Талас
22-май күнү Талас шаарынан барган 5 кыз Талас районунун Балбал айылынын 11-класстын бүтүрүүчүлөрү Айпери (аттары өзгөртүлдү) жана Бактыгүлдү уят сөздөр менен тилдеп, соккуга алышкан. Айыл тургундары келе калышканда бейбаш кыздар Бактыгүлдүн кулагындагы күмүш сөйкөсүн, Айперинин уюлдук телефонун алып качышкан. “Бека деген классташ баламдын симкасын колдонуп жүргөм. Бир күнү бир кыз чалып “Беканы чакырып койчу” деди. Мен "ал жок" десем болбой улам чалганынан тилдеп койгом. Ошондон тартып ал кыз мага өчөшүп, 21-майда 5 кыз менен Балбал айылына “разборка” үчүн келди. Алар “бизди токойго сыйлап, 3сотка чыгарып бересиңер” деген талап койгон. Мен кечирим сурасам деле болбой, “столуңар жакшы болсун, сосиска, сыра алгыла” дешкен. Бирок менде акча жок болчу. Мага өчөшкөн Сайкал (аты өзгөртүлдү) Таластан кыздарды ээрчитип келип, “эмне, мени шылдыңдаганыңбы?!” деп мени ура баштаганда Бегимай келип калды. Ал кыздар Талас шаарындагы №6, №9-мектептерде, бирөөсү №90- кесиптик лицейде окуйт экен”,- дейт таяк жеген Айпери. Талас облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Жолдош Үркүнбаевдин айтуусунда, кыздар учурда ооруканадан чыккан. Бирок алар оор абалда келип түшүшкөн. Айперинин көзү көгөрүп, катуу соккудан оозунун ичи айрылып кеткен. Бактыгүлдүн сол көзү соккудан шишип, бели катуу ооруксунуп, булчуң эттери чоюлган. Эки кыздын тең мээси чайкалган. Айпери менен Бактыгүлдүн ата-энелери: “Кыздарыбызды сабаган кыздардын ата-энелери милиция кызматкерлери менен келишип алышыптыр. "Биздин кыздар да таяк жешкен" деген шылтоо менен таяк жебеген кыздарын судмедэкспертизадан өткөрүп жатышыптыр деп угуп калдык”,- деп тызылдашат. Жабыркаган кыздар райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазышкан, учурда тергөө иштери жүрүп жаткан кези.