ЭММАНУЭЛЬ ПАКЬЯО

18-ноябрда жеңил салмактагы дүйнөнүн күчтүү мушкерлеринин бири Менни Пакьяо үч салмак категориясы боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Эрик Моралес менен беттешет. Бул эки мушкердин үчүнчү ирет жолугушуусу. Жакында эле 12-августта алар Лас-Вегаста алдыдагы беттешке арнап маалымат-жыйын өткөрүп, сү­рөткө түшүштү.

Бокс үчүн үйүнөн безген өспүрүм
Мэнни Пакьяо 1978-жылдын 17-декабрында анча бай эмес филиппиндик үйбүлөдө туулган. Майк Тайсон менен Бастер Дугластын беттешүүсүн көрүп дем-күч алган Мэнни 11 жаш курагында бокс залына келген. Бирок, апасы анын бокс менен машыгуусуна каршы экендигин билдирет. Натыйжада, чоң жаңжал чыгып, 12 жашка толгон балага үйүнөн качып кетип, бир аз убакыт көчөдө жүрүүсүнө туура келет. Акыры ал көктүгүнүн арты менен апасынан бокс менен машыгууга уруксат алууга жетишет.

Алгачкы титул, алгачкы чоң жеңилүү
Боксту сүйгөндөр арасында Мэнни жалпысынан 64 беттешүү өткөрүп, анын 60ын жеңген. 16 жашка келген кезде ал алгачкы ирет профессионалдар арасында беттешүүгө чыгып, Эдмунд Игнасио аттуу боксчуну утат. Анын артынан ал дагы он жеңишке жетишип, 11-сине келгенде Мэнни биринчи жолу жеңилүүгө дуушар болот. Бирок, 17 жаштагы боксчу алдыга жылуусун токтотпой жеңишин уланта берди.
1997-жылдын июнь айында Мэнни Пакьяо тайланддык тажрыйбалуу мушкер Чокчай Чоквиватты утат. Бул жеңиш ага эң жеңил салмактагы регионалдык титулга ээ кылып, бокс уюмдарынын рейтингине кирүүсүнө өбөлгө түзгөн.
1998-жылдын декабрь айында Пакьяо ВБС версиясы боюнча чемпиондук беттешүүгө чыгып, бул титулдун ээси Чатчай Сасакулду 8-раундда нокаутка түшүрөт. Бул мезгилде Мэнни үчүн эң жеңил салмак категориясында туруу мүмкүн болбой калган. Бир ирет титулун коргоо менен ал кийинки беттешүүгө салмагын түшүрө албай калат. Медгоен Сингсурат менен болгон беттешүүгө таптакыр каалоосу жок чыгып алган Пакьяо үчүнчү раундда нокаут менен утулат.

Кандуу мушташ, кезектеги наам
Эми Пакьяо дароо эки салмак категориясына жогору көтөрүлүп, 1999-жылдын декабрында өткөн өзүнүн кийинки матчында Рейнанте Жамилини техникалык нокаут менен утат. Анын артынан келген бир топ жеңиштери менен Пакьяо белгилүү америкалык промоутер Мурад Мохаммеддин көңүлүн өзүнө бурдурууга жетишет. Мурад Пакьяо менен келишим түзүп, чемпиондук беттешүүгө алып чыгууга убада берет.
Мурад мырзанын өзүнүн убадасына турууга дагы бир окуя түрткү болду. IBF версиясы боюнча чемпион Лелохоноло Ледвабанын атаандашы беттешүүгө эки жума калганда андан баш тартып, Пакьяо анын ордуна чыгууга макул болот. Матчка даярдык көрүү мезгилинде белгилүү тренер Фредди Роуч менен иштеген Мэнни рингге мурдагыдан таптакыр айырмаланып чыгат. Ал бир кыйла жакшы техника менен ар бир мушун таамай жумшайт. Биринчи эле раундда Пакьяо 5 муштан турган комбинация менен атаандашынын эсин оодара турган соккуларды жаадырган. Бул муштардан Ледвабанын мурду сынып, бети канга боёлуп чыгат. Экинчи раундда Пакьяо Ледвабанын ээгине сол кол менен катуу уруп, аны жыга койгон. Бутуна турган чемпион оюндун жүрүшүн өз колуна алуу аракетин жасап, бирок, ойлогонун ишке ашыра албай коёт. Ошентип, күтүлбөгөн жерден чемпиондук кур үчүн беттешүүгө чыккан Мэнни Пакьяо жаңы чемпион болуп калган.

Нокауттар менен даңкка жетишүү
Чемпион болоору менен Пакьяо дароо курларды бириктирүүнү максат коюп, кийинки беттешүүсүн WBO версиясы боюнча чемпион Агапито Санческе каршы өткөрөт. Бирок, Санчес беттешүүнү башынан эле кычаштык менен өткөрүп, филиппиндик өз максатына жетпей калып, матч тең эсеп менен аяктайт.
Санчестен кийин ал эң жеңил салмактагы дүйнөнүн эки жолку чемпиону Хорхе Элисер Хулио менен беттешет. Пакьяо бул колумбиялык боксчуну мөөнөтү­нөн мурда уткан биринчи жана жалгыз мушкер болуп калды. Ал матчтын жүрүшүндө артыкчылык көрсөтүп, 2-раундда калыс беттешүүнү токтотуп койгон.
Пакьяонун кийинки беттешүүсү андан да кыска болот. Филиппиндерде өткөн беттешүүнүн биринчи раундунда эле ал IBF версиясы боюнча милдеттүү талапкер Факпракорба Стиквениманы үч ирет нокдаунга жана терең нокаутка түшүрөт. Тайланддык боксчу 20 мүнөттөн ашуун рингде ээси ооп жатып, ооруканага алып барылган.

Супержылдызга айлануу
Казакстандык Серик Ешмангбетовду бешинчи раундда техникалык нокаут менен уткандан кийин филиппиндик буга чейин утулуп көрө элек мексикалык Эммануэль Лючеродон курун коргоп калат.
Бул мезгилде Мэнни Пакьяонун промоутери мексика боксунун тирүү уламышы болгон жарым жеңил салмактагы Марко Антонио Баррера менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан. Бул матчта Пакьяо фаворит саналбаса да башынан эле мексикалыкка катуу чабуул койгон. Биринчи раундда филиппиндик үчүн нокдаунга эсептелген тайып жыгылуусу болбосо калган убагын толугу менен чабуулга арнаган. Араң эле бутунда турган Барреранын секунданттары аны нокауттан сактап калыш үчүн 11-раундда сүлгүнү рингге таштап жиберген.
Бул жеңиштен кийин Мэнни Пакьяо өз жеринде супержылдызга айланып, АКШдагы таанымал жана популярдуу боксчу болуп калат.
Кийинкисинде Мэнниге каршы жарым жеңил салмактагы WBA жана IBF версиялары боюнча чемпион Хуан-Мануэль Маркес чыгат. Экөө 2004-жылдын 8-майында беттешип, таймаш тең чыгуу менен аяктаган жана Маркес өзүнүн курларын сактап калган.

Дөө-шаалар менен болгон беттештер
Кийинки кадамы менен Пакьяо жеңил жол издебегендигин жана ал чемпиондук курунун бар же жок экендигине карабастан жалаң гана күчтүү боксчулар менен беттешүүгө умтулаарын билдирди. Мэнни дагы бир категорияга жогору көтөрүлүп, биринчи эле беттешүүдө анын атаандашы катары легендарлуу мексикалык боксчу, үч салмак категориясында чемпион болгон Эрик Моралес чыккан. Пакьяо менен Моралестин беттешүүсү 2005-жылдын март айында болуп, анда айыгышкан мушташ жү­рүп, артыкчылык биринен экинчисине өтүп турду. Натыйжада, Моралес минималдуу артыкчылык менен, башкача айтканда, 115:113 эсеби менен жеңип чыгат. Ал эми 2006-жылдын башындагы беттешүүдө Пакьяо Эрикти 10-раундда техникалык нокаут менен уткан. Эми алдыда бул эки чемпиондун үчүнчү беттешүүсү турат.

Даярдаган Медер Тентимиш уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 198, 18-24-агуст, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан