БАДЫРАҢ - ТАБИГЫЙ «КОСМЕТОЛОГ»

Кырт, кырт... Ооба, баарыбыз бадыраңды жакшы көрүп кыртылдатып жейбиз. Бирок анын кайдан келгенин, адамга кандай пайдасы бар экенин баарыбыз эле биле бербесек керек.

БАДЫРАҢ КАЙДАН КЕЛГЕН?
Бадыраңдын түпкү мекени болуп Индия эсептелет. Бул жашылча адамзатка мындан 6000 жыл илгери эле белгилүү болгон. Бүгүнкү күндө бадыраңдын ар кандай сорттору тамак-аш катары жана атайын кооздук үчүн Жер шарынын дээрлик бардык чөлкөмүндө өстүрүлүп келет.
Кыргызстанда бадыраңдын “Голланддык”, “Алтай”, “Маргелан” жана башка сорттору кеңири өстүрүлөт. Бадыраңды өтө бышып, саргайып кеткенге жеткирбей, мүмкүн болушунча күн сайын жыйнап туруу керек. Жаңы бадыраңды үйдө 2 суткага чейин, ал эми 1 градус температурада 20 күнгө чейин сактоого мүмкүн. Бадыраңды алма менен чогуу сактоого болбойт.

ЖАШЫЛ "ДАРЫГЕР"
Бадыраңдын курамы 95-98 пайыз суудан тургандыктан, заара кубалоочу касиетке ээ. Ал бөйрөк, боор жана башка ички органдарды тазалоо үчүн пайдалуу. Ошондой эле жалпы организмди токсиндерден (уулардан) тазалайт. Ал организмге тамак-аш аркылуу түшкөн көмүртектин өлчөмүн калыпка салат. Демек, денеге ашыкча майдын топтолушунун алдын алат. Бадыраң калийге, магнийге, кальцийге бай болгондуктан, бөйрөктүн, жүрөктүн жана муундардын иштөөсүн жакшыртат. Организмдеги кислота-щелочтук тең салмактуулукту кармап, ар кандай оорулардын алдын алат. Бадыраңдын курамындагы кремний менен күкүрт клеткаларды бекемдеп, бойдун өсүшүн, чачтын бекемдигин, теринин сапатын, өңүн жакшыртат. Мындан тышкары аталган жашылча дене табын түшүрүүдө жана күйүктү дарылоодо кеңири пайдаланылат.
Бадыраң гастрит, ашказан жарасы барларга сунушталбайт.

БАДЫРАҢ ЖЕП АРЫКТА
Диетологдор бадыраңдын арыктатуучу өзгөчө касиетке ээ экендигин баса белгилешип, төмөнкү диетаны сунушташат. Бул диетаны акырына чейин бузбай кармоого чыдамыңыз жетсе, бир жумада 4-5 килограммга чейин арыктай аласыз.
1-күн
Эртең менен: 2 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан.
Түштө: жашылчалар жана бадыраң кошулуп жасалган шорпо, алма.
Саат 3-4төрдө: апельсин.
Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты. Салатка өсүмдүк майын кошсоңуз болот.
Жатардан 2 саат мурун: 1 даана бадыраң.

2-күн
Эртең менен: 2 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан.
Түштө: шалгам менен бадыраңдан жасалган салат, 50 грамм уйдун сууга бышкан эти.
Саат 3-4төрдө: алма.
Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты.
Жатарга 2 саат калганда: 1 даана бадыраң.

3-күн
Эртең менен: 2 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан.
Түштө: 100 грамм сууга бышкан күрүч, бадыраң, 100 грамм сууга кайнатылып бышкан балык.
Саат 3-4төрдө: бадыраң.
Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты.
Жатарга 2 саат калганда: бадыраң.

4-күн
Эртең менен: 1 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан.
Түштө: бадыраң, 20 грамм катуу сыр, 100 грамм сууга бышкан күрүч.
Саат 3-4төрдө: алмурут же алма.
Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты.
Жатарга 2 саат калганда: бадыраң.

5-күн
Эртең менен: 2 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан.
Түштө: шалгам, сабиз, капуста жана бадыраң салаты, апельсин.
Саат 3-4төрдө: алма.
Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты. 20 грамм катуу сыр.
Жатарга 2 саат калганда: бадыраң.

6-күн
Эртең менен: 1 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан.
Түштө: шалгам, сабиз, бадыраң кошулуп жасалган шорпо. 1 даана сууга бышкан жумуртка, алмурут.
Саат 3-4төрдө: мандарин.
Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты. 20 грамм катуу сыр.
Жатарга 2 саат калганда: бадыраң.

7-күн
Эртең менен: 2 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан.
Түштө: шалгам, бадыраң, сабиз кошулуп жасалган шорпо, алма.
Саат 3-4төрдө: бадыраң.
Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты.
Эскертүү: Диетаны кармаардан мурда дарыгер менен кеңешип алуу туура.

БАДЫРАҢ – ТАБИГЫЙ "КОСМЕТОЛОГ"
Бадыраң беттеги сепкилдерди кетирүүчү, бырыштарды жазуучу, агартуучу жана теридеги тешиктерди тарытуучу касиетке ээ.
Кургак бет үчүн маска: 1 аш кашык кулпунай жана бадыраң боткосуна 1 чай кашык каймак кошуп бетиңизге жабыңыз. Масканы 10-15 мүнөт кармаган соң жылуу суу менен жууп саласыз. Кулпунайдын ордуна дан куурай же өрүктү колдонсоңуз да болот.
Калыптагыдай териге: Бадыраң маңызын ошол эле өлчөмдөгү кайнак суу менен аралаштырып, атайын идишке куюп, муздаткычта тоңдуруп аласыз. Күнүгө эртең менен бул муз менен бетиңизди сүртүңүз. Бул бетти тазалайт жана агартат.
Майлуу жана бырыш баскан бет үчүн маска: Кабыгы аарчылган бадыраңды кыргычтын майда тишинен өткөрөсүз. Пайда болгон боткодон 1 чоң кашык алып, ага 1 чоң кашык чалынган жумуртканын агын кошосуз. Бул аралашманы бетиңизге 15-20 мүнөт коёсуз да, муздак суу менен жууп саласыз.
Бадыраң лосьону:
3 бадыраңдын кабыгын майдалап, үстүнө 100 грамм арак куюп коёсуз. Бул маңыз жашыл түскө айлана баштаганда бетиңизге лосьон катары сүртсөңүз, сепкилдерден, тактардан арылууга жакшы жардам берет. Кургак терилүү беттерге колдонордо маңызга 2 аш кашык кайнатылган суу жана 1 чай кашык глицерин кошуу талапка ылайык.

"БЕЛЕС" САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Бадыраң – 2 даана
Колбаса – 150 грамм
Сыр – 100 грамм
Помидор – 2 даана
Майонез – 4 аш кашык
Сарымсак – 2 тишче
Салат жалбырагы
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Бадыраң, помидор, сыр, колбасаны чарчы түрүндө, ал эми сарымсакты майда кылып туурайбыз.
2. Тарелкага салат жалбырагын төшөп, анан ирети менен азыктарды биринин үстүнө бирин салабыз. Эң үстүнө майонезден куюп, дасторконго беребиз.

КЫЗЫКТУУ

  • Дүйнөдөгү эң чоң бадыраң Улуу Британияда өстүрүлгөн. Анын узундугу 1 метр 20 сантиметрди түзгөн.
  • Тынч океандын аралдарында абориген жигиттер бадыраңды банандын жалбырактарына ороп, жерге көмүп сакташат. Кыздар болочок күйөөлөрүн анын запастагы бадыраңынын санына карап тандашат.
  • Клеопатра сулуулугу үчүн күнүмдүк рационунан бадыраңды үзбөгөнүн айтып өткөн.
  • АКШнын Берриен-Спрингс шаары "Дүйнө жүзүндөгү бадыраңдардын борбору" деп аталып, жыл сайын декабрда бул жашылчага арналган парад өтөт.
  • Христофор Колумб деңизчилерди цинга оорусунан сактоо үчүн саякатка чыкканда сөзсүз туздалган жана жаңы бышкан бадыраңдарды ашыгы менен алып жүргөн.

БАДЫРАҢ ЗАКУСКЕСИ
Керектелүүчү азыктар:
Бадыраң – 5 даана
Жумуртка – 3 даана
Сыр – 100 грамм
Каймак – 100 грамм
Сёмга балыгы – 100 грамм
Сарымсак – 3 тишче
Татымына жараша туз, кара мурч

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач сууга бышкан жумуртканы, андан соң сырды сүргүчтөн өткөрүп алабыз.
2. Буга майда тууралган сарымсакты, каймакты кошуп, татымына жараша туз, мурч салып аралаштырабыз.
3. Эми жуулган бадыраңды узатасынан 2 миллиметр калыңдыкта кесебиз. Анан балыкты чакан тилимдерге бөлөбүз.
4. Бадыраң кесиминин үстүнө туурамжыдан жана балыктан салып, узатасынан оройбуз. Дасторконго коёрдо көк чөптөр менен кооздоп коюуну унутпаңыз.
Мындай закускени бадыраңдын ичин оюп, туурамжы менен толтуруп жасоого да болот.



Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
zaichenok
2012-06-18 15:04:33
ШАЛГАМ деген эмне, айтып койгулачы, пожалйста... И салатка колбаса варенная и копченная нужна?
0
ayba_____ms
2012-06-18 18:00:40
Мага жакты дайым жазыптургула билбегенди билип алалы! Рахмат силерге!
0
rus.kg.90
2012-06-18 20:14:43
kenewiniz u4un 4oon rahmat bar bolunuz
0
Nazbiike
2012-06-18 20:49:15
Магада жакты рахмат кенешиниздерге!
0
beuty
2012-06-18 21:32:39
даа,жакшы кенеш рахмат.
0
AFRODITA-89
2012-06-19 01:32:26
мага да жакты эн оной жана кызыктуу салаттарго
0
Beka
2012-06-19 15:12:06
мага дагы жакты.
0
elyadin
2012-06-19 23:03:25
Укмуш
0
ai_ka
2012-06-21 09:59:26
бадыран абдан сонунго.
0
Magnolya
2012-06-21 13:53:42
Мага да жакты рахмат диетага кобуроок жазгылачы?
0
baibolot71
2012-06-21 17:08:37
jakwy kenew eken bylyp aldym,surany4 syzderden buldurkon turaluu jazynyzdar4y
0
sss01
2012-06-22 02:45:57
рахмат кенешиниздер абдан жакты
0
djaka
2012-06-23 07:55:04
абдан пайдалуу кенештер экен. Рахмат!
0
AIZAD
2012-07-01 00:13:55
жакшы кенештер экен сиздерге рахмат
0
Kuni
2012-07-02 03:22:52
мага дагы жактын билбегенди билип алдык рахмат силерге ишинерге ийгилик дагы кооп кенештерди кутобуз.
0
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан