КӨЗҮ АЧЫКТАР ТАЙМАШЫ

Окурман, өткөн теманы улап көзү ачыктардын таймашын улантуу үчүн сапар алдык. Эгерде эсиңизде болсо өткөн санда 4 экстрасенс активдүү катышып берген эле. Бул жолу да 4 адам катышып, алардын арасынан тапшырманы так аткаргандар таймаштын экинчи этабына катышмакчы. Биздин бул жолку тапшырмабыз деле өтө жөнөкөй. Гезитибиздин мурунку сандарына чыккан бир макаланы актай баракка чыгарып аны тескерисинен коюп, бул макалада эмне тууралуу жазылганын айтып берүүнү өтүндүк.

Мындан бир нече ай мурун чыккан бул макалада Чыңгыз Айтматовдун бейнеси чагылдырылган эле. Аза күтүү зыйнаты болуп жатканда тартылган сүрөт да коюлган. Эми көзү ачыктарыбыздын канчалык деңгээлде туура айтканын өзүңүз ойлоп багыңыз...

Бопон

14 жылдан бери эл көрүп келет. Алдын-ала аян көрөт. Колдоочусу боло турган окуяны колдору менен жаңдап түшүндүрөт же кулагына шыбырап айтып берет. Ушундай касиеттерге ээ болгон Бопон апа биздин тапшырма тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты.

– Бул жерде эл туурасында кеп болуп жатат. Элдин эртеңи тууралуу сөз болуп жаткан шекилдүү. Кыргыз эли тууралуу бир чоң жыйын болуп жаткандай. Же болбосо сеанс жүрүп жаткандай сезилип турат. Ооруларды айыктырып бериш үчүн аракет кылууда. Айтор, аябай көп киши түшүп жатат. Бул жерде да көп кишилердин сүрөттөрү турган сыяктуу. Басымдуу көпчүлүгү аялдар экен. Анан бардыгы Аллага сыйынып жаткандай. Кай бири чын дилинен сыйынса, кай бири жөн гана сыйынып жатат. Кызык, бир гана пендеге сыйынып жаткандай сезилди. Бул туура эмес нерсе. Пенде эмне кыла алмак эле, жалгыз гана Аллага сыйынуу керек?! Бардыгы бирдей отуруп, бирдей туруп жаткан сыяктуу. Бул жерде ар кайсы улуттагы адамдар бар экен. Бирок көпчүлүгү кыргыздар. Анан бири-бирине суроо берип жаткандай. Бир оорулуу адам тууралуу сөз болуп жатат. Бул өтө оорулуу адам экен. Ал тургай, мен ошол оорунун салмагын тартып жатам. Абалы өтө начар экен. Менден жардам күткөндөй сезилип жатат. Болду кызым, олуяларым “токто” деп айтып жатат. Кийинкисинде айтасың деп токтотуп коюшту.

Гүлнара

Бул эже өткөн таймашта да катышып берген. Бирок транска түшүүгө аз гана убакыт болуп калгандыктан, эже оюндагысын жакшы айта албай калганына күбө болгон элек. Бул жолу таймашка кайрадан катышууга макул болду.

– Бул гезиттин бетинде 5 сүрөт бар экен. Бир чөйрөгө таандык интеллигент адамдар кол алышып учурашып жатышат. Бир жыйын сыяктуу нерсе болуп жаткандай. Арасында Чыңгыз Айтматов да бар экен. Ооба, Чынгыз атабыз көзүмө көрүнүп жатат. Балким, чыгармалары тууралуу кеп болуп жатабы, билбейм. Бул жерге келген элдин баарынын көздөрүнө жаш чайып, жүрөктөрү менен кайгырып турушат. Ой-ий, аны алыска алып кетип жатышат. Же бир даңктуу адамдын өтүп кеткени тууралуу жазылган окшойт. Аны акыркы сапарга узаткан көпчүлүктүн көкүрөгү ыйлап турат. Ай-ий, аябай жаман болуп кеттим да...
(Гүлнара эженин жумулган көздөрүнөн жаштар агып жатты). Бул адамды эл жүрөктөн сүйгөн экен. Анан да бир аял тууралуу сөз болуп жатат. Ал адам да жөнөкөй эмес экен. Ак элечек кийип турат. Кадыр-баркка ээ, өзүнчө эл алдында жүзү бар адам көрүнөт. Экөөнүн ортосунда тоодой тоскоолдуктар бар экен. Экөө биротоло ажырашып да кетпей, бирок чогуу да болбой чайналып турушкан сыяктуу. Экөөнүн ортосунда көпүрө болуп арман турат.

Салима

Киши көрүп жүргөнүнө
5 жылга чамалап калган. Өткөн жана боло турган ишти таштар менен төлгө ачып биле алат. Биздин тапшырмага төмөндөгүдөй жооп берди.

– Бул жерде эркек адам тууралуу баяндалган. Кызык, негедир бул жашоодо да, тиги жашоодо да жок сыяктуу берилип жатат. Эки ортодо турган сыяктуу. Бул адам башынан көп кыйынчылыкты өткөргөн. Жашоосунда өтө жетиштүү жашаганы көрүнүп турат. Ырыскысы ашып-ташып, берекелүү жашаган. Өз босогосунда да, башка босогодо да турат. Бул жерде бир нерсеге кыжаалаттанып тургандай. Жашы кырктарга барып калган адам окшойт.
– Коё тур, баса, бул адам жөн адам эмес экен. Элге белгилүү адам окшойт. Турмуш жолунда көп тоскоолдуктар болгон. Бут тоскон адамдар аябай көп кездешкен экен. Көп сөздөр жана сандар түшүп жатат. Бирок канча деген сан экени даана көрүнбөй турат. Бийикте да тургансыйбы, айтор, мүнөзү токтоо, оор салмактуу экен. Аялы менен жактырып баш кошсо да, жашоосу өзү каалагандай болбогон окшойт. Ошонун азабынан көп жабыркагандай көрүнөт. Баарынан кызыгы, тиги дүйнөдө дейин десем толугу менен ал жакта эмес болуп атат.

Дамира

Эже 5-6 жылдан бери келечекти көрүп, элдерди эмдеп колунан келген жардамын берип келет. Бул эже дагы таштар аркылуу айтып берүү касиетине ээ.

– Бул жерде атактуу киши тууралуу сөз болуп жатат. Балким, аны алыска узатып жатышабы, билбейм. Касиети күчтүү, жүрөгүндө жамандыгы жок адам экен. 4 баласы бар окшойт. Ооба, 4 бала деп түшүп жатат. Ондук түшүп жатат. Демек, атак-даңкы таш жарган адам экен. Элге жамандык кылбаган, касиети күчтүү адам экендиги билинип турат. Колунда көп документтер турат. Же кагаздар менен иштеген адамбы, билбейм. 2 аялы бар. Жашы өтүп калганы менен да, жашы менен да жашайт сыяктуу.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан