Күн сайын шаарыбыздын Совет көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен өтүп баратканда кайыр сурап турган жаш жигитти көрүп, жүрөгүм сыздай түшөт. Жигиттин тагдыры кызыктырып, жанына барып таанышып, аты Бектурсун экенин билдим. Каарманым өтө кыйналып сүйлөсө да, маектешүүдөн баш тарткан жок.
“Ата-энемди күнөөлөйм...”
– Бектурсун, бул тагдырга кантип туш болдуң же бир кокустук болду беле?
– Мен өзүм Өзгөндүн Кызыл-Дыйкан айылынан болом. 1984-жылы төрөлгөм. Үйбүлөдө 3 биртууганбыз. Артур аттуу иним жана Наргиза аттуу карындашым бар. Биртуугандарымдын ичинен мен ушинтип оорулуу болуп төрөлүп калыптырмын. Мурун “Жараткандын жазасыбы?” деп ойлочу элем. Кийин ойлосом, ата-энемдин күнөөсү экен. Атам эле ичсе бир жөн. Апам да мен боюнда экенинде аракты көп ичиптир. Апам менин оорулуу болуп төрөлгөнүмдү көрүп, чоң энеме түртө салыптыр. Байкуш чоң энем азабымды тартып, чоңойтту. Кеч да басыптырмын. Мен курдуу балдар буту-бутуна тийбей чуркап, чимирик ойноп жүрүшкөнүн көрүп жаман болчумун. Ал кезде менин мындай тагдырыма ким күнөөлүү экенин деле аңдачу эмесмин да. Ошентип, бала чактан баштап эле оор үшкүрүк менен чоңойдум. 1-класска кирип, балдар өңдүү эле окуйм го дегем. Бирок мени Жалал-Абаддагы интернатка өткөзүп салышты. 1 жыл ал жерде жашадым. Чоң энем кургурдун жүрөгү буга чыдап карап тура алган жок окшойт, мени кайра алып келип алды. Ошентип, билим алуудан да четтеп калдым. Чоң энеме колумдан келген үй оокаттарын жасап жардам берчүмүн. Майыптыктан улам бир нерсени жакшы кармай албайм. Муундарым калчылдап, колумдун эби келбейт. Муну көрүп чоң апам эч нерсе деле жасаткысы келчү эмес. Антсе да мен бекерпоздукту абдан жаман көргөндүктөн, аракет кылып, азыркыга чейин колуман келгенин жасап келем.
– Доктурлар жардам бере алышкан жокпу?
– Оорума доктурлар алсыздык кылышты. Чоң энемдин алып барбаган жери калган жок. «Мен кыйынмын» деген бакшыларга да көрсөттү. Эч кандай жылыш болгон жок. Акырында чоң энем да тагдырдын жазганына баш ийди окшойт, жөн койду. Мен да доктурларга кайрылгым келбейт. Бук болуп, башым зыңылдап ооруй баштаганда ысык көк чай ичип, өзүмдү алдайм. Буга ишенип алганмынбы, айтор, көк чай ичсем оорум басаңдап калат.
“Тырмагымды алганы үчүн акчамды уурдап...”
– Атам менен апам 1994-жылы ажырашып кетишти. Мына ошондон тарта атамдын ичкени да күчөдү. Бул жерге келип кайырчы болуу оюмда жок болчу. Бирок атамдын ичип алып эле мени сабаганы жаныма батып кетти. «Мейли, атам да» деп алгач чыдап жүрдүм. Кийин ансыз деле оорукчан жаным таякка чыдай албай калдым. Мен деле темир эмесмин да. Байкуш чоң энем чырылдап “качып кетчи, балам” деп болушат. Же мен кача алсамчы, буттарым шалактап кайда бармак элем? Ичип алса эле жинин менден чыгарчу. Атамдын ата болгонунан да кечип, “кайырчы болсом да жан багам” деген ой менен 1999-жылы март айларынын ортосунда Бишкекке качып келгем. Бул жакка келгенде жатар жерим жок эле. Алгач «Ош» базарында кечке кайыр сурап, анан түнкүсүн коробкаларды төшөнүп жатып жүрдүм. “Жазгы суук жандан өтөт” дегендей, калчылдаганыман ооруп тура албай калсам да, таң атары менен басууга аракет кылчумун. Жаан-чачын болуп калган күнү шорум шорподой эле кайначу. Астымдан өткөн суу жанымды кейитип, көзүмдүн жашы токточу эмес. Анан бир күнү Турбазага барып калдым. Ошондон баштап кичине оңоло баштадым. Күнүмдүк тапканым наныма жете баштады. Турбазадан бутума турдум десем жаңылбайм. Анан акырындап эң арзан батирге жетчүдөй акча таап калдым. Бир жолу Мунара деген айым мага боору оорудубу, «жүрү, биздикине жаша» деп калды. Аныкында жашап жүрдүм. Ага башында эле “мен бекер жашабайм, акчасын төлөйм” деп айткам. Тапканымды тамак-аштан башка эч нерсеге кетирбей, батир акчасын да топтогонго алым жетип калды. Батирден ашкан акчамды чоң энеме салып жиберейин деп чогултчумун. Муну Мунара эле билчү. Акчам 20 миңге жетип калганда таппай калдым. Менин эптеп чогулткан акчамды Мунара эле алганын билдим да, анын үйүнөн чыгып кеттим. Бирок мен ага деле таарынбайм. Балким, ал менин тырмагымды алып бергени үчүн алгандыр. Анткени мен тырмактарымды өзүм ала албайм. Бирок сураса деле бермекмин. Андан кеткенден кийин Айзада деген эженин үйүнө батирге чыктым. Эжеге абдан ыраазымын. Мен анын үйүндө батирде турсам да кийим-кечегимди жууп, тамак жасап коёт. Азыр ошол жердемин.
“Ааламда айкөл адамдар көп”
– Айына батирге канча төлөйсүң?
– 1000 сом берем.
– Мынча акчаны таппай калган күндөрүң болду беле?
– Кышында бир топ кыйналгам. Айрыкча былтыр абдан суук болду го. Суукта муундарым жакшы иштебей калат. Айла жок, өзүмдү өзүм бакпасам, анан ким карамак эле? Көпчүлүк маршрутка айдоочулар мени таанышат. Сунган колумду суутушпайт. Кээде жолубуз бир болсо, таксисттер үйгө жеткизип коюшат. Муну бир таксист көргөнбү, айтор, «сен калп эле анткорлоносуң, такси менен жүрөсүң го?» деп мени сөгүп жатпайбы. Мындайлар көп эле болот. Кээ бир кычыраган машина мингендер шылдың кылгансып, айрык акча берип кетишет. Кээ бирөө жөн кетпей сөгүп өтүшөт. Ошентсе да боорукер адамдардан куру эмеспиз. Бир жолу бирөө колума 100 доллар карматып өтүп кетти. Биринчи «тамашалап, жасалма акча берип койсо керек» деп ишенген жокмун. Кийин текшертип көрсөм, чын эле акча экен. Сүйүнгөнүмдөн өзүмө костюм сатып алдым да, калганын батирге төлөдүм. Негизи, мен спорттук кийимди жана жыртык кийим кийгенди жаман көрөм. Интеллигент адамдардай болуп жүргөндү жактырам. Маршруткага түшүп калсам, сөзсүз акчасын төлөйм. Анткени алар деле мага окшоп акча табуу максатында иштеп жатышпайбы.
– Биртуугандарың, ата-энең менен байланышып турасыңбы?
– Жыйырма төрт жылдан бери бир жолу «балам» деп койбогон апамдын мага кереги жок. «Балам» деп боор тартып койбогону аз келгенсип, биртуугандарымды да менден алыстатып, таптакыр жолоткусу келбейт. Албетте, мен биртуугандарым Артур менен Наргизаны тапкым келет. Аларды издеп телеге да кайрылгам. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Алар азыр Орусияда иштеп жүрүшкөн имиш.
– Бишкекке келгени айылга бара элексиңби?
– 2007-жылы атам кайтыш болуп кеткенде бардым. Таң кала турган нерсе, биртуугандарым келген жок. Ошондо мен апамдын таптакыр эле Артур менен Наргизаны туугандар менен катыштыргысы келбегенин сездим. Жакында айылга чоң энеме барып келейин деп жатам, абдан сагындым.
– Чоң атаң тууралуу таптакыр кеп кылган жоксуң...
– Чоң атам эрте эле кайтыш болуп кетиптир. Мен жакшы билбей калдым.
– Бул жашоодо ар бир адамдын өкүнбөгөн нерсеси болбойт эмеспи...
– Билим ала албай калганыма абдан өкүнөм. Менин бир нерсени бат үйрөнүп кетүүгө шыгым бар. Мисалы, компьютерди жакшы көрөм. Жакында интернетти колдонгонду үйрөнүп алдым. Уюлдук телефонду колдонгонду да жакшы билем. Бир жолу англис тилин үйрөнөйүн деп курска жазылганы барсам, албай коюшту. Анткени ал жерде жазыш керек экен. Мен жаза албайм да, колдорум эпке келбейт. Ошентсе да сүйлөгөндү үйрөнгөнгө аракет кылып жатам. Кээ бир сөздөрдү билип алдым. Бала чагымдан бери эле юрист болууну самачумун. Буга жете албасыма кээде көзүм жетсе да, кыялымда максат коё берем. Башында айтып кетпедимби, интеллигент болгонду жактырам деп. Ошол себептен ар дайым өзүмдү таза алып жүргөнгө аракеттенем. Менин «Бета Гурметте» досторум көп. Барып өз көзүң менен көрүп кел(маектешимдин каалоосу боюнча “Бета Гурметке” барып, ал жерден Назира аттуу кыз менен маектешип калдык).
– Назира, Бектурсунду көптөн бери билесиңби?
– 5 жыл болуп калды. Жакшы доспуз. Колдон келген жардамыбызды берип турабыз. Жакшылыгыңды унутпайт. Бир жолу майрамда гүлүн көтөрүп келиптир. Баарыбыз ушунчалык ыраазы болдук. Учурда Бектурсунга биртуугандай мамиле жасайм. Мен эле эмес, бул жерде иштегендердин баары эле ушундай мамиле кылышат.
Ушуларды сүйлөшүп тепкич менен ылдый түшүп баратсак, Бектурсун: “Мен бул жерде иштеген бир кызды жактырам, бирок сезимимди билдиргенден тартынам”, - деп кошумчалай кетти.
Кайгыга кайрымдуулук күч берип, тагдырдын татаал жолунда жашап келе жаткан бул жигитке Кудайым күч-кубат берип, биртуугандары менен табышып, мындан ары бактылуу өмүр сүрүшүн каалап кетмекчибиз.
Бахияна Сатылганова
koom@super.kg