Талас
18-июнь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кезектеги аппараттык кеңешмесинде акыркы убакта болуп өткөн селдин кесепеттерин жоюу багытында жүргүзүлүп жаткан жумуштар талкууга алынды. Министр Кубатбек Боронов аппараттык кеңешмеде жер-жерлерде калк менен тыгыз иш алып бара албаган жетекчилерге катуу чаралар көрүлөрүн билдирди. Министр белгилегендей, Талас облусунда болуп өткөн селде жергиликтүү жарандар эки адамдын өмүрүн сактап калышкан. “Эмне үчүн министрликке аларды сыйлоо боюнча сунуш бербейсиңер? Баатырды баатыр, жалкоону жалкоо деп ачык айтышыбыз керек” деп тиешелүү жетекчилерге катуу талаптарды койду ал.
Эске салсак, 2012-жылы 19-майда Талас облусунун Ынтымак айылында жүргөн сел убагында 10 жашар Эмил Садыркул уулу мал кайтарып жүргөн жеринен селге агып кеткен. Аны көрүп калган айыл тургундары Калыбек Алчынбаев менен Жылдызбек Жумабеков аны суудан алып чыгышып, аман сактап калышкан. Ошол эле күнү Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Марат Чулуев да мал жайып жүргөн жеринен кокусунан селге агып кеткен. Аны Осмонкул Курманбек уулу жана Азамат Белековдор куткарып калышкан эле. Ушул тапта министр аталган куткаруучуларга сыйлыктарды тапшыруу үчүн Таласка барганга камынып жаткан кези.