КАРАКОЛДУК БАЛДАР АРМАНСЫЗ МАЙРАМДАШТЫ

Каракол шаарында 1-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмү жана Каракол шаардык мэриясы биргеликте Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата борбордук аянтта салтанаттуу иш-чара өткөрүштү. Иш-чарада өспүрүмдөр жана мектеп окуучулары арасында “Менин Кыргызстаным” аттуу асфальт үстүндө сүрөт тартуу жана кол өнөрчүлүк боюнча сынак жүрүп, жеңүүчүлөр атайын белектерге ээ болушту. Андан соң балдарга арналган майрамдык концерт берилип, өспүрүмдөргө бекер балмуздак таратылды. Иш-чаранын экинчи бөлүгү А.С.Пушкин эс алуу багында улантылып, “Атам, апам жана мен – спорттук бирдиктүү үй-бүлө” деген темада спорттук эстафета менен уланып, катышуучулар калыстар тобунан мыкты белектерге ээ болушту. Бул күнү 12 жашка чейинки бөбөктөр үчүн аттракциондор бекер иштесе, Каракол шаарындагы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана Кызыл Ай коомдук бирикмесинде окуган балдар акысыз цирк көрүп, кубанычында чек жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
berrak
2012-06-27 21:37:52
okup alip kubandim. men dagi karakoldukmun. kichinekey bobogum,jeenderim bar. alardin mayramdap jurgondorun elestetıp koydum. a men bolso chet olkodo alıstamin uydogulordon.
0
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан