деп алдырбай коёсузбу?

Айбек Карымов: – Кызда күнөө болгон менен, небере жыттаганга не жетсин. Баламды башка чаап туруп эле алып берип коймокмун.

Айгүл Кадырова: – Никеге турбай бойго бүтсө да кыздарга кеңешим, эч качан баланы алдырбагыла. Анткени эне болуу бактысынан ажырап калышыңар мүмкүн. Андан көрө акушер-гинекологдорго кайрылсаңар, биз кеп-кеңеш айтабыз демекчимин.

–Убактыңарды бөлүп биз менен ой бөлүшкөнүңөргө чоң рахмат.

Урматтуу окурман, жогоруда айтылган ойлордон кийин сиз туура кадамга барып, туура чечим кабыл алат деген ойдобуз.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан