АТАКТУУ АЙЫМДАРДЫН ТҮГӨЙЛӨРҮН ТААНЫЙСЫЗБЫ?

Аты чыгып эл оозуна алынып калган ар бир эле адамдын күйөрманы көп болору талашсыз. Ошондой атактуулукка жеткен кыздарыбыздын түгөйлөрү кимдер? А балким, жогоруда сөз кылгандай ал кыздардын түгөйлөрү өздөрүнүн эле күйөрмандары болуп жүрбөсүн? Дегеле, ушул сыяктуу ойлор сизге кызыкпы, анда төмөнкү макалага назар таштаңыз.

Нурзат Токтосунова, телеалпаруучу:

Нурзат Бакытбектин кыз-жигит бололу деген сунушуна макулдугун бербесе да, Бактыбек 6 жыл аркасынан калбаган. Ойноктогон көздөрү бар алпаруучуга башка күйөрмандары тийишип, жанын койбой жаткандарын көрсө да “сүйөм” дегенинен жазган эмес. Кыскасы, Бакытбек көптөгөн сыноолордон өтүп, анан алпаруучунун өмүрлүк жолдошу боло алды. Учурда экөөнүн байлыгы бул – бири-бирине болгон сүйүүсү. Материалдык жактан Нурзат өзү тамашалагандай жылаңач баатырлар.

Бакытбектин башка жигиттерден өзгөчүлүгү - жубайы Нурзатты шоу-бизнеске аралаштырып, чыгармачылыгына жолтоо болбогондугу. Бактыбек кесиби боюнча архитектор, компьютер адиси. Учурда Алматыда “Дос Инженеринг” компаниясында өзүнүн кесиби боюнча иштейт. Нурзаттан 2 жаш улуу.

Асема, актриса, ырчы:

Акжол менен Асема 4 жыл ага-карындаш катары жүрүп үйлөнүштү. Ошол убакыттын ичинде Асема Акжолдун адамкерчилигин, боорукерлигин, ички дүйнөсүнүн тазалыгын байкай алды. Адамдык сапаттарынын бийиктигин байкаган Асема кыз-жигит катары 4 ай сүйлөшкөндөн кийин эле Акжолго чап жабышкан. Чап жабышкан десе туура эмес түшүнүп калбаңыз, бул көшөгөгө кирди дегенибиз. Материалдык жактан карай турган болсок, учурда экөөнүн үстүндө үйү, алдында казаны бар. Кыскасын айтканда, Акжол актрисаны эч нерседен кем кылбай багып жатат. Акжол менен Асеманын сезимдерин “чыныгы сүйүү” деп айтууга болот. Себеби Асема канчалаган жигиттердин сөз айтканына карабай, материалдык жактан бай болбосо да, жан дүйнөсү бай Акжолду тандаган. Акжол кесиби боюнча журналист, Кыргыз Улуттук университетти аяктаган соң, билимин Турциядан улантып келген. Учурунда азыркы атактуу ырчыларыбыздын бир тобуна продюсер да болуп жүрдү. Асемадан 5 жаш улуу Акжол азыр жубайынын да продюсери болуп алектенүүдө. Эки жаш жакында наристелүү болгону турушат.

Айжамал Кабылова, “Кыз-Бурак” тобунун ырчысы:

– Азамат Айжамал менен бир мектепте окуп жүргөнүндө эле Айжамалга кат жазып бирөөлөрдөн берип жиберчү. Бирок ал кезде Айжамалды Гүлшайыр эже катуу кармагандыктан, жооп берүүгө эч кандай шарт болгон эмес. Кийин Азамат Түркиядан жогорку окуу жайды аяктап келген соң, Гүлшайыр эженин уруксаты менен экөө 3 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп үйлөнүшкөн.
Кыздар кандай гана атактуу болбосун, көңүлүнө жаккан жигитти көргөндө жүрөктөрү катуураак согуп калат эмеспи. Анын сыңарындай Айжамал да Азаматты өзүнүн жан шериги экенин сезип ага макулдугун берген.
Учурда эки жаш Оштогу бийик кабаттуу үйлөрдүн биринде 3 бөлмөлүү квартирада жашашат. Азаматтын Мерседес үлгүсүндөгү машинасы бар. Айына 3 миң доллар эмгек акы алган Азамат жубайы менен жашташ. Экөөнүн ортосунда 1кыз бар.

Жылдыз Тутуева, ырчы:

Касым менен Жылдыз “Биз” тобунун концертинде 8-март күнү таанышкан. Тың чыкма ырчы кызыбыз биринчи болуп өзүнүн сүрөтүн эстеликке жаңы таанышына бере салган. Андан кийин Касым жигиттик кылып, гүлдүн артынан гүл, белектин артынан белек берип отуруп Жылдыздын жүрөгүн багындырган. Алтындан белек алганды жакшы көргөн ырчы кыздын мүнөзүн билген Касым жалаң алтын белек кыла берчү экен. Ошентип, жүрүп экөө үйлөнүп калышкан.
Өзүнүн бою кичинекей болсо дагы бойлуу жигиттерди жактырган Жылдыз турмушка чыкканда Касымдын үйү да, машинасы да, жер тилкеси да болгон. Бирок Жылдыз байлыгына деле караган эмес.
Касым кесиби боюнча энергетик. Учурда Мамлекеттик материалдык резервдер комитетинде кесиби боюнча иштейт. Жубайынан 3 жаш улуу. Ортолорунда 1 кызы бар.

Кыял Шаршеева, телеалпаруучу:

Кайрат менен Кыял бир мектепте окуган. Кийин Жогорку окуу жайды Кайрат Бишкекте, Кыял Караколдо аяктаган. Келечектеги сүйкүмдүү телеалпаруучу университетти бүткөндөн кийин жумуштар менен КТРге келип калып, Кайратка жолугуп калат. 3-4-жолку жолугушуудан кийин эле Кайрат жигиттик кылып Кыялды ала качып кеткен. Жолду катар Кыял: “Сизди агай катары көрөм. Чыгармачылыгыңызды, талантыңызды сыйлайм. Бирок сизди менин күйөөм катары элестете албайм”, - деп түшүндүргөнүнө карабай алып кеткен. Анан үйүндөгү таасирдүү кишилерди ортого салып, Кыялды кыргыздын каада-салтына таянып отургузуп коюшкан.
Эгер Кайрат Кыял менен кыз-жигит катары сүйлөшүп, анан үйлөнүү тууралуу сөз козгогондо, балким, алпаруучу макул болбой коёт беле. А, бу дегенибиз менен, учурда бул үйбүлө бактылуу үйбүлөлөрдүн катарын толуктап келет. Негизи, экөө заманбап үйбүлөлөрдөн. Бир айга чейин деле иш боюнча командировкалап жүрө беришет.
Кайрат кесиби боюнча журналист. Мектепти алтын медаль, университетти кызыл диплом менен аяктаган. Азырынча үйү жана машинасынан башка материалдык байлыгы жок. «Жакында автомашина айдаганды үйрөнөм» деген Кыялга Кайрат машина айдоого уруксат бергени турат. Кыял келечекте айдоочу машинаны азыр кайнагасы убактылуу айдап жүрөт. Баса, Кайрат Кыялдан 5 жаш улуу.

Айжан Акылбекова, актриса:

Жакындан бери театрды биротоло таштаган ай чырайлуу Айжан Акылбекова өзүнүн сулуулугу менен “Замандаш” ассоциациясынын мурдагы жетекчисинин жүрөгүн багындырып алган. Айжан Мухтар Өмүркановдун мүнөзү, алдыга койгон максатына жете билүү сапаттарын эске алып, аны менен баш кошууга макул болгон. Экөөнүн ортосунда 18 жаш айырма тоскоол болбой, Айжан 2 уулуна татыктуу тарбия берип келет. Учурда актриса иштетип жаткан кафесин ресторанга айлантуу менен чуркап жүрөт.

Неля, ырчы:

– Урмат менен Неля сахна аркылуу таанышкандан кийин бир жарым жыл кыз-жигит болуп жүрүп үйлөнүштү. Урмат ырчы болгону менен Неля каалагандай романтик эмес. Бирок сүйлөгөн сөзү, кылган иши орундуу. Эгер Нелянын көз карашы менен карай турган болсок, баштаган ишин аягына чыгара билген чыныгы эркек деп айтууга болот. Урмат менен Неля сулуулук жагынан да, атактуулук жагынан да бири-бирин толуктаган чыныгы “бал ширин” түгөйлөр. Урмат кесиби боюнча түрколог. Материалдык жагынан Урматтын квартирасы, машинасы, чакан бизнеси бар. Нелядан 3 жаш улуу.

Гүлмира Турманбетова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Isikkolumkeremet
2020-03-20 12:21:34
10 жыл мурунку маалыматтар го..
+3
nnn.sss
2020-03-30 14:01:33
Isikkolumkeremet,менда жаны экен деп кирсем 10 жыл мурунку экен, азыр кеебир тугойлор чогуу эмес тилесек каршы
+1
KaGaH
2020-03-30 18:02:01
Нурзаттын эри азыр башка беле?
-1
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан