20-июнда Тажикстандын аймагында баткендик 3 жаранды 90 килограмм кызыл сымап алып жүргөнү үчүн тажик күч түзүмдөрү колго түшүрүшкөн. Кармалгандардын бошотулушун талап кылып алардын жакындары, Баткен районунун аймагындагы Достук айылынын 150дөй тургуну 21-июнь күнү эртең менен Баткенге соода кылууга келген 19 тажик жаранын барымтага алышкан. Бирок барымтага алынган тажиктер ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан бошотулушту. Ал эми кармалган баткендик 3 жаранды бошотууну талап кылып митингге чыккан туугандары милиция менен кагылышууга чейин барып, жаңжал чыгып кеткен. Жыйынтыгында бир милиция кызматкерине ок тийип, ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы жакшырууда. Азыркы маалда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү абалды тынчтандырып, жаңжал чыгаргандардын үстүнөн кылмыш ишин козгошту.