Бир күнү Аюу токойдо баратып алдынан чуркап өткөн Коёнду кармап алат. Аны коё бербей, бир топко чейин кулагынан чойгулап кыйнайт. Айтор, акырында Аюунун колунан чыкканда Коёндун эси ооп жыгылат. Ошондо жаны кейигенинен ордунда жатып алып:
– Кулак жазылат, көздүн жашы кургаар, бирок ушунча кордук көрө тургандай эмне жазыгым бар эле?! Аюу токойдогу жырткычтардын эң чоңу, күчтүүсү болсо, Карышкыр менен Түлкү араларынан кыл өтпөгөн ысык достор болсо, эми мага мындан ары күн жок экен да. Мага ким бул жерде жөлөк болот, ушундай асманым түшүп турганда ким мага колун сунмак эле?- деп арман кылат.
Ошол убакта калың камыштын арасынан:
– Мен сага жөлөк болоюн, Коён!- деген абдан ичке үн чың эте түшөт. Коён көзүнүн кыйыгы менен акырын караса, үн чыгарган Чиркей экен.
– Сен мени коргой аласыңбы? Аюу токойдогу жырткычтардын эң чоңу, күчтүүсү, сен болсо кичинекей чиркейсиң. Сенин колуңдан эмне келет?- дейт Коён.
– Мага ишенип кой. Мен ошол күчтүү деген Аюуңду уктатпай, күнү-түнү тынчын алып, айласын алты ирет алууга жараймын. Ошону билбейсиңби?
Эртеси жайдын аптабынан жанын коёрго жер таппаган Аюу көлөкөгө жата кетти. Кулагынын түбүнөн зың-зың деген дабыш чыгат. Аюу Чиркейден качып ары оонайт, бери оонайт, баягы үн кетпей тынчын алат. Бир маалда Чиркей учуп келип Аюунун мурдуна кирип кетет. Токойдогу жырткычтардын эң алпы деген Аюу үнүнүн болушунча кыйкырып, колу менен мурдун чапкылап чуркап жөнөйт. Чиркей кайра тышка учуп чыгып, бир саамга жок болуп кетет. Аюу көлөкөгө жетип, жаңы эле көзү илинип баратканда зыңылдап кайра келет. Бирок бул жолу ал мурдуна эмес, кулагына кирип айласын кетирет. Акыры Аюуну чарчаткандан кийин анын кулагынан чыгып:
– Ии, баатыр акеси, экинчи Коёнго тийишкениңди кой. Болбосо күнү-түнү уктатпай мазаңды алам,- деди.
Коён болсо алыстан мунун баарын карап турат. Чиркейге ыраазычылыгын айтып, түбөлүккө дос болууну сунуштап, экөө жакшы достордон болуп калышкан экен.
Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg