Бегимай 1990-жылы 21-ноябрда Каракол шаарында төрөлүп, Бишкек шаарында өскөн. Музыкадан тышкары волейбол, теннис ойногонго кызыгат. Учурда Бишкек шаарындагы №70-гимназияда окуйт.
– Бегимай, «Жазгы сүйүү» деген ырыңдын автору ким?
– Бул ырдын сөзү Нурзат Мамбеталиева деген эженики. Ал эми обону бир тууган таежем Динара Эсенгулованыкы. Негизи, мен кичинемден ырдаганды жакшы көрчүмүн. Ошол музыкага болгон шыгымды Динара эже бала кезимден эле байкаган экен. Анткени, магнитофонду коюп, андагы ырларды образга кирип алып кошо ырдачу экенмин. Бул ырды мен Динара эжемден угуп жактырып калгам. Муну байкаган таежем сахнага ырдап чыгуумду сунуш кылган. Ошентип, күтүлбөгөн жерден ырдап калгам.
– Демек, сахнага чыгып ырдап калганың бактылуу кокустук турбайбы?
– Антсе да болот. Себеби, музыканы жакшы көргөнүм менен чоң сахнага чыгып ырдап, ырчы болом деп ойлогон эмесмин. Бирок, бул апамдын тилеги болчу. Анткени, апамдын музыкалык билими бар. Мындайча айтканда, профессионалдуу музыкант. Тилекке каршы, кандайдыр бир себептер менен өз кесиби менен кеткен эмес. «Өзүм ырчы болбосом да кызым болсун» дегенби, айтор, менин келечекте эл алдына ырдап чыгуумду абдан каалачу.
– Сахна жашоосу сага жактыбы?
– Менин сахнага чыкканыма 3-4 айдай эле болду. Ошентсе да ырчылык жашоонун кыйынчылыктары жана рахаттуу жактары менен аз да болсо таанышып калдым. Эң башкысы, сахнага чыкканыңда өзүнчө бир эргүү пайда болот экен.
– Учурда популярдуу болуу үчүн эмнелер керек деп ойлойсуң?
– Биринчиден, талант. Андан кийин ырың элге жагып, хитке айланса гана популярдуулукка жете аласың.
– Келечекте ырчы болгуң келеби?
– Ырчылык – бул менин хоббим. Ал эми келечекте жогорку билим алып, дизайнер болгум келет.
– Досторуң сенин ырдап чыкканыңды кандай кабыл алышты?
– Ырым жаңы гана радиодон кете баштаганда улам бирөөсү келип же телефон чалып «Ырыңды уктум, жакшы ыр экен» деп жатышты. Азыр болсо «Дагы ыр жаздырып, клип тарттырбайсыңбы?» деп айтып калышат.
– Өчүп калам деп коркпойсуңбу?
– Коркпойм. Анткени, менде баары алдыда. Буюрса, көп эмгектенип, изденип, аракет кылсам, дагы көп нерсеге жетишем деп ойлойм.
– Катуу кыжырың келгенде эмне кыласың?
– Мен көп деле кыжырданбайм. Бир үйдүн жалгыз кызы болгондуктан, баары менин оюмдагыдай эле болот. Кээде бөлмөмө кирип пианинодо ойносом, кыжырым келгенин унутуп коём.
– Сүйүү сезимине жолуккансыңбы?
– Балалык сезимдер болгон. Бирок, чыныгы махабатка жолуга элекмин. Анан дагы сүйүү жөнүндө ойлоого мага али эртерээк болсо керек. Турмушта сүйүүгө кезигээрим шексиз.
Маектешкен Жаркынай Нусубалиева