«КЫЗЫМДЫ ӨЗҮМ МАЙЫП КЫЛЫП АЛДЫМ»

«Ата-эне үчүн ар бир бала таттуу болот эмеспи. Бирок ошол балдардын ичинен кичүүсү бир башкача жакын болору талашсыз. Кичине кезинен көзүн карап өстүргөн кызым студент болгондон кийин турмушка чыккан боюнча дайынын таптырбай кеткени жүрөгүмө октой болуп тийди. Мен кызымдын артынан издеп барып, жашоосуна аралашпаганымда, балким, кызым минтип майыптыкка кабылбайт беле... Анда кеп башынан болсун»,- деп сөз баштады редакциябызга келген токмоктук Турусбек Карыпбеков.

Алты баламдын кенжеси, кыркка чыкканда көргөн сүйүктүү кызым Назик мектепти бүтүрдү. Кубанычка кубаныч кошулуп, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бирине өтүп кетти. Анан ошол окуу жайдын жатаканасында жашап окуп калды.
Кызым биринчи, экинчи курстарда сессиясын бүтүрө калып, каникулда үйгө шашып келип калчу. Ал эми үчүнчү курска келгенден баштап көз көрүнө өзгөрө баштады. Үйгө каникулга келмек тургай Жаңы жыл сыяктуу чоң майрамдарда да жолобой калды. Кызымды көрүш үчүн темселеп Бишкекке өзүм келе турган болдум. Негедир менин келгенимди да жактырбай, эки жакты элеңдей карап, бирөөлөрдөн коркуп жаткандай абалын байкап калып жаттым. Аягында чыдабай, кызымды маңдайыма отургузуп алып эмне болуп жатканын, эмне үчүн мынча өзгөрүп кеткени тууралуу сурадым. Назик болсо: «Ата, эч нерсе болгон жок. Мен мурдагыдай кичинекей кыз эмесмин. Качан мага чоң кишидей мамиле кыласыңар?!»- деп ыйлай баштады. Анын мындай абалын көрбөгөн жаным кызымдан кечирим сурадым да, “мындан ары чоң кишидей чечимиңди өзүң чыгара бер”,- деп чыгып кеттим. Ошентип, мас кишидей болуп сыртка теңселе чыгып, кантип автобекетке барып, Токмокко кантип келгенимди да билбей калдым. Ортодон бир жума өттү. Аз өтпөй кызым түштүктүн бир айылына сүйлөшкөн жигитине турмушка чыкканын жана алар жакын арада биздин алдыбызга түшөрүн билдим. Муну угуп кан басымым көтөрүлүп, төшөккө жатып калганга аргасыз болдум. Ортодон бир ай, эки ай деп жатып бир жыл өтүп кетти. Кызымдан да, алдыбызга түшө турган кудалардан да дайын жок. Кызымдын Бишкектеги чогуу окуган курбуларынан жигитинин туугандарын сураштырып жатып араң таптым. Алар деле кызымдын дайынын айтып бере алышпады. “Кыз-күйөөдө баары жакшы. Убак-сааты чыкканда келет да, эмне болуп жатасыңар?» деген сөздөр менен гана чектелишти.
“Көктөн издегени жерден табылат” болуп, бир күнү илгери өзүм университетте бирге окуган курсташым менен жолугуп, ал-абалыбызды сурашып отурсак эле ал: “Баса, сенин кызың биздин айылга турмушка чыккан турбайбы! Экөөбүз куда да болуп кетет экенбиз. Анткени сенин күйөө балаңдын аталары менен менин чоң аталарым биртууган” дебеспи. Бирок мен андан аркы сөзүн уга албай жалдырап калдым.
– Эмне дедиң? Кайсы куда, кайсы күйөө бала?- деп сөзүмдүн баш-аягын таппай отуруп калганымды көргөн Муса:
– Сага эмне болду? Кубарып кеттиң го, эсиңе келчи, жүрөктү түшүрбөй...
– Муса, мен ошол кызымдын дайынын билбей бир жылдан бери барбаган жерим калган жок. Түнү уктасам түшүмдө, күндүзү оюмда болуп, жанымды коёрго жер таппай жүрөм,- деп жалдырап жибердим.
– Ой, сага эмне болду? Таап бербегенде эмне? Кызың жашынакай, жаркылдап жүрөт. Жакында эле уулдуу болгон,- деп менин жүрөгүмдү ылдыйлатты.
Досумдан кызымдын дарегин алып, такси жалдап, Баткенди көздөй жөнөп калдым. Кызым ушунча алыс жерге кеткенине ичим ачышса да, “ордун таап кетсе болду эле” деп тилеп жаттым. Айтор, досум айткан айылга түнкү саат үчтөрдө жетип, үйүн таптым. “Жети түндө куда башым менен кантип кирип барып дүрбөтөм” деп, таңдын атышын күтүп, эшигинин алдында таң атырдым. Бир кезде карасам кызым короону шыпырып жүрөт. “Оо, айланайын кызым, кайсы күнөөм үчүн мени мынча куураттың?” деген сөз тилимдин учунда турса да үнүм чыкпай туруп калдым. Анан өзүн бирөө карап турганын байкаган кызым кылчая калып мени көрдү.
– Атаке!- деп кыйкырып келип мойнума асылды. Экөөбүздүн тең көз жашыбыз көл боло ыйлап көпкө отурдук. Эсибизге келип, чоо-жайды сүйлөшүп отуруп калсак деле кызым “үйгө кир” деп айта албай турду. Эт-жүрөгүм эзилип, эркетайым ушундай күнгө туш келгенине ишене албай турдум. Кызымдын кыйылган көз карашына карабай үйгө кирип бардым.
Болгону, эки бөлмөлүү жер там. Анан да үйдө баса турган жер көрүнбөйт. Шейшеби жок, кир төшөктөрдө үй толо киши жатат. Ошонун арасынан кызым кайсы жеринде кыпчылып жатканын элестете алган жокмун.
– Эмне, менин кызым силерге малайбы, таң атпай жалгыз тургузуп короого кубалап чыгарып койгондой?! Аныңар аз келгенсип, дайынын билдирбей жердин түбүнө алып кетиптирсиңер,- деп төр жактагы улуураак кишисине кайрылдым.
– Сенин кызыңды бул жакка ким алып келиптир? Өзү баламдын башын айлантып тийип алганы аз келгенсип, келгенде ак эмес болчу!- деп төрдөн тура калган адам кыйкырып коё берди.
Анын бул сөзү ичимди туз куйгандай ачыштырды. Жиним менен баягы кишини жулкулдатып эшикке алып чыгып, экөөбүз мушташып кирдик. Аз өтпөй күйөө бала сөрөй да атасына болушуп, кайнатасы эке-ниме карабай мага кол көтөрүп, “жогол!” деп кууй баштады. Мындай бей-жай адамдарды өмүрү көрбөгөм. Эмне кыларымды билбей калдым.
– Бас, машинага түш! Буларга кор кылбай, өзүм багып алам,- дедим кызыма.
– Ата, кечирип коюңуз! Мен 2 айлык баламды атасыз калтыргым келбейт,- деди ал көз жашын төгүп.
Айла жок чыгып кеттим. Жиним менен дүкөндөн арак алып, өлөрчө ичип мас болуп, уктап калыптырмын. Эртеси соолуккандан кийин ушунча жерге келип, кызым менен коштошпой кетип калууга жүрөгүм чыдабады. Барсам кызым ооруканага түшүп калган экен. Көрсө, мен кеткенден кийин “сенин атаң менин атамды урду” деп акмак күйөөсү кызымды тепкилеп жатса ага кайнатасы да кошулуптур. Айтор, кызымдын жаны гана чыкпаптыр, денесинен тамтык жок.
Болгон акчам менен кызымды баласы менен Бишкекке алып келип, эмне деген гана доктурларга көргөзгөн жокмун. Ошондон бери 2 жыл өтсө да кызым ордунан жыла да, сүйлөй да албай калды. Анысы аз келгенсип, жакында “күйөө балаң кайрадан үйлөнүптүр” дегенди угуп сай-сөөгүм сыздап жатат. Өздөрү бир келип, күнөөсүн мойнуна алат экен десем, андай да болгон жок.
Сөзүмдүн аягында алтындай болгон кызым Назиктен кечирим сурайм. Назик, атаңды кечире көр! Балким, мен ошол жакка сени издеп барбаганымда малай болсоң да дениң сак, жаман болсо да күйөөң менен балаңдын жанында жүрөт белең деп ойлойм. “Эгер сенин ичер сууң түгөнө турган болсо, ошол күнү мен да сени менен кошо кетем” деген ой менен гана жашап калдым.
Бул маселеге карата адвокат Эдил Керимкулов Турусбек атанын укуктары кандай экендиги тууралуу кеңеш берет:
– Турусбек мырза кызына зомбулук көрсөткөн күйөө баласы менен кудасын сотко берүүсү кажет. Бул, биринчиден, кылмыш иши. Экинчиден, алар материалдык жана моралдык чыгымдарды кызга же кыздын атасына төлөп берүүсү мыйзамга ылайык. Ошончо жылдан бери Турусбек мырза кызынын ден соолугу үчүн канчалаган дары-дармекке чыгаша болсо, ал чыгымды күйөө баласы менен кудасы төлөп берүүсү керек. Жогоруда саналгандарды эске алып, чыгымдарды төлөткөн соң кызга пенсия кестирип алууга болот.
Ал эми балага алимент төлөө үчүн сотко өзүнчө арыз берилет. Баланын атасы камалып кеткен күндө да түрмөдө жүрүп алимент төлөөгө милдеттүү болот.

Гүлмира Турманбетова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан