Атактуу Голливуд актёру Жонни Депп 14 жыл бирге жашаган аялы Ванесса Паради менен ажырашты. Бул тууралуу актёрдун маалымат агенти Робин Баум: “Жонни Депп менен Ванесса Парадинин ажырашканы чын. Алардын жана балдарынын жеке жашоосун сыйлаңыздар”,- деп билдирди. Эскерте кетсек, экөөнүн Лили Роуз Мелоди аттуу кызы жана Жек деген уулу бар.