СУПЕР АГЕНТ: КИМ? КАЙДА? КАЧАН?

Редакциябызга көптөгөн окурмандардан ар түрдүү ой-пикир билдирген, өздөрү үчүн кызыгуу туудурган каттар келип турат. Ар бир окурмандын суроо-талабын канааттандырууга аракет кылып, биз кат кимге арналса ошол адамдан жооп алдык.

Мирбек, Султан экөө Урмат менен Нелянын үйлөнүү тоюна кимдер менен барышты?

Саламатсыңарбы, «Супер-Инфо» гезитинин жалпы жамааты. Менин жакын курбум Урмат менен Нелянын үйлөнүү тоюна барган эле. Ал курбум тойго Султан Садыралиев менен Мирбек Иманбековдун татынакай кыздар менен келгендерин көрүптүр. Анан экөө тең тигил кыздарды тегерегиндегилерге «келинчегим» деп тааныштыргандыгын угуптур. Ал эле эмес Мирбектен “кызың кандай?” деп да сурап жатышты дейт. Ушул кеп чынбы, же Мирбек менен Султанды жакшы көрөрүмдү билген курбум жөн гана мени чычалатып жатабы? Ушул нерсенин аныгын билип берип койгулачы, сураныч?!

Бишкектен Айнагүл.

Мирбек Иманбековдун продюсери Асыл Апасова:
– Эгер Мирбектин аялы болсо тойго кие турган кийимди ошол заказ берет эле го. Аялы жок болгон үчүн, жадакалса кийимдерине чейин өзүм заказ берип жүрөм. Тойго барардын алдында “Мирбек, ким менен барасың? Андай жерде «папарацци» деген болот. Абайла!” деген элем. Ал каткырып “мени менен бара турган кыздар толтура” деп койгон. Ошолордун бири менен барса керек да. Эгер аялы болсо анын эмнесин жашырмак элек.

Султан Садыралиевдин продюсери Динара Эсенгулова:
– Султандын сүйлөшкөн кызы бар экенин өткөндөгү концертте айтып, эл менен тааныштырбадык беле. Учурда ошол кыз менен сүйлөшүп жүрөт. Алар үйлөнөбү, үйлөнбөйбү өздөрүнүн иши. Ал эми тааныштырганы боюнча айтсам, Султан эле эмес, башка жигиттер деле сүйлөшкөн кызын тамашалап “келинчегим болот” деп тааныштыра беришет.

“60 К” тобунун ырчысы Талант Насиевага арнап ыр жаздыбы?

Эл ичинде ысымы бел­ги­лүү боло баштаган “60 К” тобунун солисти Таланттын аткаруусундагы “Мерез жүрөк” деген ырды билсеңиздер керек. «Талант ошол ырын продюсер Назгүл Насиевага арнап чыгарган» деп жүрүшөт. Назгүл Таланттан бир топ жаш улуу эмеспи, же «сүйүү кары-жашка карабайт» деген чынбы? Ушуну ырчынын өзүнөн тактап берип коёсуздарбы?

Бишкектен Гүлкайыр

Талант:
– Бул ырдын тарыхы абдан популярдуу болуп кетиптир. “Мерез жүрөк” деген ырды мен эч кимге арнаган эмесмин. Анткени бул ырдын сөзү да, обону да башка жигитке таандык. Кызыгы, бул ыр чындыгында жашоодон алынган. Анткени муну жазган бала биздин бир атактуу ырчы кызыбызды сүйүп калып, ошого арнап чыгарыптыр. Ал кыз жөнүндө дагы, ким жазганы туурасында дагы прессага айтууга болбойт. Себеби ырчылар жашырып жүргөн нерсени мен ачык айтып коё албайм. Мен болсо жөн гана даяр ырды 2003-жылы Жеңишбек Жунусовдон сурап алып ырдап жүрөм.

Элмирбек менен Гүлбүбү жараштыбы?

Урматтуу редакция! Силердин гезиттен Элмирбек менен Гүлбүбүнүн ажырашып кеткени тууралуу окудум эле. Сурайын дегеним, ал экөө кайра жарашып, жакшынакай жашап калыптыр деп угуп жатам. Эгер ошондой болсо абдан жакшы болот эле.

Кара-Балтадан Гүлжамал.

Элмирбек Иманалиев:
– Бул сурооңорго “жок” дегенден башка эч нерсе деп жооп бере албайт экемин. Биз жарашкан жокпуз.

Съездбек аялы менен ажырашып кеттиби?

– Алло, саламатсыңарбы, «Съездбек Искеналиевдин аялы кызганычтын айынан төшөгүн жыйнап, төркүнүнө кетип калыптыр» деп жатышат. Ушуну уккандан кийин дагы бир үйбүлө бузулганына ичим күйүп жатат. Ушул чынбы? Эгер мүмкүн болсо тактап берип коёсуздарбы.

Токмоктон Мээрим.

Съездбек Искеналиев:
– Мен эмне демекмин. Учурда жашоо малина. Тфу-тфу көз тийбесин! Бала багып үйдө отурам. Ал эми жанагындай ушактардан кудай сактасын! Мен эч качан үйбүлөмдү таарынтууга жол бербейм. Көрө албагандар айтышса керек. Андай сөздөргө мен маани да бербейм.

Гүлмира Турманбетова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан