Талас
Mилдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Талас аймактык башкармалыгына Кожокеев Султан аттуу жаран дарыгерлердин туура эмес иштери боюнча даттануу менен кайрылган. Аталган фонддун басма сөз кызматы билдиргендей, арыз ээсинин апасы 1932-жылы туулган Кожокеева Самилакан 2012-жылдын май айында Талас аймактык ооруканасынын терапия бөлүмүндө дарыланган. Ал дарыланып жаткан учурда аталган бөлүмдүн башчысы Өмүралиева Света 5 миң сомго «Ипар» фирмасынын дарыларын саткан. Атайын текшерүүнүн натыйжасында даттануу тастыкталды. Бул факт боюнча Талас аймактык ооруканасынын директоруна мындан ары стационардын шартында БАДды колдонууга жол берилбестиги эскертилди.