КӨЛДӨ СЕЗОН БАШТАЛДЫ!

Каракол

16-июнь күнү Караколдо салтанаттуу түрдө быйылкы сезондун ачылышы болду. Бул күнгө атайын даярдыктар көрүлүп, саат 8:30дан баштап эле шаңдуу музыка жаңырып, көлдүн ачылышын күткөндөрдүн көпчүлүгүн жаштар түздү. Ачылыш салта­натында КРнын Гимни жа­ңырып, Каракол шаарынын мэри Өмүрканов Ишенбек Имангазиевич жалпы Көл аймагынын элине мыкты эс алуу каалады. Башка жылдардан айырмаланып, быйылкы эс алуу сезонунун ачылышы Каракол шаарынын мэри, шаар­дык дене-тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан уюшулган спорттун беш түрү (футбол, волейбол, кол күрөш, гира көтөрүү, аркан тартыш) боюнча оюндар болуп, көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты. Мисал катары карасак, футбол боюнча 1-орунга 2500 сом, 2-орунга 1500, ал эми 3-орунга 1000 сом өлчөмүндөгү акчалай байгеге ээ болушту. “Биздин максат – бардык Караколдун тургундарын спорт чөйрөсүнө тартуу” деп билдирет Каракол шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Улан Кыдыров.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
men_aman
2012-06-25 22:42:01
Кыйратыпсынар!!!!
+1
2012-06-28 23:12:46
эмне деп атасын аман мээн ордундабы
0
№ 503, 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан