Чүй
31-май күнү Москва районунун Александровка айылындагы көңүл ачуучу жайлардын биринен болжол менен түшкү саат 16ларда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эркек кишинин жансыз денеси табылган. Өлтүрүлгөн адамдын көкүрөк тушу бычак менен аёосуз бышылып, кескиленген. Милиция кызматкерлери дароо эле ыкчам иликтөө иштерин уюштуруп, маркумдун өздүгү такталган. Ал Сокулук районунун 44 жаштагы тургуну П.Н. болуп чыккан. Ыкчам издөө иштери өз жыйынтыгын берип, көп өтпөй бул кылмышка шектүү деп Сокулук районунун 37 жаштагы тургуну П.М. колго түшүрүлдү. Ошол каргашалуу күнү экөө чогуу арак ичип, мастыктан улам чыр чыгып кеткен экен. Арак менен сыйлашуу минтип ажалга чейин чырдашууга алып келип олтурат. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.