ЗИНА ЭМЕС, ЗЫЙНАНЫН ТОРТТОРУ...

Майрамдарда дасторкондун көркүн эмне ачат? Албетте, көбүрүп-жабырып атылган шампандар жана шилекейди агызган “Зинанын торттору”. Дал ушул таттууну ойлоп тапкан адам кадимки эле кыргыздын айымы Зыйна экенин билесизби?
Көпчүлүктүн жакшылыгына жарап жүргөн кардары көп бул компаниянын башкы директорунун орун басары Үсөн Мырзакулов бизге жолугууга келди. Жөпжөнөкөй бирок пайдалуу бизнес тууралуу идея кимдин оюна келгендиги жана учурда иштери кандай жүрүп жаткандыгы жөнүндө ой бөлүштү.

– Үсөн байке, саламатсызбы, иштериңиз кандай?
– Жакшы, рахмат.
– Маекти сиздердин компания торт жасоону эмнеден баштап, ушундай деңгээлге кантип жетти деген суроодон баштасак...
– Сиздерге түшүнүктүү болуш үчүн “Зина тортторунун” пайда болушун тээ алыстан баштайын. Апам мектептен соң борбордогу Медициналык орто окуу жайына тапшырат. Акыркы курсунда Токтогулга практикага барып атам экөө табышып калат. Атамдын кесиби болсо бухгалтер. Өмүр бою ушул кесипти аркалап жүрдү. Эс алууга чыкканына 2 жыл болду. Биз 5 биртууганбыз. Ата-энебиз убагында орус тилинен абдан кыйналышкан үчүн баарыбызды орус мектепке беришкен. Баарыбыз мектепти бүтүп борбордогу жогорку окуу жайларына тапшырганбыз. Ата-энебиз 1992-жылы Токтогулдан Бишкекке көчүп келишти. Апам иштейин десе иш жок. “Эмне иш кылса болот?” деп шаар аралап жүрүп, “Миң түркүн” соода борборунун алдында, Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишинде торт сатып жаткандарды көрөт. Ошондон улам апамда торт жасап сатуу идеясы пайда болот. Апам өзү үйдөн торт, таттуу токочторду көп жасачу. Ошентип, бул ишти апам өзү жалгыз баштаган. Күнүнө үйдөн 5-6 торт жасап Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишине алып чыгып сатчу. Анан биз апамдын ишин андан ары өркүндөтүп кетүүнү пландадык. Мен Политехникалык институттун технология бөлүмүн аяктагам. «Тортту кантип жасаса болот? Аны кантип даамдуу кылыш керек?» деген суроолорго жооп издедим. Бул суроолордун баарына жооп табылгандан кийин чакан бөлмөнү ижарага алып, мурдагыдай үй шартындагы эмес, кадимки кондитердик цехтердикиндей тортторду жасап сата баштадык. Күндөн-күнгө элдин суроо-талабы көбөйө берди. Ошентип, бизде жасалган торттун саны арбыды.
– Торт жасоо үчүн атайы техника керек эмеспи. Бул нерселерден кыйналган жоксуңарбы?
– Башында эч кандай техникасыз баарын колго жасачубуз. Болгону, даярдалган камырды бөлтөгү жок суюк кылуу үчүн чалгыч колдончубуз.
– Атайын адистерди жалдадыңарбы?
– Жаңыдан иш баштаганда апам өзү эле ар кимден сурап, жасоо ыкмаларын үйрөнчү. Андан кийин мен иш боюнча чет өлкөгө көп каттай баштадым. Ошондо ирандыктардын технологиясы жагып калды. Чынында алар тортту укмуш жасашат экен. Бизге торт жасоо ыкмаларын алардан сырткары орустар, америкалыктар, франциялыктар үйрөтүштү.
– “Зинанын торту” деп аталып калышы апаңыздын атынан улам болгон турбайбы? Көпчүлүк бул фирманы орустарга тиешелүү деп ойлошот...
– Жасаган тортторубуз өтүмдүү боло баштаганда тортко ат коюу керектигин түшүндүк. Баарыбыз бир ооздон апабыздын атынан “Зинанын торту” деп атайлы дедик. Апам деле каршы болгон жок. Ал кезде “биз жасаган тортту бүтүндөй мамлекет таанып калат” деген ой эч кимге келген эмес. “Эгер “Зинанын торту” ушундай деңгээлге жетерин билсем, мен деле атымды коштуруп коймок экемин” деп азыр атам күлүп калат. Азыр көпчүлүк “Зинанын торту” десе эле орус аял болуш керек деп ойлошот. Бирок андай эмес. Азыр апам 72 жашта. 2 келини, 3 күйөө баласы жана 11 небереси бар. Бизди үстүртөн карап турат. Бул компаниянын башкы директору улуу эжем. Анын орун басары мен.
– Алтынчы тортту кардарга бекер берүү, жумшак оюнчуктарды белекке берүү өңдүү акцияларды уюштурган элеңер. Сыягы биртуугандарыңар арасында пиарды жакшы өздөштүргөндөр да бар окшойт...
– Мындай жол менен кардарды тартууну чет өлкөдөн көрүп келдик. Чынын айтуу керек, дал ушул акциядан улам биз чоң ийгиликтерге жетиштик. Негизи, биздин мамлекеттеги тамак-аш боюнча иштегендердин баары башка улуттан. Көпчүлүгү уйгур же орус дегендей. Биз кыргыз элинен деле тамак-ашка басым жасап, бийик деңгээлге жеткире тургандар чыгарын далилдегибиз келет. Ошол үчүн бардык дараметибиз менен торттун сапатына, даамдуулугуна өзгөчө көңүл буруп келебиз. Торттон сырткары да таттуу токоч, вафли чыгарабыз. Алардын аталыштары нукура кыргыз тилинде. Мисалы, “Дасторкон”, “Той болсун”, “Шумкар”, “Жыргал” деген вафли, пирожныйларыбыз бар. Өзүбүз чыгарган ар бир тамак-аштын атын элибиздин каада-салттарына байланышкан сөздөр менен атоону максат кылганбыз.
– Кондитердик тамак-аштардан сырткары башка нерсе чыгаруу оюңарда барбы?
– 8-марттын алдында открытка чыгардык. Буга да кыргыз тили үчүн күйгөндүгүм түрткү болду. Карасам, открыткалардын баары эле орус тилинде. “Эмне үчүн кыргыз өз мекенинде жашап жатып, өзүнүн эне тилинде жазылган открытка таба албайт?” деген суроо мени бушайман кылды. Ошондон улам кыргызча жазылган открыткаларды чыгара баштадык.
– Ишканаңардын имараты, адистердин саны, торттордун даамдуулугу мурункуга караганда бир кыйла алдыга жылса керек...
– Албетте, өнүктү. Азыр биздин торт башкалаага, Чүй облусунун бардык жерине, Ысык-Көлгө тарайт. Кышында Ошко, Казакстанга да жөнөтөбүз. Фирмада иштеген адамдын саны да бир топ өскөн.
– Ал эми атаандаштыкка кантип туруштук берип жатасыңар?
– Өнүккөн мамлекеттер менен байланышып жаңы технологияларды, тышындагы коробкасы боюнча жаңы дизайндарды ойлоп таап жатабыз дегендей. Айтор, дайыма изденүүдөбүз.
– Эми сөздү өзүңүзгө бурсак. Ашканада кандай кожоюнсуз?
– Мен шишкебекти жакшы жасайм. Чет өлкөгө көп барам. Барганда эле биринчи алардын ашканасына көңүл бурам.
– Ишкер адамдын соодага болгон шыгы кичине кезинен эле байкалат. Сиз тортко чейин соода менен алектендиңиз беле?
– Студент кезимде базардан бир шымга 1 метр 20 сантиметрден кездеме алчумун. Азыр атын унутуп жатам, бир орус аялга “тигип бериңиз” деп таштачумун. Даяр болгон шымды алып келип студенттерге сатчумун. Ошондо бул иш жакшы пайда алып келерин туюп тигүүчүлүк, бычмачылык курстарга баргам. Андан сырткары базардан айымдардын 37-өлчөмүндөгү туфлисин алып үстүнө 50 сом кошуп эртеси сатчумун. 36, 38, 39-өлчөмдөгү бут кийимдерди алчу эмесмин. Анткени алар жакшы өтпөйт. Ал кезде алып саткандарды милиция кармап, камап койгонго чейин барчу. Туфли көтөрүп турганымды көрүп жаныма келген милицияга “муну сатпайм, алмаштырам” деп алдап кутулчумун.
– Үйдөн торт жасайсызбы? Конокко барганда кайсы түрүн көп алып барасыз?
– Үйдөн торт жасаганга убакыт жок. Өзүм көп да жебейм. Негизи, таттууга анча жокмун. Ал эми конокко барганда сөзсүз “Зинанын тортторун” алып барам.
– Тортко байланыштуу кызыктуу окуялар болсо эсиңизге түшүрсөңүз...
– Каталог боюнча заказ алып, айтылган убакытта жеткизип беребиз. Бир жолу 2 үйлөнүү тойдун чоң торту алмашып кеткен. Тортко “баланча менен баланча бактылуу болгула” деп жаздырышат эмеспи. Элестетсеңиз, тортту ачышса эле башка бирөөлөрдүн аттары жазылып жүрөт. Анан дароо эле бизге телефон чалышты. Ошентип 2 тортту кайрадан алмаштырганбыз. Дагы бир жолу торт саткан дүкөндө турсам бир адам келип “мага силердин торт абдан жагат. Бирок “Зина” деген коробкага салбай эле койгулачы. Мен азыр экинчи аялым менен жашайм. Биринчи аялымдын аты Зина эле” деген. Ошондо мен баш болуп башка коробка издеп аябай күл-ала болгонбуз.
– “Зина” компаниясынын жакынкы пландары кандай?
– Мактаныч менен эле айта кетсем болот. Биз торт жасоо боюнча айрым өлкөлөргө караганда бир топ алдыдабыз. Торттон сырткары элге керектүү көп нерсе чыгарабыз деген пландар бар. Бирок кризиске байланыштуу, ал пландар бир аз кечеңдечүдөй болуп турат.
– Кризис демекчи, бул нерсе силерге таасир берүүдөбү?
– Албетте, таасирин тийгизбей койгон жок. Кардарларыбыз 50 пайызга азайды. Бул аш-тойлордун азайгандыгынан болсо керек.
– Эгер “Ийгилик сыры” деген китеп жазсаңыз кириш сөзүнө эмне деп жазмаксыз?
– Иш баштаган адам өзүн-өзү алдабашы керек. Мисалы, бир нерсени жасай албай калып “тигил адам жардам бербей коюп, мен ушуга кабылдым” деген сыяктуу сооротуулардан, алдоолордон качышы керек. Кириш сөзгө мен ушуну баса белгилеп жазмакмын.
– Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан