«ТАМАШОУНУН» АРЫ ЖАГЫНАН»

Коомго жарык маанай менен кошо тарбия берип, олутту маселелерди тамаша аркылуу чагылдырган “Куйручуктарды” ар бир доордо жолуктурууга болот. Биздин замандын андай адамдарына “тамашоучуларды” кошсо болот. Алардын сахна артындагы жа­шоосун, тамашанын пайда болуу жолдорун көрсөтүп берген даректүү тасма тартылып, ал “Тамашоунун” ары жагынан” деп аталды. Тасмада ар бир команданын чыныгы жашоо-шарты, репетициялары элге көрсөтүлүп, күлкүнүн сахнага чейинки басып өткөн жолу баяндалат.
Бул тууралуу Эрмек Нурбаев: Көрүүчүлөр даяр күлкүгө гана келишет. Көрүп, күлүп-күлүп кетип калышат. Ал эми анын артындагы аракет, көп убакытты талап кылган даярдыктар, командалардын көйгөйлөрү жөнүндө эч ким билбейт да. Андыктан күйөрмандарыбызды “Тамашоунун” ары жагында кандай жашоо кайнап жатканы кызыктырат деп ойлодук” ,- дейт. “Тамашоунун” 4-сезонунун “Ак кеме” командасынын чемпион болушу менен аякташы бул даректүү фильмдин “фишкасы” болуп калды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
asemkiz
2012-06-29 16:37:36
фу
0
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан