Нарын
Нарын шаарынын “Алма-Бак” сейил багында жайгашкан кичи футбол майданы кичи футбол боюнча Нарын райондук чөлкөмдөр арасында Биринчилик кабыл алууда. Ири компаниялардын биринин Нарын аймактык кеңсесинин ачылыш урматына арналган мелдеш 1-11-июнь алкагында өтмөкчү. Маалыматтарга караганда, чөлкөмдүн Биринчилиги үчүн 16 команда ат салышууда. Систем кичине өзгөчөлөнүп, жарым финалга 8 команда чыкса, кубок үчүн 4 команда оюн өткөрөт. 1-орунду ээлегендерге кубок, диплом жана ар бир оюнчуга уюлдук телефон каралган. 2-орунду ээлеген команданын ар бир оюнчусу футболдук форма менен камсыз болот. Ал эми 3-орунга жүк салып ташуучу рюкзактар ыйгарылат. Андан тышкары ар бир позицияда мыктылар аныкталып, атайын наамдар тапшырылат. Мелдештин байге фонду 150 миң сомдун тегерегинде.