Мезгилдин талабына ылайык, азыркы күндө сулуулук акча менен бааланып калган убак. Чачыңыз аябай суюк, тырмактарыңыз кыйшык, кирпиктериңиз кыска болсо, муну сулуулук салонуна баруу менен иретке келтирип алууга болот. Чачты, тырмакты жана кирпикти жасалма узартуу жаатында стилист Замира Молдошева сыр бөлүштү.
ТЫРМАКТАР ДА КАМ КӨРҮҮГӨ МУКТАЖ
Фред Слэк аттуу тиш доктур иш учурунда тырмагын станокко алдырып алып, оорутканына чыдабай, тиш пломбасынан басып койгон. Оорутканы эртеси басылып, пломба бир нече күнгө чейин түшпөй жүргөн. Ошондон кийин тырмакты жасалгалоодо стоматологиялык каражат – акрил колдонулуп калган. Андан тышкары атайын тырмак жасоодо колдонулуучу гелдер да бар. Тырмакты жасалма өстүрүүнүн 2 түрү бар: гель жана акрил менен. Гель менен өстүрүүдө суюктук тырмактын үстүнө куюлуп, ультра кызыл нурлардын жардамы аркасында катырылат. Ал эми акрил менен өстүрүүдө упа (порошок) атайын суюктук менен аралаштырылат. Анан ал четинен алынып тырмактын үстүнө коюлуп, катырыла баштайт. Бишкекте мындай кызматтын баасы 1000 сомдон 6500 сомго чейин. Мунун зыяндуулугу да бар. Кийин өз тырмактарыңыз сынып, ыңгайсыздык жаратат.
Туура кам көрүү
ТӨШ ЖАНА ЖАМБАШТЫ ЧОҢОЙТУУ
Азыркы күндө айымдар үчүн дагы бир керектүү буюмдардын бар экендигин айта кетели. Ал – чапталма эмчектер менен жамбаштар. Алар гель жана силикондон жасалып, жумшак болот дагы ички бети денеге чаптоого ыңгайлашкан. Кийимдин сыртынан жасалма экендиги билинбестен, эмчек да, жамбаш да табигый жана чоң көрүнөт. Бишкекте мындай буюмдарды сексшоптордон жана атайын ич кийим саткан кээ бир дүкөндөрдөн табууга болот. Чапталма эмчектин баасы 500 сомдон 1500 сомго чейин турса, жамбаштар 700 сомдон жогору.
КЫЗЖИБЕК БОЛГУҢУЗ КЕЛЕБИ?
Кошмо чачтарга кантип кам көрүү керек?
Чачты жасалма узартуу. Мындай кызмат мындан 40 жыл мурун пайда болуп, бүгүнкү күндө борборубузга да канатын кенен жайды. Баасы Бишкекте 3000 сомдон 15 000 сомго чейин. Жасалма чач чаптоонун 3 түрү бар. Биринчиси “муздак чаптоо” деп аталат. Мында чогултулган бир тутам чачты атайын кыпчыткыч темир аркылуу чачыңыздын арасына кыпчып беришет. Мунун өз чачыңызга зыяндуулугу жок болгону менен, күтүлбөгөн жерден түшүп кылышы мүмкүн. Экинчи түрү “ысык чаптоо” деп аталат. Мында чачтар алдын ала топ-топко бириктирилген (1 топто 5-6 чач болот) чачтар өз чачыңыздын араларына желим менен чапталат. Бул чаптоонун деле пайдасы – сулуулук. Ал эми зыяндуулугу – желимдин таасири менен өз чачыңыз аздап түшөт. Чач чаптатуунун үчүнчү түрү “тикме” деп айтылат. Мында топ-топко чогултулган чач өз чачыңыздын түбүнө кадимкидей эле жип менен алгач оролуп, андан соң оролгон жер бекемдеп тигилип коюлат.
КИРПИКТЕРДИ УЗАРТУУ
Кошмо кирпикке кам көрүү
Учурда кирпик коштуруу борборубузда 300 сомдон 1500 сомго чейинки суммадагы акча менен кошо бир жарым, эки саат убакытты талап кылат. Кошмо кирпиктин эң кымбаты – 3D деген аталыштагы кирпиктер. Ал 3000 сомдон жогору. Алардын желимдери өтө туруктуу болгондуктан, адистер мындай кирпиктердин 3 айга чейин түшпөсүнө кепилдик беришет. Ал эми башка кирпиктер эки жумадан кийин эле оңдоп-түзөтүүгө муктаж. Кирпик коштуруунун эки түрү бар: ар бир кылын бирден чаптап чыгуу жана тобу менен чаптоо. Адистердин айтымында, кирпик чаптатуунун зыян жактары да жок эмес. Кирпиктин ар бир талына желим чапталып жаткандыгын элестетиңиз. Ошондой эле эгер сиз кошмо кирпигиңизге туура кам көрбөсөңүз, өз кирпиктериңиз кошо түшүп же сынып калат. Кирпиктин өтө жай өсөрүн айтпасак да билсеңиз керек.
Венера Камалова
kenesh@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
ТАБИЯТ БЕРГЕН ӨҢ-КЕЛБЕТКЕ ЖАСАЛМА СУЛУУЛУКТУН КЕРЕГИ БАРБЫ?
БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА, ЫРЧЫ:
– Табият берген өң-келбетке кошумча сулуулуктун кереги бар деп ойлойм. Себеби сулуулукту баса белгилөө үчүн, мисалы, кашыңды терип, иреттеп, эриндериңе бир аз көрк берип боёп койсоң ашыкча болбойт.
СҮЙМӨНКУЛ, СТУДЕНТ:
– Кереги жок, Жараткан берген сулуулук жетиштүү. Адамдын табигый сулуулугу менен жасалма сулуулугунун айырмасы асман менен жердей. Өзгөчө сулуу болом деген аракетте чектен ашыра боёнуп, бети-башына косметиканы чаптап алгандарды жактырбайм.
НАЗИРА, ҮЙ КОЖОЙКЕСИ:
– Адамдардын жасалма сулуулукка муктаж болушуна азыркы жашоо шарт себепкер. Косметикалык каражаттарды көп колдонуп, кошумча сулуулуктун жардамына чуркап жатабыз. Негизи, мындай жол менен сулуу болуу убактылуу. Убакыт өтөрү менен артык кылам деп, тыртык кылып алгандар да жүрбөйбү, ыйлап.
АМАН, ЖЕКЕ ИШКЕР:
– Менин оюмча, ар бир адам өз алдынча өзгөчө. Кырсыктан улам медицинанын жардамына кайрылса, анда түшүнөм. Себепсиз эле кошумча сулуулук каалагандарды жеңил ойго берилип, өзүнө болгон ишеними аз адам деп эсептейм. Адам сырткы келбети эле эмес, жан дүйнөсү менен да сулуу.
ШАХИЯ, САТУУЧУ:
– Албетте, кошумча сулуулуктун жардамы аркылуу сулууга айлануу мүмкүн. Азыр акчанын жардамы менен каалаганыңды жасоого болот. Бирок табигый сулуулукка жетпейт. Ар бирибиз сулуубуз, бирок өз убагында сырткы келбетке кам көрүү баарыбыз үчүн пайдалуу.
НУРЛАН НАСИП, ЫРЧЫ:
– Сахна адамдарынын мындай кызматтардан колдонуусун туура эле түшүнөм. Себеби эл көзүндө жүргөндөн кийин өзүнө каранып жүрүүсү керек. Бирок жасалма сулуулукка каршымын, анткени ар бир адам өзүнчө сулуу. Жасалма жол менен өз келбетине көрк бергендер баары бир байкалып калат.
БЕРМЕТ, ТИГҮҮЧҮ:
– Мен мындай сулуулукка каршымын, кээ бир кыздар балдарга жагынуу максатында мода деп эле акчаларын коротуп кирпик чаптатып, кошумча тырмак жасатып, эриндерин чоңойтуп жүрүшпөйбү. Өзгөчө айылдан келген кыздар. Ошого кеткен чыгымды пайдалуу нерсеге жумшашса.
Назгүл Исакова
koom@super.kg