«ЕВРОВИДЕНИЕ - 2009» КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БОЛУУ КАНЧА ТУРАТ?

“Евровидение-2009” конкурсу тарыхта биринчи жолу Орусияда өткөрүлөт. Орусиялыктар бул жылы конкурстун баш белгиси катары өздөрүнүн жомокторундагы бейиш кушун кабыл алышты. Бейиш кушунун белгисинде боло турган бул конкурс үстүбүздөгү жылдын 16-майында жыйынтыкталып, жеңүүчүнүн өлкөсүнө сынактын музыкалык ачкыч тапшырылат. Бул ачкыч кийинки жылы конкурсту ошол өлкө өткөрөт деген белги...

“Евровидение-2009”

Үстүбүздөгү жылдын 16-майында Москва шаарында “Евровидение” сынагынын катардагы 54-конкурсу өткөрүлөт. Бул жылы 42 өлкөнүн катышуусундагы сынакты 25 миң киши көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Биринчи каналдын “Олимпийский” спорт ордосунда өткөрүлөт. Ал эми эң биринчи конкурс 1956-жылы Швейцарияда өткөрүлгөн. Башында жеңүүчүнү калыстар тобу аныктап келишсе, кийин ар бир өлкөдөн келген аткаруучулардын 3 мүнөттүк ырынан кийин SMS добуш берүү жүрүп, жыйынтыгында жеңүүчүнү эл тандап калган.

Көрүүчүлөр үчүн билеттер

Бул конкурстун жүрүшүн көрүүнү каалагандар учурда миллиондоп саналат. Көрүүчүлөр көптөн күткөн билеттерин үстүбүздөгү жуманын дүйшөмбүсүнөн тарта сатып ала башташты. Конкурстун уюштуруучулары «билеттин баасы 8 миңден 50 миң рублга чейин көтөрүлөт» деп пландашууда. Мындан тышкары, сыналгы аркылуу түз байланышта дүйнө жүзү боюнча бир учурда 100 миллиондон 600 миллионго чейин көрүүчү көрө алат.

Конкурска катышпай калган өлкөлөр

Бул жылы да конкурска катышпай калган мамлекеттер болду. Алардын катарына Грузия менен Сан-Марино өлкөлөрү киришет. Грузия конкурска катышуудан өз каалоосу менен баш тартты. Себеби алардын сынакка алып чыга турган «Стефане жана 3G» тобунун “Биз Путинди каалабайбыз” аттуу ыры конкурстун талаптарына жооп бербеген.Андыктан маалымдоочу кеңештин чечими менен аларга “башка ыр ырдагыла же болбосо ырдын текстин алмаштыргыла!” деген талап коюлган. Бирок өлкө бул талапты аткаруудан баш тартып, ушул жылы сынакка катышпай тургандыгын билдирди. Конкурстан четтеген топтун айтымында, кеңештин мындай чечимге келишине Путин өзү кийлигишкен жана бул сынак чыныгы таланттардын сынагы болбой, акчалуулардын жарышы болуп калганына көп болгон. Грузиядан тышкары конкурска Сан-Марино өлкөсү дагы катышпайт. Мунун себебин алар “акчабыз жок” деп түшүндүрүшкөн.

Орусиянын намысын Анастасия Приходько коргойт

Анастасия Приходько орусиялык ырчылардын арасынан жеңүүчү деп табылып, “Евровидение -2009” конкурсуна катышууга мүмкүнчүлүк алды. Киевден чыккан Настя 21 жашта. Ал буга чейин Украина тараптан ушул конкурска катышууга ат салышып, тилекке каршы, өтпөй калган. Көп өтпөй Валерия, “Кватро” тобу сыяктуу таланттуу ырчылар менен ат салышып, таймашта Орусиянын намысын коргоп чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Бул жыйынтыкка Орусиянын көпчүлүк калкы каршы. Себеби, биринчиден, “ушундай чоң өлкөбүздө бир дагы орус улутундагы таланттуу ырчы жок бекен?!” деген нааразычылыктар болсо, экинчиден, Настянын “Апа” деген ырын украин тилинде аткара тургандыгы болууда. Бүгүнкү күндө «ал ырды орусчага которуп же таптакыр башка ыр ырдасын» деген талаптар күч алууда.
Эске сала кетсек, Орусиядан бул конкурстун сынагына Алла Пугачёва, Филипп Киркоров, Алсу, Дима Билан сыяктуу атактуу ырчылар катышкан.

Конкурстун тегерегиндеги чыр-чатактар

Учурда көпчүлүк арасында талкууга алынган тема – Настя Приходьконун Орусиянын атынан конкурска катышуусу. Орустардын кыжырына тийген дагы бир көрүнүш анын аткаруусундагы украин тилиндеги “Апа” деген ырды улуту грузин Константин Меладзе жараткан. Бул жагдай, албетте, улутчулдардын намысына шек келтирип, «бул конкурс азыр баштагыдай таланттууларды баалабайт. Аткаруучунун байлыгынан көз каранды болуп калды» деген сөздөрдүн тарашына алып келген.
Ошондой эле Дима Биландын дагы 2006-жылы жеңишке жетпей калгандыгынын себебин акчасынын жоктугу менен байланыштырышкан эле. Ал эми биринчиликти көздөгөн Дима 2008-жылы кайрадан чыгынып, жеңишке жетишээрлик каражат топтогон. Болжол менен жеңүүчү аталуу үчүн ырчынын 40-50 миң доллардан кем эмес акчасы болуу керек дешет.

Конкурстун тарыхынан кыскача маалыматтар

  • 1956-жылдан 1958-жылга чейин көрүүчүлөр телефон аркылуу эмес, өз добуштарын кат аркылуу билдирип турушкан.
  • 1969-жылы бир учурда 4 өлкө жеңүүчү аталган. Алар: Франция, Испания, Нидерланды, Англия.
  • 1974-жылы Франция президенти Жорж Помпидунун өлүмүнө байланыштуу конкурска катышуудан баш тарткан.
  • Конкурстун тарыхында ушул күнгө чейин бир жарым миңден ашык ыр ырдалган.
  • Жонни Логан аттуу ырчы Ирландиянын намысын коргоп, конкурстун тарыхында 3 жолку жеңүүчү болгон.
  • Ирландия сынактын 7 жолку, Люксембург, Франция, Англия 5 жолку жана Нидерланды менен Швеция 4 жолку жеңүүчүсү аталышкан.
  • 2001-жылы Копенгагенде өткөн конкурста эң көп көрүүчү топтолуп, стадионго 38 миң адам чогулган.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан