Ош
Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 5-июнда Ош шаарында сел жүрүп, борбордук базардагы соода түйүндөрүн, мындан тышкары Достук көчөсүндө жана “Дача” участкасында жайгашкан 5 үйдү каптап кетти. ӨКМнын билдирүүсүнө караганда, табияттын бул кырсыгынан ошол күнү Центральный көчөсүндөгү 4 үйдүн жер төлөсүнө суу толуп, куткаруу кызматкерлери аны убагында сордуруп салууга жетишкен. Мындан тышкары борбордук базар жайгашкан Кара-Суу көчөсүн да суу каптап, бир нече соода түйүндөрү жабыркады. Ошол эле күнү Кара-Суу районундагы Падаван жана Маданият айылдарын каптаган сел бир нече турак-жайга залалын тийгизди.