Чүй
Бишкек-Ош унаа жолунун 195-чакырымында (Жайыл району) 3-июнь күнү түнкү саат 00:30 чамаларында катуу каргаша болуп өттү. Тагыраак айтканда, батышты көздөй сапар тартып бараткан Тойота Превия үлгүсүндөгү жеңил автоунаа менен бет маңдайында келе жаткан МАЗ-54329 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машина сүзүшкөн. Жыйынтыгында жеңил автоунаанын айдоочусу жана анын жанындагы 8 жүргүнчү окуя болгон жерден каза болушту. Маалымыттарга таянсак, Тойота Превия унаасынын айдоочусу жолдун аркы тарабына чыгып кеткен экен. Жүк ташуучу машинанын айдоочусу андан буйтап өтүүгө аракет кылып, тилекке каршы, жетишпей калган. Бул тууралуу азыр иликтөө жүрүп жатат.