Бизде эмчек тарткыч деп аталуучу буюмдун көп элдердеги аталышы – бюстгальтер. Ал немистердин "бюст" – "көкүрөк", "гальтер" – "кармоочу" деген сөзүнөн чыккан. Эмчек тарткычтын дагы бир кошумча аты – лифчик. Бул нидерланддардын "лиф"– "көйнөктүн көкүрөк бөлүгү" деген сөзүн туюндурат.
КЕРЕККЕ ЖАРАГАН ЧҮПҮРӨК-ЧАПЫРАКТАР
Эмчек тарткычтар тээ илгери эле ойлонуп табылып, замандын өтүшү менен улам жаңы түрлөрү чыгарылып келет. Мисалы, Байыркы Египетте аялдар эмчектерин эни бир карыштай келген зыгыр чүпүрөк менен таңып жүрүшкөн. Сакталып калган папирустун биринде “Мен сенин эмчегиңди таңган тасма болуп калсам...” деген жазуу кездешкен. Байыркы римдиктердин туникасынын ичинен эмчекти кармап туруучу тери жазы тасманы көрүүгө мүмкүн болгон. Алар азыркы эмчек тарткычтардын түпкү теги болуп эсептелет. Африкалыктардын алгач жип менен чырмап, кийин чүпүрөк менен таңа башташканы айтылат.
Орто кылымдарда Европада көкүрөк тарткычтар унутта калып, ордуна оор корсеттер келген. Корсетке эмчекти өйдө көтөрүп туруу үчүн металл колдонулган.
XIX кылымда немис модасы популярдуу болуп, корсеттерге "согуш жарыяланган".
Эмчек каптын көрүнүшү азыркыга окшошуп кеткен түрү алгач ирет Францияда 1889-жылы патенттелген.
БАЛКОНГО ОКШОШУ ДА БАР
Учурда апакай мамактар үчүн түрлүү ич кийимдер бар.
Классикалык түрү – булардын чөйчөгү (чашка) жабык. Үстүңкү жана астыңкы бөлүгүнүн бийиктиги дээрлик бирдей өлчөмдө. Бул эмчеги чоң же көкүрөгү салаңдаган айымдар үчүн.
Корбей – мунун чөйчөгү ачык. Үстүңкү бөлүгү астыңкысынан кичирээк. Бул көкүрөгү абдан ачык көйнөк менен кийилет.
Балконет – бул аталыш анын өзгөчө түзүлүшүнөн улам чыккан. Эмчек жарым-жартылай эле батып, эмчек тарткычтын көрүнүшү балконго окшошот. Ылдыйкы бөлүгүнүн төмөн жагына эмчекти көтөрүп туруучу ийкемдүү пластинка жайгаштырылат.
Брасьер – эмчектин үрпүн гана жабат. Төшү өтө ачык кийимдерге ылайыктуу.
Пуш-ап – эмчекке кошумча көлөм берүүчү түрү (чөйчөгүнө поролон же силикон коюлат).
Тигиши жоктор. Чөйчөгүндө тигиши болбойт. Жука, эластикалык материалдардан тигилет.
Жумшак чөйчөктүү – бул модель эмчекти толук жабат. Көбүнчө спорт менен машыгууда ыңгайлуу.
Илмеги алмаштырылуучу түрү – кичинекей эмчек ээлерине ылайыктуу. Илмегин түссүз түрүнө алмаштырса болот.
Эмчекти көтөрүп туруучу ийкемдүү пластинкасы бар түрү. Муну кийгенде эмчек тикчийип жакшы көрүнөт. Көйнөктөрдүн бардык моделдери менен (көкүрөгү абдан ачык түрүнөн башка) кийсе болот.
Спортко ылайыкталган. Материалы синтетикадан, чөйчөктөрү жумшак. Күндө кийип жүрүүгө арналган эмес.
ПРИКОЛДУУ ЭМЧЕК ТАРТКЫЧТАР
Учурда эмчек тарткычтардын дизайны абдан коозу да, көрүнүшү күлкүлүү, таң каларлык да түрлөрү чыгарылат.