«НЕПАРА» ТОБУ

Топ жөнүндө
«Непара» тобу 2002-жылдын күз айында Москва шаарында уюшулган. Аталган топ орус шоу-бизнесине жаңы жанр алып келген. Анткени, бул топтун ырлары ар бир адамга таандык болгон үйбүлөлүк маселелерге багытталган. Адамдын жан-дүйнөсүнө жакын болгондуктанбы, айтор, турмуштун ысык-суугун башынан өткөр­гөндөр бул топтун ырларын жан-дили менен берилип угушат. Музыка дүйнө­сүнүн сырлары менен тааныш болгон адам «Непаранын» ырларынын профессионалдык деңгээлине баа беришет. Топтун алгачкы «Другая причина» аттуу ыры жарыкка чыгаары менен хитке айлануусуна да жогоруда айтып кеткендей турмуштук маселенин козголушу себеп болгон. Башкача айтканда, ырда эки адамдын ортосундагы жылуу мамиле, канчалык бири-бирин каалап турса да, социалдык маселелерден улам чогуу боло албагандары берилет. Буга чейин мындай маселени таамай ыр менен эч бир топ бере алган эмес. Ал эми топтун биринчи «Другая семья» аттуу альбому сатыкка чыгаары менен таламайга түшкөн. Топтун ырларында солисттердин автобиографиясы аздап болсо да камтылган. Мисалы, топтун учурдагы хит «Плачь и смотри» ыры Сашанын турмушунан алынган. Бул тууралуу Саша: «Биз катардагы эле адамбыз, болгону жан-дүйнөбүздөгү эмоцияны ыр аркылуу гана бере алганыбыз менен айырмаланабыз. Ал эми ырларыбызды эл жакшы кабыл алганын көрүп, жалгыз эмес экенибизди жана турмушта бизде деле кыйынчылыктар болоорун түшүнө­бүз» деген оюн билдирет.

Карама-каршы жылдыздар
Аты айтып тургандай, «Непара» тобунун солисттери 30 жаштагы Александр Шоуа жана элди өзүнө тарта алган сыйкырдуу көз караштуу Виктория Тальшинская өздөрү­нүн ылайыксыз түгөйлөр экенин ачык моюндарына алып келишет. Топтун солисткасы Вика Саша менен таанышканын мындайча эскерет: «Мен бир кечеге эс алганы баргамын. Кечеде конкурс уюштурулуп, мен дуэт ырдай турган болуп калдым. Карасам жанымда жаш жигит турат. Ошондо Саша экөөбүз чогуу ырдаганбыз. Анда мен музыкалык драма театрында иштеп, эстрада карьерасын ойлогон да эмесмин. Саша экөөбүздун ортобузда достук мамиле пайда болуп, чогуу иштешүүнү чечкенбиз. Бирок, жаңы иштешип баштаганда эле Саша экөөбүздүн ортобузда келишпестиктер пайда боло баштаган. Экөөбүз топко ат коюп жатып уруша кеткенбиз. Бизди карап отурган продюсерибиз тура калып: «Экөөңөрдөн эч кандай топ чыкпайт. Анткени, силер ылайыксыз түгөйсүңөр» деген. Ошондон улам топтун атын «ылайыксыз түгөйлөр» деп, башкача айтканда, «Непара» деп коюп алганбыз.»
Вика менен Сашанын сырткы кебетеси гана эмес, астрологиялык гороскоп боюнча да жылдыздары келишпейт. Анткени, Вика кой жылдызына кирсе, Саша текечер. Ошондон уламбы, айтор, эки ырчынын чыгармалары уруш менен жаралат. Гастролго чыкканда да экөө эки башка бөлмө­лөрдө жатышат. Эки ырчынын мүнөз­дөрү, турмушка көз караштары да такыр бөлөк. Элдин көзүнчө да көп урушуп кетишет. Ошентсе да экөөнүн ортосундагы чыныгы мамиле кандай экенин эч ким билбейт.

Александр Шоуа
Саша 1973-жылы 26-декабрда Грузиянын Сухуми шаарында төрөлгөн. Убагында атасы музыкант, апасы шахматчы болгон. Саша бала кезинен музыкага жакын болуп өсөт. Достору менен футбол ойногондон көрө үйүндө фортепианодо ойногонду жакшы көрчү. Бул кызыгуусу аны Сухуминин музыкалык окуу жайынан билим алууга жеткирген. Андан соң Москва шаарына келип, дүкөндөрдүн биринде жүк ташуучу да болуп иштөөсүнө туура келет. Кийинчерээк ошол учурдагы популярдуу болгон «Арамис» поп-тобунда аранжировщиктин жана музыканттын ордун ээлейт. Ошондон тартып Сашанын музыка дүйнөсүнө кызыгуусу ого бетер күч ала баштаган. Чыгармачылыктын жолунда жүрүп «Восток» деген топ менен таанышат. Алар аркылуу Германияда иштеп келет. Ошентип жүрүп акыры чыгармачылыкка баш оту менен киришүүнү чечет. Учурда Сашанын беш жаштагы кызы бар экени маалым болгону менен үйбүлөсү тууралуу толук кабар жок. Келечекте Саша кызынын артист болгонун каалабайт.

Виктория Тальшинская
Вика 1977-жылы 8-апрелде төрөлгөн. Вика ата-энесинин эң сүйүктүү кызы болуп чоңоёт. Өзгөчө үч жашында коңшу кемпирлердин көңүлүн ачып ырдап берчү. Бирок, ал кезде Вика ырчы эмес, балерина болууну каалачу. Вика балерина болгонго бардык жагынан жарамак. Бирок, тилеги орундалган эмес. Себеби, Вика тилеги үчүн талаптагыдай аракеттенген эмес. Ал эми чыгармачылыктан алыс кете албай «Гренада» аттуу балдар тобуна солистка болуп кирип, топ менен көп жерлерге барып келүүгө жетишет. 16 жашынан тартып драм театрында эмгектенет. 1996-жылы Москвада өткөн фото көргөзмөгө катышып, эң мыкты модель болуп табылат. Бирок, моделдик ишти Вика хоббиси катары карайт. Антсе да модель болуп Германияга барып иштеп келүүгө жетишкен жагы бар. Секелек кезинен акча таап калган ырчы эч кимге көз каранды болгусу келбей, эркиндикти жанындай жакшы көрөө­рүн жашырбайт.
Учурда аталган топ күзгү концерттерге катуу даярдык көрүп, жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатышат.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2012-11-17 01:26:32
Мен буларды уйлонушкон жубайлар деп уккан элем го жанылышкан боломбу?
0
№ 198, 18-24-агуст, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан