ИНДИЯ

Саякат

Көз карандысыздык күнү – 15-август, 1947-жыл, (Улуу Британиядан).
Расмий тилдери – Хинди, англис тилдери.
Борбор шаары – Нью-Дели.
Башкаруу формасы – Парламенттик Республика.
Президенти – Пратибха Патил.
Аянты – 3 миллион 287 миң 590 чарчы чакырым (дүйнө боюнча 7-орунда).
Калкы – 1 миллиард 210 миллион (2010-жыл).
Дини – Негизги дини индуизм (калктын 80,46 пайызы) жана ислам (калктын 13,43 пайызы).
Валютасы – Индия рупийи. 1 рупий болжол менен биздин 85 тыйынга барабар.

ЧӨЛҮ ДА, ТҮБӨЛҮК ЖАШЫЛ ТОКОЮ ДА БАР
Индиянын территориясы абдан кең. Андыктан андан тропиктик түбөлүк жашыл токойлорду, ийне жалбырактуу токойлорду, саваннаны, жарым чөлдү, чөлдү жана башынан ак кар кетпеген бийик тоолорду да кездештирүүгө болот. Ушул себептүү жаныбарлар (фауна) жана өсүмдүк дүйнөсү (флора) абдан бай. Лотос, каштан, индия баньяны (анжир дарагы), акация, кедр, карагай, пальма, фикус, бамбук өңдүү өсүмдүктөр өсөт.
Бамбуктун түрлөрү бар. Алар бир гана ирет гүлдөп, анан өлүшөт. Бамбук гүлдөп бүткөндөн кийин көптөгөн аймактар бош калат. Жаш, солкулдак бутактары тамак-ашка керектелет.
Жыттуу жамсинден атыр жана дары-дармек жасоо үчүн эфир майын алышат.
Сандал дарагынын жыгачы абдан бышык, бекем болгондуктан, илгертен эмерек жасалып келет. Бул дарактан тургузулган байыркы храмдардын бүгүнкү күнгө чейин урабай турганы да ушундан улам. Дарактан жыпар жыттуу түтөтүүчү таякчаларды жасашат. Эфир майы атыр чыгарууда колдонулат.

ДЕЛЬФИНДЕР, ЫЙЫК МАЙМЫЛДАР...
Арстандар Улуттук парктарда гана сакталып калса, жолборс, леопарддар дале жунглилерде жортуп жүрүшөт. Гиена (чөө), гепард, карышкыр, керик, маймыл түрлөрү, мангуст, антилопа, пил, буйвол, аз санда илбирстер жана башка жаныбарлар кездешет.
Маймыл-хулокту (ак каштуу гиббон деп да аталат) Индиядан башка жактан көрө албайсың. Ал канаттуулардын жумурткаларын, чөп-чарды, жашылча-жемиш, балапандарды, курт-кумурскаларды жей берет. Ал эми лангур маймылы – индиялыктар үчүн ыйык жаныбар. Алар көбүнчө топ-топ болуп (20-30дай) храмдарды байырлашат.
Токой араласаң, салмагы 170 килограммга, ал эми боюнун бийиктиги 135 сантиметрге чейин жетүүчү хангул бугусуна кездешесиң.
Кобра, питон сыяктуу түрдүү жыландар, курт-кумурскалар да Индияны турактоочуларга кирет. Ганг жана Брахмапутра дарыяларында ганг дельфиндери, ошондой эле гавиал крокодилдери жашайт.
Канаттуулардын түрлөрү көп. Алардын арасынан тоос, каркыра-турна, илек-илекти көрүүгө болот.

ЧАПАТИ ЖЕП, БОЁК МАЙРАМЫН МАЙРАМДАШАТ
Индиянын ашканасы тамактар жана аларга өзгөчө даам берүүчү татымалдарга абдан бай. Имбирь, корица, кориандр, зире татымалдарынын мекени – дал ушул Индия. Абдан жука наны “чапати” (биздеги жупка же чабаты) деп аталат. Палоосу “пулао” деп аталып, күрүч менен жашылчадан жасалат. Шак (куурулган жашылчалар) менен фаршталган жашылчалар көп желет. Көбүнчө койдун жана эчкинин эти колдонулат. Гуштаба (йогурт кошулган тефтели) – туристтердин да баалап жеген тамагы.

  • Кийими. Аялдарынын негизги улуттук кийими – сари. Анын ичинен чоли (жука блузка) жана ылдыйына жука юбка кийилет. Эркектериники дхоти (белден ылдый курчоочу кийим), курта (узун көйнөк), чуридара (этеги ичке ыштан), пагри (чалма) жана башкалар.
  • Майрамдары абдан көп. Мисалга экөөсүн келтирели.

Кумбха-Мела фестивалы. 3 жылда бир өткөрүлүүчү Кумбха-Мела фестивалы 45 күнгө созулат. Индиянын туш тарабынан сыйынууга келген миңдеген эл диний ырым-жырымдарды жасап, ырдашат.
Холи – Боёктор майрамы. Марттын башында баштала турган бул майрам 16 күнгө созулат. Бул аралыкта Индияда болуп калсаңыз, башыңыздан ылдый боёктуу суунун куюлушуна, кийимиңизге да боёктордун чачылышына даяр боло бериңиз. Майрам жаз менен кошо жашоонун жаңырышын даңктайт.

ЫСЫСАҢ ШАМАЛДАР САРАЙЫНА, КЫЗЫКСАҢ ТАШ БАГЫНА БАР
Индиянын кыдырып көрчү абдан кооз жерлери толтура. Айрымдарын мисалга келтирели.

  • Шамалдар сарайы (Хава-Махал) – 1799-жылы Индиянын махараджасы (улуу падыша) Саваи Пратап Сингхдин аялдары үчүн (гарем катары) күлгүн таштардан салынган 5 кабаттуу имарат. Имараттын туурасы кууш жана терезелери көп болгондуктан, шамалдап турат. Аталышы да ушундан чыккан. "Жашоого анча ылайыктуу болбогондуктан, гаремдегилер көчөдөгү майрамды көрүш үчүн колдонушчу" деген маалыматтар бар.
  • “Тирүү” көпүрөлөр. Мегхалая штатынын Черапунджи шаарынын жашоочулары көпүрөнү курбай эле өстүрүүнү үйрөнүп алышкан. “Тирүү” көпүрөнүн ролун каучук алынуучу фикус дарагы аткарат. Анын тамырлары сыртты көздөй өсө турганын байкаган эл тамырларын керектүү багытка багыттап, көпүрөлүү болууну өздөштүргөн. Жакшы көпүрөлүү болуш үчүн 10-15 жыл керектелет. Фикустун тамырлары 30 метрге чейин өсөт.
  • Таш багы. Чандигарх шаарында кызыктай бак бар. Анда өсүмдүк аттуудан эч нерсе жок. Болгону, Нед Чанда деген киши тарабынан таштандылардан (идиш-аяк, кыш, лампочкалардын сыныгы, таштар жана башка) жана цементтен жасалган адамдардын айкелдери бар. Кызыгы, жергиликтүү башкаруучулар Таш бакты 18 жылдан кийин гана байкап, жер бөлүп беришкен. Азыр аянты – 12 гектар.

Индиянын кызыгып көрчү жерлерине көлдөр менен курчалып, сырты мрамор айкелдер менен капталган Акшардхам храмын, Лотос храмын (башкы сүрөттө), Таж-Махалды жана башкаларды кошууга болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


Жылдыз гид

Гүлзада: «ИНДИЯДАН БИЗГЕ ОКШОШ АДАМДАРДЫ ЖОЛУКТУРДУМ»

Былтыр ноябрда Индияда Будданын касиети ачылганынын 2600 жылдыгына карата Бүткүл дүйнөлүк конгресс өткөн. Анын алкагында улуттук-этникалык ырлар боюнча фестиваль болуп, ага бизден ырчы Гүлзада да катышып келген. Андыктан ырчы жылдыз-гид болуп берди.

"ЭЛИ"
– Индиялыктар касталарга бөлүнүп жашашат эмеспи. Төмөнкү кастадагы адамдар аябай эле кедей. Алар күн ысык болгону үчүн көчөлөрдө түнөп, үйү жок деле жашай беришет. Ал эми жогорку кастадагылар бай келишет.
Нью-Дели, Варанаси, Бодх-Гая, Раджгир, Патна шаарларына бардык. Варанасиде Ак бүркүттүн тоосу аттуу ыйык тоо бар. Алардын түшүнүгүндө Будда ошол жерден Кудайдан касиет алыптыр. Жагымсызы, тоого чыгып бараткан жерде кайырчылар ушунчалык көп. Балким, бул алардын жашоо образы, балким, чын эле жетишпейт, бирок кайырчылыктан алар уялышпайт дагы. "Ушундай болуп жашоого жаралдым жана ушинтип жашайм" деп коюп жүрө беришет экен. Жүздөрүнөн кайгырууну да байкаган жокмун.

"САЛТ-САНААСЫ"
– Байлардын үйлөнүү тоюна күбө болуп калдык. Күйөө баланы гүлдөр менен кооздоп, моюнуна акчаларды илип, ушунчалык жасап коюшуптур. Ал мага келинчектен да чырайлуу көрүндү. Кире бериштен ичи гүлгө толтурулган суусу бар дагара көрдүм. Көрсө, аны менен келинчек күйөө баланын бутун жууйт экен.
Сапар учурунда тибеттиктер отурукташкан Тибет кварталы деп аталган шаарчага бардык. Бир ырчысы концерт берип жатыптыр. Ал жерден мен да кыргызча ырдап бердим. Тибеттиктердин сырткы келбети, мүнөзү, тамак-ашы, манты жеп, сүт чай ичкени биздикине окшош экен.

"ТАМАКТАРЫ"
– Төмөнкү катмардагы эл ар кандай инфекциялардан коргонуу үчүн өтө эле ачуу тамак жесе, жогорку катмары ачуудан бир аз качышат. Нандары эсте калды. Алар биздин калама нандарга окшош. Ошондой нанды илгери менин чоң энем жасачу.

"ТИЛИ"
– Биздикине окшош сөздөрү көп экен. Мисалы, "душман, бечара, аста-аста, чабаты, дарбаза, дос" деген сөздөрү бир аз башкача айтылат, бирок мааниси жагынан окшош сөздөр.

"КИЙИМДЕРИ"
– Бүт дүйнөнү Кытайдын кийимдери басып кеткенине карабастан, Индиядан Кытай өндүрүшүнөн чыккан кийимдерди көрө алган жокмун. Улуттук кийимдерин кийип жүргөндөрү жакты. Кездеменин түрү көп. Жибек фабрикасына да барып көрдүм, кызыгып. Сари да сатып алгам. Бул жакта аны кийип жүрө албагандыктан, андан көйнөк тиктирип алдым.

"КӨЙГӨЙҮ"
– Алардын көйгөйү – таза суу. Суу маселесин көргөндө "кереметтүү кыргыз жеринен айланайын!" дейт экенсиң. Биздикиндей таза аба, шаркырап аккан суу жок. Биз беш жылдыздуу мейманканасында болдук. Ушундай мейманканада да агып жаткан сууну иче албайсың, кайнатып да иче албайсың. Даамы башкача. Атайын тазаланган гана сууну ичүүгө болот.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлзада менен Индияга саякат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
erali
2012-06-19 00:12:41
Индия жакшы олко бирок Кыргызстанымандан жакшы,бир эле нерсени айтайын билим алууга шарты жок мектепке барбаган миллиондогон балдар журот ал эми бизде ,бизде соз жок...
0
nuris89
2012-06-20 00:14:42
induizm degen religi9 jok buddizm desener
0
kumarbeka
2012-06-22 11:15:27
кинолуру кызык да.
0
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан