ОБОНЧУ, АТКАРУУЧУ АРЗЫБЕК БЕДИЯРОВ: «Арзыгүлгө арнап китеп да жазгам»

Ыр жөн жерден жаралбайт. 4 сап ыр куруу үчүн да акынга бир окуя же бир көрүнүш таасир берери анык. Акын, обончу жана аткаруучу Арзыбек Бедияровдун:

“Жыпар жыт каптап,
дүйнөнү жибек жел эзген.
Жүрөгүм чакмак, жүлүндөн
бери дүрт эткен.
Сел болуп каптап, нур
болуп аппак,
Түшүмө кирдиң түндө сен...”

деген саптары бар “Түшүмө кир­диң түндө сен” ырынын жагымдуу да, өзгөчө да жаралуу тарыхы бар.

Түш көрүүдөн улам жаралган ыр

Мындан 4 жыл мурун таланттуу обончу Арзыбек Бедияров чыгармачыл жакындары менен Кытай жергесине бармак болот. Ал жүрүшкө чейин Үрүмчү шаарындагы Арзыгүл аттуу кытайлык кыргыз кыздан кытай тилинде жазылган кат келет. Катка кошуп табышмактуу бийкеч өзүнүн сүрөтүн, видеоклибин жана магнитофон берип жиберет. Ошентип, Арзыгүлдүн аманатын Жума деген жигит Арзыбек агага тапшырат. Сүрөттөгү сулуу кыздын жүзүнө тигиле берген обончу бир күнү табышмактуу Арзыгүлдү түшүндө көрөт. Ошондо Арзыбек ага түшүндө көргөн Арзыгүлгө арнап Биримкул Алыбаевдин “Түшүмө кирдиң түндө сен” деген ырына обон жаратат.

«Эжең кызганбайт»

– Арзыбек ага, сиз Арзыгүлдүн катын кыргызча которгонго кызыккан жоксузбу?
– Албетте, тил билгендерге которттум. Кантип котортпой калайын?! Катта кыздын аты-жөнү, анан уйгур ыр-бий ансамблинде иштээри жазылыптыр.
– Сизге кат жазышына эмне себеп болуптур?
– Жакшы ырдын чек арасы болбойт демекчи, менин ырларымды Арзыгүл Үрүмчүдө жашаса да жакшы көрүп ырдайт экен.
– Кат алганга чейин Кытай жергесине баруу пландалган турбайбы. Кытайга барганда кат ээсине жолуга алдыңызбы?
– Арзыгүл Үрүмчү шаарында турат экен. Биз болсо башка шаарга барган элек. Арзыгүлгө жолуксам деп ак эткенден так этсем да ортобуз алыс болгондуктан, жолуга албай кайра келдим. Бирок азыркыга чейин телефон аркылуу сүйлөшүп, байланышып турабыз.
– Түшүңүздү айтып берсеңиз?
– Түшүмдө Арзыгүл бийик жерде күлүмсүрөп турду. Аны айтасың, анын жанында мен да жүрөм.
– Түштө адам бийик жерде турса өнүп-өсөт деп коёт эмеспи...
– Чын эле ошондой окшойт. Кытайдан келген делегация менен жакында эле жолуктум. Алардын айтымында Арзыгүл менин “Түшүмө кирдиң түндө сен” деген ырымды укмуш ырдайт экен. Бул ыр менен ал Үрүмчү шаарында өтө белгилүүлүккө жетиптир. Азыр да ЭлТР телеканалындагы “Жуңгого сапар” көрсөтүүсүнөн Арзыгүл менин ырымды ырдап калат.
– Баса, эжебиз көрбөгөн кызга эле ыр арнап жатканыңыздан улам кызганбайбы?
– Эжең кызганбайт. Ал дагы чыгармачыл адам, ошондуктан түшүнөт деп ойлойм. Айта кетпесем болбос, Арзыгүлгө арнап ыр гана чыгарбастан ыр жыйнак да жаздым. Китеп «Түшүмө кирдиң...» деп аталат. Башкы бетиндеги менин сүрөтүмдүн арткы фонунда Арзыгүлдүн элеси турат.
– Сулуулукка, табиятка суктанып дагы көптөгөн жакшы ырларды жарата бериңиз. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
vector
2011-07-09 04:11:22
Аябай кучтуу обончу. Мага обондору жагат. Бар болунуз
0
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан