Былтыр мурдагы жылдарга салыштырмалуу чет элдик туристтердин саны 2 миллиондон ашкан. Быйыл бул көрсөткүч 3 миллионго жетиши мүмкүн экенин Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов билдирген. Туристтердин агымы көбөйгөндө эле баалар кошо асманга кол созуп кетери айкын. Аптаптан тажап Ысык-Көлгө эс алууга барууну каалагандар үчүн төмөнкү маалымат жардамчы.
ЖОЛ КИРЕНИН БААСЫ
Бишкек-Ысык-Көл каттамы боюнча жол кире баалары (Бишкектеги Батыш автобекетинин тарифтеринин негизинде):
Балыкчыга чейин (1 адамга):
Такси – 250 сом
Кичи автобус – 150 сом
Автобус – 144 сом
Чолпон-Атага чейин (1 адамга):
Такси – 500 сом
Кичи автобус – 250 сом
Автобус – 209 сом
ЭС АЛУУ ЖАЙЛАРЫНДАГЫ КӨҢҮЛ АЧУУНУН БААЛАРЫ
Банан –150-300 сом (1 кишиге)
Скутер – 5 мүнөткө 500-700 сом
Катер – 10 мүнөткө/1 саатка 1000 сом/250 доллар
Парашют – 1000-1500 сом (1 кишиге, 1 жолку учууга)
Катамаран – 150-300 сом (саатына)
Теплоход – 200-600 сом (1 кишиге, 1 кыдырып келгенге)
Бильярд – 150-400 сом (саатына)
Сауна – 250-500 сом (саатына)
Караоке – 100-300 сом (саатына)
Мангал, казан ижарага алуу – 120-250 сом (мейманканалардан табууга болот)
Стол тенниси – 50-100 сом (саатына)
Дискотека – 200-500 сом
Бассейн жана машыгуу залы – 150-300 сом (1кишиге, саатына)
Sony Playstation – 100 сом (саатына)
Тир – 1 ок 5 сом
Велосипед – 50-100 сом
Жеке үйлөрдөгү баалар – 200-250 сом (1 кишиге)
Боз үй – 300 сомдон жогору (1 кишиге)
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg