Талас
Бакай-Ата районундагы Жалпы практикалык дарыгерлер борбору капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ишке берилди.
"Оорукананын эски имараты 1963-жылы салынган. Кийин 1986-жылы эки кабаттуу бейтапкана (поликлиника) курулган. Эски имараттын баары бузулуп, чекесинен урап, айрым бөлмөлөр иштегенге жараксыз болуп калган. Саламаттыкты сактоо министрлигинен 2 миллион cом, гранттын эсебинен 600 миң сом бөлүнүп, эски имараттарды капиталдык түрдө оңдоп-түзөп алдык",- дейт Бакай-Ата районундагы Жалпы практикалык дарыгерлер борборунун башкы врачы Манас Молдалиев. Аталган борбордо терапия, хирургия, жугуштуу ооруларды дарылоо, реанимация, дарылоо жана кеңеш берүү, төрөт бөлүмдөрү бар. Андан тышкары райондун аймагында 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмү, 9 ФАП эл кызматында.
Насипа Анарбекова