Боордун циррозу тууралуу Улуттук хирургия борборунун ашказан жана он эки эли ичеги хирургия бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Алыбаев Эрнис Урбаевич төмөнкүлөрдү баяндайт.
Цирроз деген эмне?
Түрдүү зыяндуу факторлордун натыйжасында боордун кызмат кылган клеткалары өлөт. Анын ордуна берч өңдүү чырмоок сымал чырмалышкан башка ткандар өсө баштайт. Ушундан улам боордун иштеши начарлайт. Боордогу чырмалышып өскөн ткандардын айынан боор аркылуу өтчү бардык кан тамырлар бүтөлөт. Кан тамырлар менен барган азыктар сиңбей, боордун ар кыл функциялары аткарылбайт. Боор аркылуу чыпкалануучу уулар тазаланбай кан тамырларга кайрадан сиңип, дененин ууланышы жогорулайт. Боордогу кан тамырлар буулуп калгандан улам ички органдардагы (ашказан, уйку бези, он эки эли ичеги, көк боор) кан тамырлардын басымы 2-3 эсе көтөрүлөт. Мунун айынан кийинчерээк акырындап кан тамырдагы суюктуктар ич көңдөйгө толуп (5-10 литрге чейин), ичтин көлөмү чоңоёт. Ички органдардагы кан тамырлардагы кан басымдын көтөрүлүүсүнөн көк боор чоңоёт. Оору кабылдап кетсе, ашказандагы кан тамырлар жарылып, ичте кан агуу күтүлөт. Ооздон жана көтөн чучуктан да кандын күргүштөп агуусу күтүлөт. Көбүнчө адамдар ушундан каза болот (30-40 пайыз).
Тери алдындагы кан тамырлар да жарылгандан “жылдызчалар” пайда болот. Алакан чоңоюп, өңү кызарат. Кандын курамы суюлат.
Цирроз эмнеден улам келип чыгат?
Көбүнчө өнөкөткө айланган вирустуу гепатиттин В, Д жана С түрү пайда кылат.
Аракечтиктен.
Тукум куучулуктан.
Химиялык уулуу заттарды билбей колдонуудан (тамак-аш аркылуу кирет), химиялык заттар менен узакка иштөөдөн (аба жана тери аркылуу организмге кирет).
Күчтүү дарыларды ылгабай ичүүдөн (боорго күч келет).
Өттө жана өттүн түтүкчөлөрүндө таш пайда болуп, убагында операция аркылуу алынып салынбаса, анда акырындап өт суюктугун чыгаруучу түтүкчө бүтөлөт да, ал жердеги клеткалар өлүп, адамдын денеси саргайып, боор циррозго айланат.
Жүрөк оорусу кабылдап кеткенде денеде суюктук топтолуп, боордун иштөөсүн начарлатат. Боор циррозго айлана баштайт.
Оорунун белгилери
Оорунун белгилери ооруга эмнелер себеп болгонуна эмес, оорунун стадияларына карап аныкталат.
Цирроздун баштапкы стадиясында оору тереңдей элек болот. Мына ушул кезде оорунун себептерин аныктап, боордун калган дени сак бөлүгүн сактап калууга болот. Дени сак клеткалар өзү жана залалга учураган клеткалар үчүн да иштей алуусу мүмкүн.Оорунун белгилерин айтсак: шалдырап, бат чарчоо, арыктоо; тамакка табиттин төмөндөшү; ичтин чоңоюшу (суюктук толуп); теринин саргаюусу, заңдын өңүнүн агарып, зааранын өңүнүн карарышы; ичтеги оорутуу, тизенин шишүүсү, дене табынын себеби билинбей эле көтөрүлүшү; мурундан, бүйлөдөн, теринин алдынан, ашказан-ичеги жолунан кандын агышы; дем алуу жолунун жана заара жолдорунун бат-бат инфекцияга чалдыгышы; адамдын өзүн алып жүрүүсүнүн оорлоп, өзүн улам начар сезиши.
Кимге кайрылуу керек?
Оорудан шек санагандар врач-гепатологго , оору вирустун айынан келип чыккан болсо врач-инфекционистке кайрылуулары зарыл. Диагноз коюу үчүн кан тапшыруу, курсак көңдөйүндөгү органдарды УЗИден текшертүү керектелет. Компьютердик томография, биохимиялык лабораториялык изилдөө да зарыл болушу мүмкүн.
Дарылоо
Этиологиялык дарылоо. Оорунун келип чыгуу себептери такталып, терс факторлордон арылуу сунушталат. Мисалы, ичимдикти таштоо, уулуу заттар менен иштөөдөн алыстоо ж.б.
Дарылоо режими. Цирроз кабылдап кетпеши үчүн оор иштен четтеп, жеңилдетилген ишке өтүү. Нерв кетирбөө, убагы менен эс алып иштөө, көбүрөөк оорутуу сезилсе, төшөк режимин сактоо керектелет.
Мүнөз тамакка (диета) өтүү. Врачтын көзөмөлү менен тамакты мүнөздөп ичүү керек.
Хирургиялык жол. Илимдин өнүгүшү менен түрдүү ыкмалар колдонулуу аркылуу операция жасалууда. Алардын бири – боордун тамырларын бөйрөктүн тамырларына кошуп тигип, адамдын өмүрүн узартуу.
Боорду алмаштыруучу операциялар да жүргүзүлөт. Болгону, цирроз өтүшүп кетпеген жана адамдын жашы 59га чейин болсо, боорду алмаштырууга болот. Мындай операциялар чет элде жана Орусияда (Москвада гана) жасалат.
Эске алыңыз!
Эгер оорусун жашырып жүрө берип, акырында боордун иштеши төмөндөп, ич көңдөйгө суу толгону билинсе, анда тезинен сууну сордуруп алуу керектелет. Ал үчүн врач-хирургга кайрылуу кажет.
Кан тамырлар жарылып кеткенден улам ооздон, көтөн чучуктан кан аккан болсо, шашылыш ооруканага апкелүү зарыл. Анткени шашылыш операция жасалбаса, адам өлүмгө учурайт.
Боор ичте оң жакта орун алып, кабыргалар менен жабылып турат.
Салмагы – чоң адамдарда 1500 граммга чейин жетет.
Организмдеги белокторду, майларды, көмүртекти сиңирүү кызматын аркалайт.
Күнүнө 1,5 литр өт суюктугун бөлүп чыгарып, он эки эли ичегиге куюп турат.
Денедеги уулуу заттарды нейтралдаштырат (уулар заара, заң аркылуу чыгат).
Канымжан Усупбекова
koom@press.kg