КЫМБАТЧЫЛЫК СЕЗОНУ ЭМИ КЕЛЕБИ?

Кымбатчылык баарыбыздын капчыгыбызды кайгыга салып турган кези. Өзгөчө суук жана узак болгон кыш миңдеген малдын башын жутуп кетти. Жаз кеч келди. Өлкөнүн түндүк аймагын азыр кургакчылык кыйнап турса, түштүктүк дыйкандар селдин кесепетинен талаасына бери дегенде үч жолу кайталап үрөн себишти. Чыныгы кымбатчылык эми келеби?

АЗЫК-ТҮЛҮК КРИЗИСИ ДҮЙНӨНҮ КАПТООДО
Кай жакка барба “карызга акча берип турчу, үйгө азык-түлүк алайын” деген сыяктуу сөздөрдү кулак чалат. Баалардын көтөрүлүп жатышы коомчулуктун тынчын алып жаткан учур. Айрыкча күнүмдүк турмушта эң керектүү кумшекер, туз, ун жана бензиндин кымбатташына эл нааразы. Кымбатчылыктын айынан мугалимдер, дарыгерлер “айлык акыбызды көбөйтүп бергиле” деп митингге чыгышкан эле. Өкмөт анда маянаны жогорулаткан. Бирок аны менен эле маселе чечилип калбады. Серепчилер жакынкы жылдары азык-түлүктүн баасы мындан да жогорулашын эскертишүүдө. Алардын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө азык-түлүккө болгон суроо-талап тынымсыз өсүп жатат. Андыктан 2030-жылга чейин дүйнө жүзүндө азык-түлүктүн чоң тартыштыгы жаралышы мүмкүн.

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ АРЗАНДАП, ЖОЛ КИРЕ КЫМБАТТАДЫ
Мунай затынын баасынын көтө­рүлүшү түз эле барып калктын жакыр катмарынын жонуна тиет. Анткени аны шылтоолоп жол кирени, негизги азык-түлүктөрдү кымбаттатып жиберишет. Кыштын аягында бензиндин 1 литринин баасы 1 АКШ долларына жеткени баарыбызга маалым. Президент Алмазбек Атамбаев Орусияга барып, тыйындап болсо да баасын төмөндөттүрүп келди. Ошого карабай Бишкектеги айдоочулар “тапкан акчабыз тетиктерден артпай жатат” деп маршруттук таксинин баасын көтөртүп алышты.
Май айынын ортосунда элден “цемент кымбаттап кетти” деген арыздар түшө баштады. Канттагы цемент заводундагылар «сырьё жетишпегенинен улам бир мүшөк цементтин баасы 500-600 сомго чейин көтөрүлдү» деп түшүндүрүштү. Жыл сайын ушул көрүнүш кайталанганы үчүн сатуучулар сезон алдында акча жасап алууга кынык алып, «сырьё жетишпейт» дегени жөн гана шылтоого айланды. Элдин үнү өкмөткө, ЖКнын жыйынына жеткенде гана цементтин баасы өз калыбына келди.

ЭЛДИН АБАЛЫ КАНДАЙ?
Кыргызстанда туруктуу жумушу бар жарандардын орточо маянасы 8000 сомдун тегерегин түзөт. Бир үй-бүлө чогуу иштеп акча тапса дагы, алган акысы бир айлык жашоосуна жетпейт. Каржы министри Акылбек Жапаров «бир адам 100 долларга бир ай жашаса болот» деп чыкты. Өлкөнүн капчыгын кармаган министрдин 100 доллардык эсебин бир карап көрбөйлүбү. Жок дегенде бир кечки тамактын баасын чыгаралы. Ал кадимки палоо болсун. 1 килограмм күрүч – 80 сом,
1 килограмм эт – 350 сом, сабиз, пияз, май жана башка майда-чүйдөсүн 100 сом деп баалайлы. Помидор менен бадыраңды бир килограммдан ала турган болсок, ага дагы 100 сомдун тегереги кетет. Базарга барып келген жол кирең менен баш-аягы 650 сом. Мындай 7 кечки тамак 100 долларды түзүп калат. Бирок бир айда 7 эле жолу тамак жебейсиң да!
Андан тышкары сүт азыктары, жер-жемиш, кийим-кечек, шаардыктардын коммуналдык төлөмдөрү (свет, газ, суу), батир пулу, күнүмдүк басып-турганы бар.
Сырттан келген товарлардын баасы да жогорулоодо. Капчыгы жука карапайым эл “баалар кымбаттады” деп чыркырап эле келе жатат. Экономика жана монополияга каршы министрлиги “баалар мурунку жылдарга караганда быйыл кичине түштү” дешүүдө. Бирок ал базарда билинбей эле. Өкмөт бааны көзөмөлгө алып, жок дегенде эң керектүү товарлардын баасын элдин капчыгына ылайыктап көзөмөлдөп турушу зарыл.

Цементтин баасы апрель айына карата 1 мүшөгү – 250-300 сом болсо, азыркы учурда – 370-400 сомду түзөт.


«Супердин» сурак бурчу

"АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ЖҮЗ ДОЛЛАРГА БИР АДАМ БИР АЙ ЖАШАЙ АЛАТ»,- ДЕЙТ. СИЗГЕ ЖАШОО ҮЧҮН 100 ДОЛЛАР БИР АЙГА ЖЕТЕБИ?

Сабиржан Касенов, пенсионер, Бишкек:
– Жеке өзүмө жетет. Коомдук транспортто бекер жүрөм, маршруткага 5 сом төлөйм. Пенсионер болгондон кийин көп деле бир жакка барбайм. Ошондуктан эч кимге нааразычылыгым жок. Ал эми үй-бүлөлүүлөргө жетпеши турган кеп.




Сабырбек уулу Асылбек, студент, Каракол:
– Азыр жашоо кымбат эле болуп калды. Менин жашоомо 100 доллар жетпейт. Ичкен-жегеним, кийим, баскан-турган жана башка болуп жатып эле бир топ сумма болуп кетет.Азырынча ата-энемдин каржылоосундамын. Мага бир айга мынча сом жетет деп айта албайм.



Майрам Тыналиева, мугалим, Бишкек:
– Учурда 100 доллар эмнеге жетмек эле?! Бүт баары кымбаттап жатат. Мисалы, мен бул акчаны коммуналдык төлөмдөргө эле коротом. Үй-бүлөнү коюп, өзүмө араң жеткирем. Кийим алыш керек, тамак-аш деген бар. Эми жол кирени да кымбаттатып коюшту.


Бакберген Урусалиев, филолог, Ош шаары:
– Эгер студент болуп, жатаканада жашаса, 100 долларды 1 айга жеткирсе болот. Ал эми батирде жашоо кымбат. Жатаканага караганда 2-3 эсе көп каражат сарпталат. Демек, 100 долларга жашаш кыйын. Ошондой эле үй-бүлөлүү адамга бул акча аздык кылат.


Жамиля Сасыкулова, пенсионер, Бишкек:
– Мен жакшыраак пенсия алыш үчүн 50 жыл бою эмгектендим да. Азыр ошол эмгегимдин баары талаага кеткендей. Пенсиямды алгыча эле тигиге акча, буга акча деп эле өз ээлерин таап кетет. Маршруттук таксиге 5 сом берсем, айдоочулар кагып-силкишет, каршы чыгып отурбай 10 сом берем. Анан кантип 100 доллар жетсин?!


Алима Шабданова, эсепчи, Ош шаары:
– Ой, кантип жетсин?! Менин курагымдагы аялдар сарамжалдап эптеп жеткириши мүмкүн. А жаш келиндер бала бакчага баласын алып барып, алып келип жатып эле жок болот ал акча. Мисалы, 100 доллар менин жумушка келип-кеткендеги жол акым менен түштөнүүмө да жетпейт.


Чолпон Жангабылова, медкызматкер, Каракол:
– Эгерде бир гана адам болсо, Каракол шаарында 100 доллар 1 айга жашоого жетиши мүмкүн. Жол кире жана башкалар арзаныраак түшөт. Бирок менин үй-бүлөм бар. Андыктан менин керт башыма жетсе да, үй-бүлөмө жетпейт.

Айдай Асанбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кымбатчылык сезону эми келеби?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Suiuktuu
2012-06-12 15:03:25
Эгер бул корунушко майлуу креслодо отургандар куноолу болбосо анда Экономика жана монополияга каршы министрлиги бааларды козомолдогонун токтотпосун. Азыр эл окулу болуп шайланган депутаттар элинин камын эбак унутуп койгондой. Калк камын ойлогондун ордуна озунун уй-булосунун камын ойлогондор кобойду.
0
medetbek
2012-06-12 18:09:15
Аквлбек Жапаров жакшы эле айтыптыр бир адам "100 долларга” бир ай жашайт деп. Ал эми бир уй булоодо беш адам болсо 500 жуз доллар сарптайт да андай болсо уй булоодо канча адам деп сурап туруп айлык чыгырып беришсин.
0
A031288
2012-06-12 19:09:59
4yndygynda jawoo kyiyndap, azyk-tuluk, benzin, jol kire degender abdan kymbattap ketti myndaida jumuw taba albai jurgondor emne kylat birok menin jakwy ele jumuwum bar kudaiga wugur?!
0
turatbek-92
2012-06-12 21:19:44
Жапаров кичинекей небересине эле жуз доллардан коп кетирсе керек, нан, чай ичип эле жашаганда да Бишкекте жуз долларды жеткириш кыйын. Кантип уялбай айтты экен ошону.
0
aziattita
2012-06-12 22:20:47
акылбек жапаров иш жузундо корсотсун биринчи 100 долларга жашап бир айда эки жолу тамак жеп жашпа
0
mir.kg87
2012-06-12 23:50:56
100 доллар, Акылбек жапаровдун озуно жететбекен?
0
Kitep
2012-06-13 03:03:55
Жапаров акылдан азыптыр.)))
0
Urankai
2012-06-13 17:45:18
Жапаров ушинтип суйлогондон уялса, же ал акылынан адашканбы, 100$ Бишкекте эмес, айылда дагы жетпейт го, жашоо кыйындап калганын сезбесе керек Жапаррррооооввв!!!
0
Begim8678
2012-06-17 07:46:07
Urankai, туура айтасын. Жетпеген турмуштун айынан Россияга кетпедикпи. Бул жакта баары кымбат. Бирок элдин жашоосу биздикинен бир топ жогору. Ичишет, жешет,эс алганга да акчалары жетет.
0
Regenbogen
2012-06-14 12:20:30
kimbattuu Akilbek Japarov siz ozunuz owol 100 dollardy jetkirip korunuz4u korolu, kelgile japarovdun jumuw akisin 100 dollar kiliwsin okmottogulor anan korobuz oozun 4ojup sujlogonun, medetbek tuptuura ajtasyz andaj bolso ujdo kan4a kiwi bolso owon4o 4igarup beriwsin
0
prinsessa
2012-06-14 19:22:34
окмот эмне жумуш кылып жатат...же жарандарды жумуш менен камсыз кыла албайт же азык тулуктун баасын арзандатпаса Кыргызстанжа жашабай эле коюш керек го...мен уй булоом менен Москвада жашайм..Кыргызстанда элдин абалын угуп конулун чогот....
0
Morehuana
2012-06-15 14:40:19
Ал министр озу ошончо акчага жашайт бекен? ал озу эле бир кунго 100 доллар кетиирсе керек,калп эле ар кайсыны айтып элди алдайт мамлекет элди бакпай эле биз ошолорду багып жатабыз абадан башканын баарына толоп.
0
Taalaibek
2012-06-16 00:15:47
А. Жапаровдун айлыгын 100$ доллар эле кылыш керек экен анда, 1000$ доллар кылбай. Койго паспорт деп эми 100$ доллары калдыбы?
0
kg3991
2012-06-16 09:18:08
мен студентмин 1 айга 100$ озумо деле жетпейт жол кире, тамак аш, азыр деген баскан турганын акча болуп калды го кварт плат дагы башка нерселер толтура да (((
0
shirin27
2012-06-16 15:49:53
eee akaevdin zamani ele kashi ee arzanchilik,
0
coolcool
2012-06-17 14:16:05
Кайси бир изилдөө агенствосу дүйнөдөгү ТОП-5 жашоосу арзан өлкөгө Кыргызстанды да киргизиптир. Ооба, башкаларга караганда бизде арзан. Анан тээ креслодо отуруп, чет жакка барып келген чоңдор, ошол чет жактагы бааларды бизге салыштырып атышат да. Ойгонгулачы, ай! Бул деген Кыргызстан - адамдардын орточо айлыгы болгону 3-4000сомду гана түзгөн. Анан эмнеге жетет!!!???
0
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан