УЛУГБЕК ОРМОНОВ: «Алгач мотоцикл айдагам»

Бүгүн биздин “Рулдагы жылдыз” рубрикабыздын коногу төмөндө берилген унаанын ээси, ЖКнын депутаты Улугбек Ормонов. Буга чейин далай унаалардын майын короткон каарманыбыз сапарда болгон кызыктуу окуяларынан айтып берди.

– Улугбек Зулпукарович, алгачкы жолу рулга отурганыңыз эсиңиздеби?
– Биринчи жолу 9-класста окуп жүргөнүмдө Урал мотоциклин айдагам. Аны атам сыйлыкка алган эле. Ошондо бир топ сүр­дөгөм, айтор, жакшы айдай алган эмесмин. Бирок ошондон кийин машина айдоого кызыгуум жаралып калган.
– Сиздин алгачкы айдаган унааңыз кайсы үлгүдө эле?
– Эң алгачкы машинам Жигули болгон. Аны 1992-жылы бир топ жылдан бери чогултуп жүргөн акчама сатып алгам. Алганда абдан кубанганым эсимде. Тим эле чаң жугузбай дегендей. Эмнеси болсо да өз эмгегиме сатып алган алгачкы машинам эле...
– Машина айдоону ага чейин билчү бе­леңиз?
– Жок. Айдоочулук күбөлүккө машина алгандан 1 жылдан кийин ээ болгом. Андыктан алган машинамды дароо айдап кеткен жокмун. Байкем үйрөтүп жүрдү.
– Темир тулпарды бат-баттан алмаштырып турасызбы?
– Негизи, мен бир маркадагы машинага токтоло бергенди деле жактырбайм. Убакыт өткөн сайын улам жаңысын, ыңгайлуусун алууга умтулат эмеспизби. Жигулини 3 жыл айдагандан кийин Мерседес сатып алдым. Кийинки Мицубиси Пажеромдун азабын көп эле тарттым. Себеби аны арзан деп колдон алган элем, натыйжада, бузула берип тажатты. “Биз өтө бай эмеспиз арзан нерселерди сатып алганга” деп айтылган сөздүн маанисин ошондо түшүнгөм. Анан көп балалуу үйбүлө болгондуктан, 2006-жылы Тойота Прадо маркасындагы машинага өттүм. Ошондон бери Жип үлгүсүндөгү машиналарды пайдаланып жүрөм. Учурда Тойота Лэнд Крузер-200 үлгүсүндөгү машина менен жүрөм.
– “Жол азабы, көр азабы” деп коёт. Жолдон машинаңыз бузулуп калган учурлар болду беле?
– Бир жолу Таш-Көмүрдөн Каракөлгө бара жатканда машинам бузулуп жолдо калдым. Машиналар шуулдап эле өтүп жатты, бири да токтоп жардам берип койгон жок. Нөшөрлөгөн жаандын төккөнүн айт. Ушундай жиним келип эмне кыларымды билбей турсам, бир КамАЗ келип токтоп анын айдоочусу: “Бул жерден жеңил машиналар сага баары бир жардам бербейт болчу, бактыңа биз чыгып калганыбыз жакшы болду”, - деп айтып жатпайбы. Ошол адамдын айткан сөзүн, кылган жардамын дайым жол жүргөн сайын эстеп калам.
– Андай болсо, машина оңдой албайт турбайсызбы?
– Ооба, иномаркаларды оңдой албайм. Кудай сактасын азыркы машинам жаңы болгондуктан бузула элек. Машина оңдоочу салондорго майын алмаштыруу үчүн гана кайрылып жатам.
– Акыркы жолу коомдук унаага түш­кө­нүңүз эсиңиздеби?
– Азыр деле көп эле түшөм. Көбүнчө, Совет көчөсү менен жүргөн маршруткаларга тү­шөм. Жадакалса бир жолу мени тааныган жүр­гүнчү: “Эх, депутаттар да маршруткага түшөт экен?..” - деп таң калса болобу.
– Кудай мындайдан алыс кылсын, жол кырсыгына кабылып көрдүңүз беле?
– Ахунбаев көчөсү менен кетип баратып “Кашка-Суу” деген дүкөндүн жанына жетип калганда, бир киши чуркап чыга калып жатпайбы. Анан аны сүзүп алдым. Жыгылып калган ал кишини машинага салып эле жөнөп калсам, карап тургандар: “Номурун жазып калгыла, бул өлтүрүп салып бир жерге ыргытып салганы кетип баратат!”- деп кыйкырышат. Муунумдун калчылдаганына карабай түз эле ооруканага айдадым. Кудай жалгап тиги адамдын чекеси эле айрылып кетиптир. Ал көрсө аракка абдан тоюп алгандыктан, өзү деле эмне болуп кеткенин сезбей калыптыр. Доктурлар: “Бул киши сени таштап койсо, кансырап өлүп калмаксың?!”- деп коюшса, рахматын айтып үйүнө чакырып шарап берип коноктогон. Ошондон бери ал киши экөөбүз таанышпыз.
– МАИге кармалып, пара бердиңиз беле?
– Депутат болгонго чейин андайлар көп эле болгон. Негизи, МАИ кызматкерлерине пара берүү боюнча айтсам, көбүнчө, айдоочулар кө­бүрөөк күнөөлүү болушат. Анткени акчасын ала чуркашып, көндүрүп коюшкан.
– Көбүнчө авто сүйүүчүлөрдү жубайлары машиналарынан кызганат. А сиздичи?
– Ооба, менин жубайым да “машина ала бе­ресиң, ал эми мен сураган нерселерди алып бер­бейсиң” деп таарынып калат. Анткени жаңы машина алганда аялыма жасабаган аяр мамилени жасап жиберет окшойм.
– Маегиңизге рахмат. Жолуңуз дайым шыдыр болсун!

Тойота Лэнд Крузер – 200

Салмагы (кг) – 2555
Узундугу (мм) – 4950
Туурасы (мм) – 1970
Бийиктиги (мм) – 1950
Кыймылдаткычтын көлөмү (см ) – 4663
Кубаттуулугу (ат күчү) – 288
Орундуктардын саны – 7
Максималдуу
ылдамдыгы (км/саат) –
210
Май чыгымдоосу (л/100км) – 15
Баасы (АКШ доллары) – 90 миң

Бахияна Сатылганова
koom@list.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
cubich
2010-08-25 14:43:16
Ошол учун айтат да, машина экинчи катын деп. Коп капа болбонуз женеке. :)
0
ergazy.kgz
2011-10-08 09:32:16
оз емгегине сатып алган имиш 90 мин емес алдыкы машина еки есе кымбат Элдерге иштебейби !!!!
0
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан