ЭСКИ СХЕМА ЭСТЕН КЕТПЕЙТ
Экс-спикер Ахматбек Келдибеков өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жөнүндө өтө кызык кептин башын кылтыйтты. Ал: “Мамлекеттик ишканалардын бардык депозиттери менен эсептери бүгүн "Кыргызстан коммерциялык банкы" аркылуу которулат”,- деп 7-май күнү парламенттик жыйында билдирди. ЖКдагы президенттин өкүлү Данияр Нарынбаевге кайрылып: “Эгерде биз коррупция менен күрөшүп жатсак, анда буга көңүл буруу керек”,- деди. Эсептеп көрсөң, арадан көп деле убакыт өткөн жок. Эки жылдай мурун эле керек болсо мамлекеттик бала бакчалардын төлөмүнөн өйдө АУБга төлөп калышкан. Экс-президенттин уулу көмүскөдөгү өлкө башкаруучуга айланып, мамлекеттик банктарды көзүнө илбей “АзияУниверсалБанк” дегенди ачкан. Кийин бардык мамлекеттик мекемелерди дал ушул банк аркылуу тейленүүсүн буйруган.
БИЗНЕСМЕНДЕР БИЙЛИГИ...
“Бийликке бизнесмендер келишти. Ар бир саясатчынын банктары, микрокредиттик компаниялары бар. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов – “Кыргызстан коммерциялык банкынын" кожоюну. Бакиевдин учурундагыдай эми бул банкта бардык мамлекеттик акча жүгүртүлөт”,- деп “Элдик фронт” коомдук уюмунун башчысы Абдымалик Мырзаев айткан эле. Ошол күн бат эле келдиби? Өмүрбек мырза болсо мамлекеттик каражат мурункудай эле РСК жана “Айыл банкы” аркылуу айлантылып жатканын билдирген. Бул сөздөр ЖКнын жыйын залында кала бербей, текшерилет деп ишене туралы.