Абды Сатаров, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү: «ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУ ТАРТЫП, ЭЛГЕ ДҮҢ БОЛГОМ»

Өмүр жолун карап "Абды мырза иштебеген телеканал калбаптыр го" дейт экенсиң. ЖОЖду бүтүп-бүтпөй жатып журналистика чөйрөсүнө аралашкан жаш жигиттин азыр чачын ак басып калган учуру. Анда телекөрсөтүү жаатына арналган өмүр же жөн гана Абды Сатаров жөнүндө сөз.

САТАРОВ АБДЫ АБДУВАЛИЕВИЧ

Туулган жылы – 1951-жыл, 29-ноябрь
Кичи мекени – Ош облусу, Алай району, Согонду айылы
Кесиби – Журналист
Үй-бүлөсү – 1 уулдун атасы

ЭМГЕК ЖОЛУ
1993-1997-жылдары Ош облустук телекомпаниясынын жетекчиси 2000-2003-жылдары КООРТ телеканалында башкы редактор
2003-2005-жылдары "
Internews Network" уюмунда "Мейкин Азия" программасынын редактору жана алып баруучусу
2005-жылы УТРКнын "Ала-Тоо" программасынын башкы редактору
Учурда – Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинде декандын орун басары

– Журналисттик түйшүктү жонго көтөрүп жүргөнүңүзгө канча болду?
– Көп эле жыл болду, окууну бүтүп-бүтпөй жатып журналистикага аралаштым. 1973-жылдан тарта режиссёрдун ассистенти болуп жүрдүм. Билесиң да, "тигини алып кел" дейт, ага чуркайсың, "плёнканы ташы" дейт, аны ташыйсың, "пультка отур" дейт, отурасың. Конокторду тосуп келмей да сенин жумушуң, иши кылып режиссёрдун айтканын кыңк этпей аткарасың. 1 жылдай иштеп, режиссёрлук курс чыгып калып, 4 айга Москвага кеттим. Ал өзүнчө бир чоң мектеп болду. Көптөгөн телекөрсөтүү тармагынын дөө-шаалары, алардын бири Владимир Познер биз менен эки-үч жолу жолугушуу өткөргөн.
Кыргызстанга келип 4 жылдай режиссёр болуп иштедим, бирок баары бир жазмакер адам ошол тармакка тартылып тура берет экен. Кыргыз телекөрсөтүүсүндө "Адабий драмалык редакция" деген бар болчу, 1977-жылы ошого кирдим. "Чү" дегенде эле бир кызык окуяга туш болдум. Жаш элем да, курчсуң, аңды-дөңдү карабайсың дегендей. Бир күнү "Түгөлбай Сыдыкбековду телекөрсөтүүгө тартам" деп чыктым. Жазуучуга эки-үч жолу айтсам, "тигиндей, мындай" деп эле такыр болбойт. Көгөрүп кайра-кайра телефон чала бердим. Акыры тажадыбы, бир күнү "сен кандай баласың деги? Андан көрө үйгө кел, бетме-бет сүйлөшөлү" деп калды. Бардым, аркы-беркиден сүйлөшүп отуруп экөөбүз тил табышып кеттик. Ал киши "балам, сен тарткан күндө да үстүңдөгү чоңдоруң мени эфирге чыгартпайт" деди. Мен кайдан билмек элем, көрсө, саясий, идеологиялык маселелер бар экен да. "Эмнеси болсо да тартып көрөлү" дедим да, Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу 1 сааттык чоң материал даярдадым. Кудай жалгап, эфирден кетмей болду, ошол көрсөтүү дүң дей түшүп, коомдо сенсация жаратканы эсимден кетпейт.

– Айрымдар бир иш жасаса эртеси күнү эле анысын даңазалап айтып чыгышат эмеспи. Сиз деле ушунча жыл жүрүп телеканал үчүн эмгек өтөсөңүз керек, үн катып көрбөйсүзбү?
– Жасаган ишимди милдет кылганды башынан жактырбайм. Ошентсе да айрымдарын айтайын. Ош шаарындагы мурунку "Ош-3000", азыркы ЭлТРдин бакыйган имаратын курдурууга мен себепкер болгом. Муну биринчи жолу айтып жатам. 1993-жылы Ош телекомпаниясына келдим, 20 жылдык тарыхы бар экенине карабай кызматкерлер үчүн бөлмөлөр жок экен. Ошондо Ак үйгө чейин келип, "телекомпанияга имарат курулсун" деген чечим чыгартып, Акаевге кол койдуруп кеткенмин. Мен бул ишим менен сыймыктанам. Менин бир принцибим – кайсы жерде иштесем, ал жерге жаңы бир нерсе киргизүү.

– Сиз авторлук кылган кайсы телекөрсөтүүңүз купулуңузга толчу?
– Бирөөсүн бөлүп көрсөтө албайм. КООРТ телеканалында да бир нече жыл иштеп, андагы "Апта" деген телепрограмманы ачкам. "Апта" дешип элдин баары ошол аналитикалык программаны күтүп көрүшчү. Кийин ушул эле телеканалдын түштүктөгү филиалында, андан кийин "Интерньюста" иштеп, "Мейкин Азия" деген көрсөтүүнү биринчи жолу ачып, өзүм алпарып жүрдүм. Элден көп эле жакшы пикир, жылуу сөздөрдү укчумун. Андан кийин НТСте, КТРдин "Ала-Тоо" программасында башкы редактор болуп иштедим.

– Бийликтен кысым, коркутуу же эскертүү алган күндөр болсо керек...
– Анча-мынча болду. Мага коркунучка караганда адилетсиздик көп болду дейт элем. Ошто иштеп жүргөндө облуска жаңы бир жетекчи барды, атын айтпай эле коёюн. Ошол киши менин ордума өзүнүн тууганын отургузуш үчүн мени бир айдын ичинде 3 жолу текшертти. "Ой, мени текшертпей эле коюңуз, баары бир эч нерсе таба албайсыз. Мен өзүм эле кетейин, мына арызым" десем деле болбойт да, көшөрүп. Эптеп бир нерсе таап, карасанатайлык менен мени жаман көрсөтүп, анан кетирем деп ойлоду. 3 комиссиясы тең эч нерсе таба алган жок. Кичине уяты бар киши экен же Кудайдан корктубу, кийин өзүнө чакырып алып, "Ошто калып иштей бер" деп жатпайбы. Баш тартып баса бердим. Адилетсиз, адамдын эмгегин баалай албаган, жегич кишилер ошол бойдон эле калышат экен. Ал киши азыр деле өзгөргөн жок, ошол боюнча эле жашап жүрөт.

– КТРКда Байкоочу кеңештин мүчөсү катары айтсаңыз, бул жердеги негизги көйгөй эмне?
– КТРКда көйгөй көп, азыркы калыбында калса болбойт. Жакшы иштер деле бар, бирок көп жылдан бери жаш режиссёрлор окутулбай калган. Визуалдык искусстводо режиссёрдук жумуш биринчи орунда турат. Редактор миң акылдуу болгону менен, кыйын режиссёр болмоюнча жумуш көзгө көрүнбөйт. Ошондой эле "Ала-Тоо" программасы мени канааттандырбайт, себеби өз форматын сактабайт. Кааласа 10 мүнөт, кааласа 5 мүнөт кеч башташат. Бул – миллиондогон көрүүчүнү сыйлабагандык. Саясатты алалы, бир аптада ондогон окуялар болуп турат. Мына, "Кумтөр" боюнча маселе каралды, эмне үчүн ошол эле күнү 10 мүнөттүк комментарий бергенге болбосун, туурабы? Элдер эс ала турган жаңы программаларды ачыш керек. Азыр кандай? Эртеден кечке эки адамдын отуруп алып саясатты талкуулап отурганын көрөсүң.

– Шаан-шөкөт, той-топурга жакынсызбы?
– Той-аш, мааракелерге көп барбайм, чынында. Эл көп топтолгон жерлерге барууну жактырбайм, өзүмчө болгум келет. Себеби жалгыз жүрсөң жакшы эс аласың, жакшы ойлоносуң, китеп окуганга шарт түзүлөт, багыңдагы гүлдөргө суу куясың, айтор, ички дүйнөңдү тазалап турасың. Тынбай эле той-топурларда жүрө берсең, жанагы майланышкан майлыктай болуп бетиңден май тамып, эскирип каласың. Өмүр бир жолу берилет, Эрнест Хемингуэй айткан, "адамдын өмүрү кыска, аны узартса болот" деп. Эрте туруп, кеч жатыш керек, ушинтип гана узарта аласың өмүрдү.

– Сиз канча саат уктайсыз?
– Мага 5-6 саат жетиштүү. Эртең менен 5:30да туруп, түнкү 1лерде жатам. Эрте туруп, таза абада көпкө болом, анан күн чыгат, ал да өзүнчө бир керемет. Түнкүсүн булбулдардын сайраганын тыңшап жатам. Алар сайраганда да бири-бирин кайталашпайт, керемет кооздук. Жашоону биз табияттан үйрөнүшүбүз керек.

– Китепти көп окуйсузбу?
– Апта сайын китеп саткан дүкөндөргө барып турам. Кино, адабият, телерадио, музыка, дүйнөлүк ири бизнесмендер жөнүндөгү китептерди барактайм. Мага япондордун эмгекке кылган мамилеси жагат. Мисалы, "Панасоник" компаниясын негиздеген япондордун Коносукэ Мацусита деген миллиардер кишиси болгон. Ошол киши бир күнү өзүнүн достору менен ресторанга эс алганы барат. Столдогу тамактын жарымын гана жейт да, ашпозчуну чакырат. Коркуп, "эмне дейт?" деп келген ашпозчуга "мен бул тамактын жарымын гана жедим. Сизден кечирим сурайм. Сиз тамакты көңүлүңүз, мээримиңиз менен абдан мыкты жасапсыз, эмгегиңизге таазим кылам. "Тамак начар болгону үчүн жебей кетти" деп ойлобоңуз" деп кечирим сураган экен. Көрдүңбү, бул эмне деген мамиле! Дүйнөлүк деңгээлдеги атактуу, бай киши кичинекей болсо дагы адамдын эмгегин баалап жатат. Биздечи? Аракка тоюп алып тамактарды ыргытып, тебелеп-тепсеп кетип жатышпайбы. Качан ушундай деңгээлге жеткенде гана бутубузга турабыз, кыргыздар.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
BEKTUR AZHO
2012-07-03 22:13:33
Менин агайым го, эн мыкты агай...
0
№ 504, 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан