КУЙКАЛАГАН КҮН НУРУ ӨЛҮМГӨ ЖЕТКИРЕТ!

Чак түштө күн ысыгында салкын үйдө же имараттын ичинде отурганга не жетсин?! Бирок жумуш чыгып калса, айла жок көчөгө, болгондо да күн нурунун бутасы болууга туура келет. Мына ушундай маалда өзүбүздү кантип сактоону биринчи орунга коюшубуз абзел. Себеби ден соолук баарыбызга керек.

КАНДАЙ ЗЫЯНЫ БАР?
Ачуу тийген күн нуру ден соолугу чың адамды да алсыратып коёт. Ысык өтүп кеткенде баш мээдеги кан тамырлар кеңейип, кан көп жүгүрүп, мээдеги кан айлануу бузулат жана шишик пайда болот. Эгер оорлошуп кетсе, организмдин иштөөсү бузулуп, адамды өмүрү менен коштошууга жеткирет. Мындай учурда кан басым төмөндөп, эрин жана тырмактар көгөрүп баштайт. Ошондой эле дене муздап, нымдашып, адам эс-учун жоготот. Бул өзгөрүүлөр мээнин жана ички органдардын шишишине алып келет да, анын аягы өлүм менен аяктап калышы мүмкүн. Андыктан ысык өтүп, оорлошуп кеткен түрү болсо, дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Ал эми жеңил түрү болсо, үй шартында ден соолукка кам көрсөңүз болот.

ЫСЫК ӨТҮП КЕТКЕНДЕГИ БИРИНЧИ БЕЛГИЛЕР:

  • Адамдын жүзүнүн өңү кызарып, андан соң кубарып чыгат.
  • Жүрөктүн катуу согушу байкалат.
  • Кулакта ызы-чуу үндөр орун алат.
  • Баш ооруйт, айланат жана адам түз басууга алы келбей калат.
  • Кан тамырдын согушу жайлайт.
  • Дем алуу да жай болуп калат.
  • Ал эми өтө оорлошуп кеткенде адам кусуп, тырышып же эсин жоготот.

БИРИНЧИ ЖАРДАМ
Адамга күн өтүп кеткен учурда дароо 103 номерине чалып, “Тез жардам” чакырууну эсиңизден чыгарбаңыз! Дарыгерге чейинки алгачкы жардамды көрсөтүү үчүн төмөнкүлөрдү эсиңизге түйүп алыңыз:

  • Жабыр тарткан адамды салкын же көлөкө жайга жеткизүү.
  • Жерге жаткырганда башы денесинен бийигирээк болушу зарыл.
  • Төбөсүнө жана желкесине муздак суу куюлган шише же муздак сууга малынган чүпүрөктү басуу керек.
  • Үстүңкү кийимин, бут кийимин чечип, төшүнө, бетине муздак суу чачуу зарыл.
  • Муздак суу ичирүү керек. Курамында кофеин бар суусундуктарды жолотууга болбойт (чай, кофе).
  • Эгер адам эсин жоготуп, дем алуусу билинбей калса, жасалма дем алдыруу керек.
  • Мындан сырткары көчөдө кетип баратып кокустан күндүн таасиринен улам ден соолугуңуздун начарлаганын сезсеңиз, салкын жайга жетүүгө аракет кылыңыз. Шаар жергесиндегилер дайыма кондиционер иштеп туруучу салкын имаратка (соода түйүндөрү, кинотеатр сыяктуу) киргени оң.
  • Мүмкүнчүлүк болсо, муздак душка түшө калуу зарыл.

Ачуу тийген нур кимдердин өмүрүнө өтө коркунуч туудурат?
Ачуу тийген күн нурунан эң алгач күн нурунан сактанбай жүргөндөрдүн баары жабыр тартышары белгилүү. Өзгөчө жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандардын өмүрүнө өтө коркунуч туудурат. Мындан сырткары 5-6 жашка чейинки жаш балдар жана карылар да ысыкка туруштук бере алышпайт. Себеби жаш баланын организминдеги жылуулукту бир калыпта сактоо (терморегуляция) процесси толук жетиле элек болот. Ал эми карыларда жаш өткөн сайын мындай процесс төмөндөп кетет. Ошондой эле кош бойлуу айымдар да ысыкка чыкпаганы оң. Чак түштөгү күн нуру ден соолугуна терс таасирин тез тийгизет. Андыктан саат 11ден 16га чейинки убакта көлөкөдө болгон туура.

САКТАНУУ ҮЧҮН...

  • Эң биринчи сырткы кийимге көңүл буруңуз. Үстүңүздөгү кийим жеңил, кенен, табигый материалдан даярдалган кездемеден тигилген жана мүмкүн болсо, ачык түстө болгону жакшы. Ал эми кара түс нурду өзүнө тартып алары белгилүү.
  • Баш кийим, көз айнек.

  • Синтетикалык материалдардан тигилген кийимдерден жана колго, моюнга тагылуучу кооздук, зер буюмдарын үйдө калтыруу керек. Себеби синтетикалык материалдан денедеги жылуулук сыртка чыкпай жана сырттагы таза аба денеге жетпей терс таасирин тийгизет. Алтын, күмүш жана башка зер буюмдары да ысык тартат.
  • Эртең менен ка­рама-каршы температурадагы (алгач муздак андан кийин жылуу) сууга чайканып алсаңыз, организмдин ысыкка туруктуулугу жогорулайт. Мындай ыкманы бир күндө бир нече ирет кайталасаңыз, таасири жакшы болот.

  • Ысыкта тамак сиңирүүдө организм кыйналып калат. Андыктан эртең мененки жана түшкү тамакты азыраак өлчөмдө жеген оң. Ал эми кечкисин каалашыңызча жесеңиз болот. Тамактанууда белок жана майды аз өлчөмдө колдонуп, жашылча-жемишти көбөй­түү зарыл.

  • Өтө муздак эмес суу, шире, чай жана газдалбаган минералдык суу көбүрөөк ичүү сунушталат. Өзгөчө жаш балдар жана кары адамдар колдон келишинче көп суу ичип тур­ганы жакшы.

  • Ичимдиктерди жана курамында кофеин бар суусундуктарды оозго алуудан алыс болуңуз. Ысык өтүп кетүүнүн оор түрүнө түздөн түз жол ачат.

Жогорудагы кеп-кеңеш­терибизге толуктоо киргизип, окурмандарыбызга өз кеңешин берген №1-Бишкек шаардык ооруканасынын башкы дабагери Жусуп Бошкоевге ыраазычылык билдиребиз.

ЖЫЛМАЙЫП КОЮҢУЗ!
Айылдан шаарга келаткан Ташмат менен Акмат үстүлөрүнө күрмө, баштарына тебетей жана колдоруна мээлей кийип алып Москвичтин ичинде баратышат. Бардык терезелерин жаап алышкан. Ал эми сыртта күн ысык, жайдын күнү. Көчөдөгү элдин баары жеңил кийинип жүрүшөт. Тумчугуп араң бараткан Акмат аларды көрүп, рулда отурган Ташматка:
– Мүмкүн, терезелерди ачып коёттурбуз, ыя?
Анда Ташмат:
– Жок, жөн кой, баары ойлоп калышсын, биздин Москвичтин КАНДЫЦЫОНЭРИ бар экен деп...

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Куйкалаган күн нуру өлүмгө жеткирет!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 504, 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан