– Съездбек, “Боз салкын” аттуу бул фильмге кандайча катышып калдың эле?
– Менин жаш кезимден эле киного тартылуу тилегим бар болчу. Бирок, бул оюм азыр ишке ашат деп түк ойлогон эмесмин. Бир күнү кафеде ырдап жаткан жериме Эрнест байке өзү атайын барыптыр. Көрсө, менин “Селкиге” тартылган клибимди көрүп калып, фильмдеги башкы ролго мени ылайык көрүптүр. Бул ролго бир жылдан бери ылайыктуу адам таба албай жүрүшкөн экен. Менден мурун бир баланы тартышса, фильмдеги каармандын мүнөзүнө ал баланын мүнөзү окшошпой калыптыр. Ошентип, Эрнест байкенин чакыруусу менен эртеси фотопробага барып, андан кийин видеопробадан да өтүп кеттим. Кыскасы, көктөн издегеним жерден табылып, бул ролго күтүлбөгөн жерден тандалып калдым.
– Фильмде кандай каармандын образын жараттың?
– Мында мен Мурат деген жигиттин ролун аткардым. Мурат фильмде айылдагы абройлуу, жетишкен үйбүлөнүн баласы болот. Ал фильмдин башында жеңил ойлуу, турмушка терең карабаган каарман катары сүрөттөлөт. Фильмдин аягында көзү ачылып, баарын түшүнөт. Кыскасы, фильмде Мураттын образы аркылуу сүйүүнү, ар кандай карама-каршылыктарды бердим.
– Канткен менен сенин актёрлук билимиң жок эмеспи. Образ бере албай кыйналган учурларың болдубу?
– Профессионал режиссёр менен иштегеним үчүнбү, көп кыйынчылыктар болгон жок. Анын үстүнө бизге Эрнест Абдыжапаров күн сайын актёрлук чеберчилик жөнүндө сабак өтүп жатты. Болгону башында жакшы көнө албай, бир аз уяңдык кылып койдум окшойт. Бирок, так ошол учурлар менин Асема деген сүйгөн кызымдын ата-энесине барып таанышып, уяң жигиттин түрүн көрсөткөн эпизоддорго туш келип калды. Ошентип, башындагы уяңдыгымдын тескерисинче пайдасы тийди.
– Съёмка учурунда эсте калган кызыктуу окуялар болдубу?
– Сценарийдин акырында фильмдеги дагы бир баш каарман Сагын экөөбүздүн ат үстүнөн мушташкан жерибиз бар эле. Ушул акыркы съёмка деп турганыбызда Сагындын чыканагы менин көзүмө катуу тийип, бир көзүм көгөрүп чыкты. Айыгат деген сайын тескерисинче күчөй берип съёмканы бир жумага токтотуп турууга аргасыз болдук. Акыры такыр эле көгөргөнү тарабай коюп, гриммдеп отуруп съёмканы уланттык. Ушул эле мушташкан жерибизде камчы менен чабышып жатып далыларыбызга кадимкидей камчынын издери түшүп калыптыр. Алгач ичибизден катуу сокку тийбей турган кийимдерди кийгенбиз. Тарта келгенде эле ал кийимдерибиз камерага түшүп калгандыктан, аларды чечип койгонго туура келди. Кийин бири-бирибизди канча жолу чапканыбызды ошол издерди санап билип жатпайлыбы.
Дагы бир жеринде Сагын мени катуу түртүп, мен эшикке жармашып калган эпизод тартылыш керек болчу. Ушул жерин окшоштура албай улам-улам кайталап жаттык. Съёмканы тамаша кылып карап отурган айылдын кемпир-кесектери менин улам эле эшикке бир тийгенимди көрүшүп мени аяп алышыптыр. “Ай, байкуш балам ай, болдучу, тартпай эле койгулачы?!” деп кээ бирлери кадимкидей ыйлап жүрүшөт. Баса, ал айылдын тургундары мени аябай жакшы көрүшөт экен. Менин Съездбек атым өчүп эле “Жүрөккө жүрөк” аталып калыптырмын. «Жүрөккө жүрөк» балам, келегой, муну ичип ал» деп бири максымын, экинчиси дагы бир нерсесин көтөрүп эле келип калышат.
Съёмка учурундагы эсте калаарлык нерселердин дагы бири – карышкырдын качып кеткени болду. Койлорго тийген карышкырды тартыш үчүн атайын зоопарктан карышкыр алып барышкан экен. Ал карышкырыбыз бир жолу тарткандан кийин жоголуп кетти. Кайда качып кеткени белгисиз. Түнү бою издеп, таппай коюшуптур.
– Фильмде атты чыныгы чабандестердей минип тартылганың бар экен. Ат мингенди башынан эле жакшы билчү белең?
– Кыргыздын ат мингенди билбеген баласы барбы? Мен бала кезимден жайлоодо ат минип чоңойбодумбу! Албетте, башында бир аз бош отуруп алып жаттым. Андан кийин көнүп кеттим. Ага кошумча бизге ат мингенди да үйрөткөндөр болду.
– Фильм кайсы жерде, канча убакыт тартылды?
– Фильмдин башындагы съёмка шаардан башталды. Көпчүлүк бөлүгү Көл калаасындагы Кажысай айылынан, андан тышкары Суусамырдын жайлоосунан тартылды. Майдын аягында кеткенбиз, ошол бойдон июлдун ортосунда келдик. Фильмди декабрь айында кинотеатрлардан көрсөтүп, андан кийин эфирге беребиз деп жатышат. Ушул жерден айта кетчү дагы бир нерсе, фильмдеги “Боз салкын” аттуу ыр менин аткаруумда ырдалат.
– Эгер сыр болбосо ролуң үчүн канча гонорарга ээ болдуң?
– Бул нерсе албетте, сыр катары сакталмакчы. Ошентсе да алган гонорарыма нааразы болгон жокмун. А негизгиси, мен фильмге акча үчүн катышкан жокмун. Болгондо да “Боз салкындай” кыргыз фильмдери үчүн тикемден тик турууга даярмын.
– Сен киного тартылып жүргөн эки ай ичинде чыгармачылыгың өксүп калган жокпу?
– Жок, өксүгөн жок. “Кусалык”, жогоруда айтылып кеткен “Боз салкын” аттуу жаңы ырларым жаралды. Съёмка жүрүп жаткан аралык ичинде эле киного катышкан артисттер “Боз салкын-шоу” деген программа менен жакын айылдарга концерт коюп келүүгө жетиштик. Киного тартылуум тескерисинче, менин чыгармачылыгыма оң таасирин тийгизди дейт элем.
– Эми кино жаатына кызыгып кетип, ырчылыгыңды экинчи планга калтырып койбойсуңбу?
– Чындыгында киного катышууга кызыгып калдым. Бирок, чыгармачылыгым экинчи планда калбайт. Башка кинолорго да чакыруулар түшсө чын дилимден бармакмын.
Даярдаган Азиза Сатимбекова