АТАНЫ ЖАЛГЫЗ ТУЯГЫНАН АЙРЫГАН АВТОКЫРСЫК ЖЕ ТААНЫШЫ БАРЛАРГА СОТ ЖОКПУ?

Мындан бир айга чукул убакыт мурда жол кырсыгынан көз жумган Алишер Маматовдун ата-энеси, жакындары чындыкты, адилеттикти издегендерин айтып редакциянын босогосун аттап келишти. Албетте, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жалгыз уулунан абайсыз айдоочунун айынан бир заматта айрылып калуу ата-эне үчүн канчалык оор экенин айтпасак деле түшүнүктүү.

Нажимидин Маматов, маркумдун атасы: «ТЕРГӨӨ ИШИ ОРДУНАН ЖЫЛГАН ЖОК»
Оор улутунган ата ордун баса турган жалгыз уулунан ажырап калганына каңырыгы түтөй төмөнкүлөрдү айтып отурду:
– Уулум машинасын сатам деп Бишкектеги автобазарга кеткен эле. Ошол күнү жаан нөшөрлөп жаап жаткан. Кечиккенинен кечке маал ага телефон чалдым. Ал: "Базарда машина коё турган жер жок экен, жол жээкке токтотуп койдум. Жаңы эле Эрлан экөөбүз барып манты жедик, мечитке барып намаз окудум. Азыр машинанын ичинен футбол көрөлү деп отурабыз",- деди. "Уулум, футболду үйгө келип эле көрбөйсүңбү, кыйналбай жакшы эс алып. Эртең менен менин машинам менен кетип каласың" десем да болбой койду.
Окуя эртеси, тагыраак айтканда, 20-май күнү таңкы саат 4:30дар чамасында болгон экен. Сокулук тараптан келе жаткан Хонда Сабер үлгүсүндөгү жеңил унаа Бишкектин батыш тарабында жайгашкан "Азамат" автобазарынын тушунда, жол четинде токтоп турган беш-алты машинаны коюп кеткен. Анын кесепетинен 3-4 адам жабыркап, менин 1985-жылы төрөлгөн уулум Алишер каза болуп калды. Уруп кеткен машинанын айдоочусу Талас Дайырбеков Ички иштер министрлигинин академиясынын (БВШ) 3-курсунун студенти болгон.
Мага таңга маал Алишердин жанында жүргөн Эрлан телефон аркылуу болгон окуяны угузду. Угар замат жээним, келиним болуп ооруканага жетип бардык. Эрлан менен жээним уулумду көтөрүп ооруканага киришти. Артынан мен кирдим. Дарыгерлер бизди киргизбей сыртка чыгарып коюшту. Сыртта турсак бир бала жаныбызга келип, "муну жасаган менмин, мени кечирип коюңуздарчы! Күнөөмдү моюнума алам, жазасын тартам" деп мага, жээниме, келиниме (маркумдун келинчеги) жалбарып, айланчыктап калды. Ал мас абалында экен. Мен "мас экенсиң, мас болуп алып ушул ишти кылдың, ит!" деп кыйкырып жаттым. Анан эле дарыгерлер чыгып "болбой калды" дешкенде биз ыйлап-сыктап, өзүбүз менен өзүбүз болуп калдык. Ошол учурдан пайдаланган тиги жигит "бирөөгө телефон чалып алайын" деп Эрландын телефонун сурабастан алып, телефондон бирөөлөр менен сүйлөшүп, анан качып кеткен экен. "Качып кетпесин, жакшылап карагыла" деп ага чейин айтып жаткам. Анын качып кеткенин байкап калган жээним чыгып эле караса, 200 метрдей алыстап кетиптир, артынан кууп жетпей калды. Ошол качып кеткен боюнча жок болду.
Арадан бир саат өткөндөн кийин МАИ кызматкерлери менен тергөөчү келип, "койгон машинанын ичинен айдоочунун студенттик билетин таптык" дешти. Анан ошол жерде жабыркаган күбөлөрдүн айтымында, машинанын ичинен жарым бөтөлкө орус арагы менен бир жолу колдонулуучу желим стакандар, суусундук табылган. Демек, булар машинаны айдап келе жаткан учурда да ичип жатышкан. Саатына 180 чакырым ылдамдыкта ичип алган адам эмес, чегип алган адам айдайт болуш керек.
Менин оюмча, ал бала өзү качпайт эле. Бирөө телефондон ага "качып кет" деп акыл үйрөткөн. Менин билишимче, мыйзам боюнча, бала кармалганда эки сааттын ичинде канын, заарасын текшерип, андан анализ алыныш керек эле. Анализ алынганда жабыркаган жана күнөөлүүлөр тараптан, милиция кызматкерлери менен ошол жердеги врачтардан кол коюлуп, анан анализдин жыйынтыгы чыкмак. Андай болгон жок. Тескерисинче, тергөөчү "кечки саат алтыларда ал баланы алып барып анализ алганбыз" деп айтып жатат. Менин маалыматым боюнча, ал күнү шаарда болгон эмес, Нарынга качып кеткен. "Анан алар кантип анализ алышкан?" деген суроо туулат. Алганда да "саат алтыларда алганбыз" деп жатышат. Бул да ишенимсиз. Кечки алтыга чейин ар кандай дарылар менен канын тазалап туруп анализ берген же жабырлануучу тарап жок болгон соң башка эле баланын канын текшертип коюшу мүмкүн деп ойлойм.

«ТЕРГӨӨЧҮ ЖОГОРУ ЖАКТАН УРУКСАТ БЕРБЕЙ ЖАТАТ ДЕЙТ»
– Бул окуя боюнча Сокулук РИИБинде ошол замат иш козголгон, бирок ушул күнгө чейин тергөө иши ордунан жылбай жатат. Эгерде башка бир байкуштун баласы сүзүп кеткен болсо, тергөөчү менин үйүмө он жолу келмек. Тескерисинче, мен тергөөчүгө эки жолу бардым. Тергөөчү "айдоочуну тергөөгө чакырып сурак кыла элекмин, ошол окуя болгон күндөн кийин аны көргөн жокмун. Ал баланы тергөөгө алайын десем, мага жогору жактан уруксат бербей жатат. Сиздер прокуратурага кайрылып, ишти ошол жакка өткөрүңүздөр" деп айтты. Анан прокуратурага 15-июнь күнү кайрылуу жасап, бул ишти өткөрүп бердим. Алар кабыл алышып, "күнөөлүү милиция жаатында (БВШда студент) болгон соң бул ишти биз карашыбыз керек эле, эмне үчүн булар кармап отурушат?" деп Болот деген жигит алып калган болчу. Ошондон бери эч кандай кабар жок.

«СҮЗГӨН ЖИГИТ МАС БОЛЧУ»
Окуяга өз көзү менен күбө болгон маркумдун досу Эрлан төкпөй-чачпай төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 19-май күнү кечке маал Алишер экөөбүз машина сатканы базарга барганбыз. Базардын ичинде орун жок экен. Анан машиналарыбызды жолдун жээгине токтотуп коюп, таң атканча күтүүгө туура келди. Менин машинамда монитор бар эле, футбол көрмөй болдук. Алишер өзү футболго аябай кызыкчу. Ошол күнү "Бавария" менен "Челси" ойногон. Уйкум келип, тынчыраак жатайын деп Алишердин машинасына келип жатып алдым. Алишер болсо аягына чейин көрө турган болду. Чарчаганым менен, Алишердин машинасына келгенде эмнегедир уктай албай телефонумду чукулап отургам. Бир кезде эле артымдан учак учуп келе жаткандай болду. Бир нерсе болорун ошол замат сездим. Анан ушундай катуу үн чыкты. Башымды көтөрүп карасам, менин машинам 10 метрдей ыргып кетиптир. Анын алдындагы машиналар да мыйрыйып калган экен. Жолдун ортосунда кара машина жатат. Анын ичинен 3 бала,
1 кыздын түшүп келе жаткандарын көрдүм.
Алишер жаткан машинага эки аттап жетип ичин карасам, эч ким көрүнбөйт. Көрсө, одеяло үстүнө жабылып, көрүнбөй калыптыр. "Бирөөлөргө жардам берип жүрөт окшойт" деп сүйүнүп кетип айланадан издедим. Жок. Кайра машинама келип ичин карасам, Алишердин башы рулдун ылдый жагына шылкыйып калган экен. Кыймылдабайт. Ошол жерден таш таап келип терезени сындырып эшикти ачып, Алишерди сыртка алып чыкканы жатып бир бала жүргөнүн көрүп калып аны жардамга чакырдым.
103кө телефон чалсак, "ал жак биздин участка эмес, Сокулук районуна чалгыла" деп коюшту. Сокулукка чалсак, алар "бизге карабайт, Военно-Антоновканыкы" дешти. "Ал жактын номерин бергиле" десем, "аны сурап-билүү кызматынан алгыла, биз билбейбиз" дешти. Убакыт болсо өтүп жатат. Анан тиги бала экөөбүз Алишерди өзүнүн машинасына салып, "жүрү, мени менен ооруканага барып келчи, досумду кармап артка отуруп алчы" десем болбой алдыга отуруп алды. Отурганда эле ал баланын мас экени билинди. Жолдо баратканда эле тиги бала "ушунун баарын мен кылдым, баарына мен күнөөлүүмүн! Мен баарына жооп берем!" деп ыйлап баштады. Ошондо гана сүзгөн бала ушул экенин түшүндүм. Ал ооруканага жетер-жеткиче ыйлап барды.
Тааныштарымдан угушумча, азыр Талас Дайырбеков БВШда окуп, сабактарын бүтүрүп жүрөт экен. Досторуна "ишти тааныштарым аркылуу жаптырдым, баары бүттү" деп айтыптыр.

«БИР ЖЫЛ МУРУН ҮЙЛӨНГӨН»
Тогуз ай бели сыздап көтөргөн уулун апасы Базаркан көзүнө жаш алып төмөнкүчө эскерип жатты:
– Уулум бир жыл мурун үйлөнгөн эле. Беш убак намазын калтырбай окучу. Мектепти, эки институтту жакшы окуп, кызыл менен бүтүргөн. Жаман айтпай, жумшак сүйлөчү, колунан келсе, тааныбаган адамдарынан да жардамын аячу эмес. Ичип-чеккени жок эле. Адамдагы бардык жакшы сапаттар уулумда бар болчу. Бир жарым жылдан бери сот системинде иштеп жүргөн. Уулумдун кандай жигит экенин досторунан, кесиптештеринен сурап көрсөңөр болот...
Базаркан эже уулу жөнүндө дагы бир нерселерди айткысы келди, бирок жашка муунуп, андан ары сүйлөй албады.

«ИШ СОТКО ӨТТҮ»
Ата-эненин арызын уккандан кийин Сокулук райондук прокурорунун ага жардамчысы Болотбек Келдибаевге кайрылсак, ал бизге төмөнкү маалыматтарды айтты:
– Бул иш мага 15-июнь күнү келген. Окуя менен таанышып, "кайра жакшылап тергөөгө алынсын" деп Сокулук РИИБине көрсөтмө бергем. Ишти Эрлан Аданбеков аттуу тергөөчү иликтеди. Соттук-химиялык экспертизадан "Талас Дайырбековдун канында этил спирти жок" деген жыйынтык чыгарылган. Ошого карабай күбөлөрдүн айтуусуна таянып аны 281-берененин 3-бөлүгү менен айыптап, "мас абалында машина айдап, жол эрежесин одоно бузган жана анын кесепетинен адам өмүрү кыйылган" деп иши Сокулук районуна соттун кароосуна кетти.

Андан соң Ички иштер министрлигинин академиясына байланышып, Талас Дайырбеков окуя болгондо эле окуудан чыгарылгандыгы тууралуу маалымат алдык. Төбөлбү, чоңдун баласыбы, милиция кызматкериби же жөнөкөй адамбы, мыйзам баарына бирдей болушу керек. Бирок бизде бул жөн гана ооз менен айтылган кеп боюнча калып, акыйкаттуулук акчага сатылып жаткандыгы өкүнүчтүү. Ал эми Талас Дайырбеков тарап менен байланыша албадык. Ал азыр баш коргоо чарасын алып, эркиндикте жүргөндүктөн, аны табууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн жок. Тергөөчү болсо документтер сотко жиберилгенин, баарын сот гана чечерин айтты. Эгерде экинчи тараптын да айта турган сөздөрү бар болсо, биз угууга даярбыз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Атаны жалгыз туягынан айрыган автокырсык
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
armin85
2012-07-02 19:50:08
жазасын сот бербесе аллах берет!Алишердин жаткан жери жайлуу болсун!
0
nazgul.83
2012-07-02 19:56:47
деги не болуп баратабыз карачы жаш баланын омуру кыйылып жатса да куноолу оз жазасын албай неге? бул биринчи эле окуя эмес ошентсе да чара коруу керек
0
Aigesh
2012-07-02 23:54:20
nazgul.83, Оюнарга келгенин, тушунуп, тушунбой баш аягы жок суйлой бересинерби. Сот ишке жиберилди деп атат, иш каралып, ал оз жазасын алат да. Силерге бул бай-манаптар заманы эмес да, бар да, башын ал дегендей. Кудай буну эч кимдин башына салбасы. Кырсык деген кабак каштын ортосунда и от него никто не застрахован. Бир аз сабырдуурак болсонор.Жаткан жайы жайлуу болсун.
0
2012-07-02 21:55:46
Жакшы адамдардын омуру ушундай аз болот экен да аллах уулунуздарга бейиштен орун берсин омин! Жакындарына кудайым озу сабыр берсин. Айыптуу адамдар жазасыз калбайт аллахым созсуз жазасын берет
0
bokeboke
2012-07-02 22:23:19
жаткан жери жайлуу болсун аллахым бейиштен оорун берсин алардын жазасын аллахым озу коргозот
0
welkome
2012-07-03 02:24:01
Жаткан жери жайлуу , топурагы торко болсун.
0
Shekerbek
2012-07-03 12:10:11
Аллах рахматына алсын!!!
0
Alisher_1984
2012-07-03 12:57:10
Жакшынын омуру кыска дейт,жаратканым бейиштин торунон орун берсин,билип билбей кетирген куноолорун Аллах озу кечирсин!!!
0
Aigewa
2012-07-03 19:10:36
Tuura aitasyz Alisher! Jakwynyn omuru kyska dewet go elibiz. Allah bizdi arky duinogo ar turduu sebepter menen alyp ketet eken da...bul jolu avtokyrsyk sebep bolgon tuura! Topuragy torko bolsun!
0
ai_ka
2012-07-04 01:36:59
Жаткан жери жаанаттан болсун. Жакшы адамдын омуру кыска деген тура.

0
aselya89_81
2012-07-04 10:13:43
Алишер жаткан жерин жайлуу топурагын торко болсун жаратканым бейишинен берсин!!! аа жанагы акмакты козу май баскан асып эле салыш керек колу менен кылдыбы мойну менен тартсын оз жазасын. Ата энесине жубайына терен кайгыруу менен конул айтам
0
Murat625454
2012-07-04 22:55:18
Жаткан дери жайлуу болсун бирок Кудай жазасын берсин деп барын эле кудайго тонкоро бербей элдер законду кучуно киргизиш керек .Ушинтип кудай озу жазасын берсин деп журо беребизби качанга чейин ошого жооп бергилечи урматтуу момун мусулмандар .
0
jo-jo
2012-07-05 15:13:09
суроттогу бала менен келинди бир жерден коргондой болуп атам, (( жаткан жерии жаннатта болсун...
0
studentka
2012-07-06 16:41:09
Кайсыл жерде окугандыгын билип туруп кантип кунолууну таппай коюу мумкун???? Даана шалаакылык, кош конулдуулук!!!
ЖОЖдордо студенттер жонундо таптакыр маалымат жоктугуна ишенбейм!!! БВШны тытып жибербейби!!! Же БВШ ушунчалык шалаакы мамиле менен окутабы студенттерин???
Наарында жашаган уйуно барбайбы, ата-энесин таппайбы...??? (бул маалымат ВУЗда созсуз болушу керек) Шылтоо тапкандан коро!!! Кыргызстанда адам укугу качан ойдогудай корголот болду экен ((((
0
инженер
2012-07-08 17:46:05
Досум жаткан жерин жайлуу, топурагы торко болсун.
0
ai_ka
2012-07-08 18:51:06
Сузгон баланы камаш керек узак монотко




0
№ 504, 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан