ТЕМИР ТОР АРТЫНДАГЫ СУЛУУЛАР

Адамзатынын бирден-бир байлыгы – эркиндик. Ал эми тагдырдын ар кандай сыноолорунан улам эркиндиктен ажырап, абакта күн кечиргендер да бар. Бүгүн ушул жаатында кеп козгомокчубуз. Болгондо да гүлдөн назик болгон абактагы аялзаты туурасында. Буга белгилүү продюсер Назгүл Насиеванын №2 аялдар колониясында сулуулардын сынагын өткөрүүсү түрткү болду.

Аялдардын колониясы туурасында кыскача

  • Учурда №2 аялдар колониясында 230 аял жаза мөөнөтүн өтөөдө. Эң кичүүсү 14 жашта болсо, улуусу Уламхан апа 76 жашта.
  • Бул жерде тигүү цехи бар. Цехте ти­гүүгө шыгы барлардын баары иштей берсе болот.
  • Колонияда аялдар 5 отряд болуп бөлү­нүшкөн. Негизинен, 1-2-отрядды көбүнчө ишке жарамдуу аялдар, 5-отрядды өспүрүм кыздар түзөт. Ал эми 3-4-отрядда аралаш отурушат.

Талкаланган тагдырлар

Сулуулардын сынагы башталганча толкундануу менен күтүп отурган айымдарга суроо узатып калдык.

Н.М., 31 жашта: «Жаштыгымдын көбү абакта өттү»

– Кандай кылмыштан улам бул жерге түшүп кал­ды­ңыз?
– Менин бул абакка экинчи жолу отурушум. Өзүмдүн билимим жогорку, философия илимдеринин кандидатымын. Ош Мамлекеттик университетинде иштечүмүн. Ошол кезде диплом сата коём деп камалгам. Чыккандан кийин жакшынакай жумушта иштеп жүрүп, чогуу иштешкен адам менен урушуп кетип, компьютерин эле ыргытып жибергем. Анан ал арыз жазып, кайра бул жерге отуруп калдым. Бул жерден чыккандан кийин чындык ким тарабында экенин аныктатып, бейкүнөө кесилгенимди далилдейм.
– Үй-бүлөңүз барбы?
– Улуу кызым каза болуп калган. Экинчи кызым туугандардын колунда. Абдан сагынып, куса болуп жүрөм.
– Бардыгы болуп абакка канча жылга байландыңыз?
– Жаркын жаштыгымдын көбү эле абакта өтүп кетти окшойт.

Т.Ш., 45 жашта: «4 балам жетимсиреп калды»

Каарманыбыз баңги зат менен кармалып, кесилгенин баяндады.
– Мен өзүм Алайдан болом. Дилярам деген курбу кызым мени ак жеримден карматып, сызга отургузуп жатпайбы. Бир күнү биздикине конокко келип, “кафеге барып эс алып келели” деп калды. Үйдө отурган жаным “барса барайын” деп ушул кордукка кабылдым. Көрсө, ал баңги затын сатуу менен оокат кылчу тура. Анан күнөөнүн баарын мага оодарып коюп чыга берди. Кийин ал дайынсыз жоголуп кетти. Мен болсом 12 жыл эркимден ажырап, анын 4 жылын отуруп койдум.
– Мынчалык көп жыл алганыңызга караганда баңги затынын өлчөмү көп болгон го?
– 10 килограмм экен. Азыр мен балдарымды эстесем жүрөгүм сыздайт. 4 балам жетимсиреп калышты. Же атабыз болсо бир жөн эле. Ал да каза болуп калган. Ата-эне мээримин көрбөй өсүп жаткан балдарымдын келечегин ойлосом заманам куурулат. Азыр балдарым ар кайсы туугандарымкында.

С.И., 38 жашта: «Эркекти сабап камакка түштүм»

Эркек мүнөз бул эжеке бардык эркектерди жек көрөрүн айтып, кепти баштады.
– Мүнөзүңүз башынан эле ушундайбы же бул жерге келгенде өзгөрдүбү?
– Негизи, башынан эле ушундай болчу. Мына ошол себептен да ушул жерде отурбаймынбы. Башынан эле эркектердин ишин кылып, эркекче жүргөндү жактырчумун.
– Эмне болуп?..
– Мираж деген баланы сабап таштагам. Мүнөзүм ачык болсо эле мени бузулган неме деп ойлогон окшойт. Жалжаңдап тийишкенинен улам күзгүдөн өзүн караганда мени эстегендей кылып койгом.
– Үйбүлөңүз тууралуу...
– Бир кызым бар. Бирок атасы жок. Негизи, эркектерди ушунчалык жек көрөм.
– Ал эми эркиндикке чыккандан кийин сизди бир жигит жактырып калсачы?..
– Мага эркектин эмне кереги бар? Өзүм эле эркектеймин.

Б.Т., 28 жашта: «Апама салам айтам»

Каарманым “үйдө соксоюп жалгыз калган энемди эстесем өзүмдү жек көрүп кетем” дейт.
– Күлгүндөй жаш чагым ушул түрмөдө өтмөй болду. Үйдө жалгыз кызмын. Ал эми эркек биртуугандарымдын баары Орусияга иштегени кетишкен. Апам мен үчүн базарга да чыга албай калганын жазат. Бир нерсе болсо эле “киши өлтүргүчтүн энеси” деп айтышат экен.
– Эмне болуп бул ишке кабылып отурасыз?
– Экинчи жолдошум ичип алса эле башка-көзгө койгулап сабай берчү. Бир күнү ошондой жаңжалда темир менен башка чаап жибергем. Мен аны өлтүрөйүн деп деле ойлогон эмесмин. Ооруканага алып баргандан кийин мени суракка алып кетишти. Бирок азыркыга чейин өлгөнүнө деле ишенбейм. Ноокат районунун Арал айылындагы апама салам айта кетейинчи. Алтыным апа, мени күтө берип көз майың түгөндү го. «Киши өлтүргүч» кызың сени аман көрсө арманы жок.

А., 25 жашта: «Ак жеримден отурам»

Бул кыз эл алдына чыгып, ак маралдай ийилип элге бий тартуулап жүрүп, он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе абактын абасы менен дем алып калган кези.
– Сен “Камбаркан”, кийин «Назик» бийчилер то­бунда бийлеп жүр­чү­мүн” деп калдың. Сахнада жүрүп, анан кандайча кылмышка илешип калдың?
– Мен айылга паспортумду алганга барган болчумун. Кайра кайтып келе жатканда баштыгымдан баңги затын таап жатышпайбы. Мен таксиде жалгыз болчумун. Анан бизди милиция кызматкерлери кармаса эле пакетимде баңги зат пайда болуп калып жатпайбы. Ал баңги заты меники эмесин далилдей албай, соттолуп кеттим. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегенге ишенем. Эркиндикти жана бийлегенди сагындым.

Абактагы айымдардын периси

Ар кимдин тагдырын угуп, сан ойго баткан бизди шаңдуу чыккан музыка ойготкондой болду. Ошентип, биз күткөн сулуулар сынагы башталды. Назгүл Насиева жыйнаган жылдыздар курамы: Бактыгүл Бадыева, Айжан Газиева, Назми, Бакыт Букаев алгач кыска программадагы концерт коюшуп, көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болушту. Андан соң сынактын катышуучулары бирден чыгып, 1-турдун тапшырмасы боюнча өздөрүн тааныштырышты. Эх, чиркин, сахнага тал чыбыктай буралган, ак куу моюн кыздардын чыгып жатканын көрүп, өз көзүбүзгө ишене албай “кантип ушул айымдар кылмыш дүйнөсүнө аралашты экен?” деп ишене бербейсиң. Колониядагы беш отряддан бирден кыз тандалып алыныптыр. Сынакка катышуучулар Раушан, Рая, Динара, Гуля, Алмаштын биринен өтүп бири мыкты даярдангандары чач жасалгаларынан эле байкалып турду. 2-турда кыздар өздөрү тиккен кийимдерин көрсөтүштү. Ушул жерден кыздардын чыныгы уз экенине күбө болдук. Ал эми 3-турда өз өнөрлөрүн көрсөтүү сынагында, чынын айтканда, кол чаба албай тура алган жокпуз. Сынактын аягында бардык катышуучулардын ар бирине ар кандай наам берилип, сыйлуу белектер тапшырылды. Ал эми көптөн күткөн “Гран-прини” Гуля аттуу кыз жеңип алды. Гулянын айтымына караганда, ал үч күн уйкуга кайыл болуп, 41 даана гезиттен турган көйнөк тиккенинин акыбети кайтты. 16 жыл абак жашоосун сүргөнгө моюн сунган кыз: «Бул жеңиш жашоомдо жанган шам чырак болду»,- дейт.
Эх, чиркин, келиндер үчүн буркуратып ашканада тамак-ашын бышырып, балдардын кирин жууп, кечинде сүйгөн жарын моюнунан кучактап тосуп алуу бактысына не жетсин. Ал эми кыздар үчүн жигиттерге каш серпип, кездешүүгө шашуу бактысы кандай сонун! Ал эми бул жерде отургандар мына ушундай бакыттан убактылуу четтегендер.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан