АЛМАНЫ ЭҢСЕСЕҢИЗ, ЖҮРӨГҮҢҮЗДҮ ТЕКШЕРТИҢИЗ!

Кандайдыр бир азыкты жегенди ушунчалык эңсөө кош бойлууларга гана таандык нерсе эмес. Бул ден соолукка байланыштуу кандайдыр бир белгиден кабар бериши мүмкүн.
Анткени окумуштуулар изилдөөлөрүнөн соң оорудан улам организм өзүнө эмне керек экендигинен кабар берип турарын аныкташкан.

Алма. Өзгөчө көк алманы эң­сөө кандагы холестериндин жогору экендигинен же жүрөктө оорунун пайда болгонунан кабар берет. Себеби алмадагы темир жана аскорбинка (С витамини) жүрөгү ооругандарга эң керек нерсе.
Лимон. Бул жемишке тартылуу боордо жана өт баштыкчасында маселе бар экендигин кабарлайт.
Капустадан жасалган салатты эңсөө ичегилерде оорунун жаралып жатышынан белги берет.
Зайтун (оливка) майысыз жашоосун элестете албагандар калкан сымал безин текшертүүлөрү зарыл. Анткени дал ушул органда маселе жаралууда.
Балмуздак же каймактуу пирожныйсыз тура албагандар таяныч-кыймылдаткыч аппаратына (бут-кол сөөктөрү, муун, омурткалар...) көңүл буруп, дарыгерлердин текшерүүлөрүнөн өтүүлөрү кажет.
Пиязды, сарымсакты жана ашкөктү эңсөө күчөсө, анда дем алуу органдарынын биринде оорунун жаралып жатканы. Мисалы, өпкөнүн суукка урунуудан улам сезгенүүсү. Жөнөкөйлөтүп айтканда, организм пияз, сарымсактагы фитонциддердин жардамынын аркасында инфекциядан коргонууга өтүүдө деп тү­шүнсөңүз болот.
Сыр. Сөөгү борпоң тарта баштагандар бул азыкты эңсеп калышат. Анткени сырда сөөккө эң керектүү кальций жана фосфор бар.
Күн караманын даны. Эгер кокустан эле семичке чагууну каалай баштасаңыз, анда ор­га­низмиңиз өзүндөгү көбөйүп кеткен кычкылдан кутулгусу келип жаткандагысы.
Эгер адам этти жемек тургай көргөндө көңүлү айланса, анда адамдын бир жеринде шишик оорусу жарала баштоосу мүмкүн. Андыктан онкологго текшерилүү зарыл.
Эгер адамды баклажан жана сарымсак “коркута” турган болсо, анда адамдын ашказанында жара бар же ашказанынын кычкылы жогорулап кеткен болуусу ыктымал.
Гормоналдык бузулууда жана диабетте көбүнчө тамакка табит абдан ачылып, адам өзүн тыя албай калат. Ошондуктан мындай белгилер байкалса, эндокринологго көрүнүү кажет.

Клиникалык жана чыныгы өлүм тууралуу

Жүрөк жана өпкө иштешин токтоткондон соң дененин клеткалары 4-6 мүнөткө чейин жашай алат. Бул аралык клиникалык өлүм деп аталат.
Өлүм – жашоонун бүтүшү. Бүт организмдин өлүшү соматикалык өлүм деп аталат. Клеткалардын өлүм алдындагы абалы некробиоз, ал эми кычкылтектин жетишсиз­дигинен, күйүктөн же башка себептен улам клетканын өлүшү некроз деп аталат. Жашоого эң кер­ектүү болуп саналган башкы органдар: жүрөк, өпкө, мээ, боор жана бөйрөктүн оорудан, жаракаттан же карылыктан иштешин токтотушунан өлүм келип чыгат. Антсе да өлүмдү жүрөктүн согушунун токтошу менен байланышты­рышат. Жүрөктүн токтошу менен кан айлануу токтойт. Кан айланбаса дененин клетка­ларына кычкылтек барбай калат. Алгач кычкылтекке көбүрөөк муктаж болгон мээнин клеткалары өлөт. Эң акырында чач менен тырмактын түбүндөгү клеткалар өлүмгө учурайт. Анткени булар адам өлгөндөн кийин да бир нече саат жашап тура алышат.
Жүрөк жана өпкө иштешин токтоткондон соң дененин клетка­лары 4-6 мүнөткө че­йин жашай алат. Бул аралык клиникалык өлүм деп аталат.
Шашылыш чара көрүлүп, клиникалык өлүм алдындагы адамдын дем алуусун жана кан айлануусун калыпка келтирсе, адамды тирилтүүгө болот.
Шашылыш чарага жасал­ма дем алдыруу, жүрөккө массаж жасоо сыяктуулар кирет. Ушундан кийин адам өзү дем ала баштайт же жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен дем алдырылат.

Чыныгы өлүм жана өлгөндөн кийин...

4-6 мүнөттөн кийин мээнин, жалпы эле организмдин клеткалары өлө баштайт. Мындайда адамды тирилтип алууга мүм­күн эмес.
Өлгөндөн кийин дененин температурасы чөйрөдөгү температуранын деңгээлине тү­шөт. Кан дененин төмөнкү бө­лүктөрүнө чогулат. Акырындап булчуңдар катып калат. Кийинчерээк алар катуулугун жоготуп, жумшак тартат. Ушундай өзгөрүүдөн соң дене ткандары бактериялардын айынан бузулуп, чирий баштап, жыттанууга өтөт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 334, 27-март-2-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан