(Башы өткөн сандарыбызда)
Күн өткөн сайын Жаныбек менен Алинанын мамилеси тереңдей берди. Бирок акыркы күндөрү Жаныбек бул мамиленин аягы жакындап калганын четин чыгара кулак кагыш кылып коёт. Негедир мындай мамилеге өзү да макул болгондой, Алина таптакыр унчукпайт. “Ортобуздагы сүйүү аз күндүк экендигин билген болсоң, эмнеге менин убактымды алып, ишенимиме кирдиң? Өчүп калган үмүтүмдү эмнеге кайра жандырдың?” деген да жок. Баарына кайыл болгондой же эч нерсени түшүнбөгөндөй, билбегендей эле болуп кутулат. Бирок Алинанын бар чындыкты билери анык эле. Себеби ал ортого киши салдырып жүрүп, Жаныбектин үйүндөгү коён жатагына чейин билип алган болчу. Ал тургай Жаннаттын жаткан палатасына чейин билчү. Мунун баары келечекте кереги тиет деген ойдо унчукпай жүргөн.
Бул күнү экөө күндөгүдөй болжошкон жерде, сүйлөшүлгөн убакта жолугушту. Адаттагыдай экөөнүн тең маанайы ачык, күлүп-жайнаган бойдон күндө тамактанчу жайга бет алышты.
– Жаныбек байке, мен мурда сүйүүдөн аябай катуу жапа чеккем. Ошондон кийин эркек аттуунун баарын жек көрүп калган болчумун. Эми, чынын айтсам, ал оюмдан кайттым. Сиздей жакшы адамдардын бар экендигине кубанып турам. Анан да жакшы адамга менин жолугуп калганым – эки эсе чоң бакыт тапканым.
– Койчу, Алина, анчалык ашырып мактаба мени. Мактанып кетишим мүмкүн.
– Сиз мактоо менен жакшы сөздүн гана теңисиз. Аны билип коюңуз.
– Менин оюмча, жакшы адам деген атка татыктуу мына сенсиң.
Мына ушинтип экөө бири-бирине жылуу сөздөрүн арнап, кечти чогуу, кызыктуу, эсте каларлык өткөрүп жатышты. Бирок экөөнүн маанайын Алинага келген телефон чалуу заматта талкалады.
– Алло, кандайсыз, жеңе? Талгат байкемдиби?! Чынын айта бериңиз, аманбы дейм?! Анан эмне болду? Канча керек экен? Мен таап берем, кам санабаңыз, байкемдин жанында болуңуз. Бирөөгө карыздансам да мен таап салып жиберем.Эртең менен акчаны колуңарга аласыңар. Байкем аман калса эле болгону,- деген бойдон телефону колунан түшүп, шалдая отуруп калды.
– Алина, эмне болду, деги тынччылыкпы?
– Москвада иштеген байкемди машина сүзүп кетиптир.
– Аман бекен?
– Аман. Бирок абалы оор экен. “Реанимацияга алып кирип кетишти” деди жеңем.
– Эми эмне кылуу керек? Мен кандай жардам көрсөтө алам?
– Билбейм. Өзүм да билбей турам. Мен азыр акча табышым керек да, эртең менен банктан салып жиберишим керек. Мен байкемден айрылып калгым келбейт.
– Канча керек экен?
– Башынан катуу жаракат алыптыр. Оор операция жасаш керек экен, анысы эле 5-6 миң доллар турат дептир. Анан калган дары-дармеги болуп жатып 10 миңдин тегереги керек окшойт. Жаныбек байке, колуңуздан келсе, мага жардам кылыңызчы? Мен кайтарып берем, бир сомуна чейин санап берем кайра. Байкем өлүп калса, мен күйүткө чыдабайм. Аны аман алып калышым керек,- деп буркурап-боздоп жиберди.
– Албетте, мен таап берем, керек болсо азыр алып келип берем. Байкеңди аман алып калабыз, ыйлаба, өзүңдү кармачы, кел, муздак суудан ууртап алчы.
– Андай болсо жүрүңүз, кеттик, эртерээк барып акчаны даярдап туралы, таң атары менен акчаны которуп жиберели. Азыр мен жеңеме айтып коюшум керек,- деп жеңесине чалып, акчаны камдап койгондугун айтып, байкесинин ал-абалын сурады.
Жаныбек Алинаны салып алып тезинен үйүнө барып акчасын алып чыкты да, толугу менен ага карматып, үйүнө жеткирип койду.
– Эртең менен мен сага телефон чалам, банкка да өзүм жеткирип коём. Азырынча тынч жата бер. Байкең жакшы болуп кетет,- деген Жаныбек кайра жолуна түштү. Алина болсо муңайыңкы жүз көрсөтүп, башын жерге салган бойдон кала берди.
Жаныбекке өзүнүн бул жүрүшү кадимки эле көрүнүш болуп калгандай. Мурдагыдай өзүн күнөөлүү сезип, үйүндөгүлөрдөн уялуу дегени калды. Күн сайын таң эрте үйдөн чыгып кетет. Кечкисин болсо түн жарымынан ооп калганда гана үйгө келет. Ошентип жүрүп жумалап балдарын көрбөй калган учурлары да болот. Бирок Жаныбектин буга капаланганы деле байкалбайт. Абалдын минтип курчуп баратканына Тумар ичинен тымызын кабатыр болуп жүрөт. Кээде туруп “мен мурункудай Жаннаттын курбусу гана болгонумда, Жаныбектин минтип жүрүшүнө жол бермек эмесмин. Баарын бетине айтып, май баскан көзүн тазалап, ачып бермекмин. Азыр кайнагам болуп калгандыгы үчүн гана унчукпай чыдап жүрөм” деп ичинен ачууланып алат.
Бүгүн да Жаныбек адатынча таң эрте туруп, кетүүгө камынып жаткан эле. Муну байкаган Тумар Жаннаттын сөзүн жеткирүү үчүн атайын туруп келип, алдыңкы кабатта күтүп турду.
– Жаннат бүгүн ооруканадан чыгат экен. Мага кечинде чалып айтты. Сизди телефонун алган жок деди. Балким, чогуу барып чыгарып келербиз?
– Жарайт, жарайт. Бирок менин иштерим кандай болор экен? Бүгүн Алматыга кетишим керек эле. Макул, чалышабыз го. Эгер мен бошобой калсам, күтпөгүлө. Улан экөөң чыгарып келе бергиле.
Тумар Жаныбектин бул сөздөрүнө таң кала делдейип туруп калды. Кабагы түшүп, ал тургай денеси дүрт эте муздап да кетти. “Эмне болуптур, ооруканадан эмнеге чыгарып жатышат, айыгып кетиптирби, оорусу катуулап баратыптырбы?” деп сурап да койгон жок. Ооруканага болсо бара элегине көп болду. Жели толуп, көзүн чындап май баскан экен да. Кудай бар, өзү таразалайт. Эмне демекмин, Самат менен Айжамалдын бактысына Жаннат аман болсун. Айыгып кетсе экен...” деген ойлор заматта мээсин аралап өттү. Аңгыча артынан Самат келип:
– Жеңе, атам кетип калдыбы?
– Ооба, кетти.
– Апамдын бүгүн үйгө чыгып келерин айттыңызбы?
– Айттым, берекеси, айттым. “Келип калам, кечиксем күтпөгүлө, кечке үйгө эрте келем”,- деди.
Жаныбек шашылган бойдон Алинасынын үйүнө жетип келди. Бирок аны батиринен таппады. Телефону да өчүрүлгөн. "Байкесин ойлоп уктай да албаса керек, бечара. Таң агарары менен көчөгө чыгып кеткен экен. Болсо-болбосо жакынкы банктардын тегерегинен табам" деп ойлоп, Жаныбек да жөө шаар аралап жөнөдү. Көпкө басты, күн көтөрүлүп, шаар күнүмкү бака-шака турмушуна өттү. Бирок бир да жерден Алинаны кезиктире алган жок. Акыры кайра шалдая Алинанын батирине келди. Дагы деле эшик бек тургандыктан, кошуналарына баш багып сурап:
"Алина курбусу менен кечээ түнү көчүп кетти. Кайда кеткенин айткан жок. "Кожоюнга берип койгула" деп батирдин ачкычын мага калтырды" деген жооп укту.
(Уландысы кийинки сандарыбызда)
Айнура Болот кызы
Жакында...
«Жолдошбек Кудайбергенов «Тагдыр оюну-2»
Үй-бүлөдөгү үч муундун тагдыры. Аларга байланышкан окуялар... Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан “Тагдыр оюну” чыгармасынын 2-бөлүгүн күтүп жаткандар үчүн бул жаңылыгыбыз жагымдуу экенине талаш жок. Бул бөлүктө каармандардын тагдыры андан ары да чиеленишип, ойго келбеген окуялар сиздерди да таң калтырат. Эгиз жигиттин экөөнүн тең жүрөгүн багынткан Бегимай тагдырынан башка өлкөгө качып кетип кутулам деп ойлогон эле. Бирок өткөнкү сүйүүсүнөн да кийинки махабаты анын өмүр жолунда оор так калтырарын билген эмес. Азирет махабаты үчүн акылга сыйбас иштерге барса да, көз алдында турган чындыкты көрө албайт. Ал Бегимайдын уулуна байланышкан сырдын бир учу өзүндө экенин байкабайт. Эки оттун ортосунда калган Бегимайдын абалы андан да оор. Азирет менен Бегимай өздөрүнүн гана сүйүүсү эле эмес, балдарынын чиеленишкен тагдырларын чечкенге мажбур болушат. Ыйлаткан, кубанткан, жүрөктү толкуткан окуялар биздин гана сериалыбызда. Өткөрүп жибербеңиз, кызыктуусу алдыда.