Нарын
Нарын облусунун делегациясы иш сапары менен Беларустун Могилев облусунда болуп кайтты. Жолугушуу эки облустун кызматташтыгы тууралуу меморандумду кабыл алуу максатында өткөрүлгөн. Документте соода-экономикалык жана маданий кызматташтык тууралуу жазылып, ага Нарын облусунун губернаторунун орун басары Сабырбек Сардарбеков жана Могилев облустук аткаруу комитетинин өкүлү Валерия Малашко кол коюшкан. Могилев облусунда кайра иштетүү, текстилдик, лифттерди жана айнектерди чыгаруу өнөр жайлары жогору өнүккөн 87 өнөр жай иштейт. Нарындык делегациянын өкүлдөрү өнөр жай продукцияларынын атайын уюштурулган көргөзмөсүндө жана Могилев облусунун маданий борборлорунда болуп кайтышты.