Ош
Ош шаарында 5-июндан тарта Июнь окуясынын эки жылдыгына байланыштуу укук коргоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей башташты. Мындан тышкары шаар тургундарынын тынчтыгын сактоого багыт талган “Укук тартиби” аталыштагы операция уюштурулуп, паспорттук режим киргизилди. Бул тууралуу Ош ШИИБинин жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков маалымат таратты. Анын айтымында, шаар беш аймакка бөлүнүп, мобилдүү топтор шаар тынчтыгын көзөмөлдөп турушмакчы. Эскерте кетсек, Июнь коогалаңынын эки жылдыгын утурлай калк арасында ар кандай ушак-айыңдар, кооптонуу пайда боло баштаган. Ошол себептен ИИМдин кызматкерлери жана Ош мэриясы шаар тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, шаар жашоочуларын чагым чыгарбоого чакырышты.